15
Биз эки күндөн кийин Сарытологойго көчүп барып, элге кошулдук. Элдин баары тоо таянып конгон...
Бир күнү Каркырадан Караколду карай өтүп барат-кан он бештей казак орус ушунда тие кетип, маңдайда атыш болду. Буга мергенчилерин алдыга салып, эркек аттуунун баары кеткен. Күн бешим болучу. Атылган мылтык үндөрү сайдагы айылга жазбай угулуп турат.
Ушунун кечинде:
— Жапа баласы менен окко учту,— деген кабар угулду.
Бу жолу кыргызда булкунган катуу күч — калың букара-кедей, батрак, орто чарбалар болуп, көтөрүлүш-түн тизгинин баштаган да ушулар эле. Бий, болуш, манаптар өңдөнгөн кыргыздын эл билермандары болсо, ушул окуя башталгандан тартып, бир бет алып кете ал-бай, эки ортодо жалтактап калып, аягында калың букаранын күчүнө көзү жеткен соң, көпчүлүккө эрксиз баш ийип, элдин кур шарданында гана жүрүп калган эле. Ошондуктан булардын көпчүлүккө кошулуп, согушка кириши — чын дили менен кириши эмес, анчейин гана калың элге кадырымды сактап калайын деген ой менен, жүзүн саткандык болуп көрүндү.
Элде тынчтык жок. Күндө бир жерге которулуп конобуз. Түн болсо эркек аттуунун баары айбалта, найзаларын кармап, бир жакты көздөй тартып беришет.
Бир күнү Бейшемби:
— Жоодон мал алып жаткандар көп болду... Мен эчтемеге тийгеним жок,— деп келди. Аныкын туура көрүп, Бурмаке:
— Албаганың жакшы, балакетиңди алайын! Бирөөнүкүнө кара санап кереги жок. Замандын түрү минтип турганда, кишиники эмес, өзүбүздүкү буюрарын кудай билет,— дейт.
Болуп жаткан окуялар тууралуу элде кулак элүү:
— Байсоорунду алып коюптур дейт.
— Саяк көтөрүлүп, бери карай көчүп калыптыр.
— Арык тукуму беш жүздөй кол курап, Караколго кириптир...
— Сарыбагыш эли кол курап, «урушабыз, качпасын» деп элди токтотуп жатат дейт.
— Саруу, Желдең, Кызыл сууга кирип, бир топ кыргын болуптур.
— Замандын шыйкы жаман. Элдин кача турган түрү бар.
— Кыргыз жеңилип калыптыр...
Ушундай алып качты сөздөр саат сайын, мүнөт сайын жаңылап угулуп жаткандай болот. Эл кимисине ишенерин билбейт. Ушунун артынан дагы бир күнү — «Пишпек менен Караколдун ортосундагы зым карагайларды жыгып, көпүрөлөргө өрт коюптур...» деген кабар угулду.
Арадан бир кыйла замандар өттү. Элдин түрү баштагыдай эмес, үй буюмдарын жеңилдетип, алганын алып, таштаганын таштап, камынып калган. Кээ бирөө дүнүйөсүн талаага таштап кетүүдөн кыйбай, салыкка салып жатып:
— Эми бул дүнүйө кимге буюрар дейсиң,— деп коёт.
— Залим падышанын кылганы!
Ушинтип эл ары-бери толкуп туруп күндөрдүн бирин-де четинен бузулуп-жарылып, көчүп да калды. Көчкөндө бүтүн эл түбүнөн көтөрүлө катуу толкугандай, жер бети шыкай толуп, камалышып, айдаган малдай каптап, эгин-тегин дебей тепсеп, кытайды карай бет алып, агып алып бир жөнөп берди дейсиң — «кудай», тирүү пендесине бербесин!.. Кээ бирөө жолду катар кетип баратып, ар кай жердеги бирин-серин байлардын зайымкелерине, бал челектерине, үйлөрүнө, эгин, чөптөрүнө чаап барып, от коюп, жалын асманга зуулап, чатырап күйүп, жердин бетин жоо тийгендей кылып, сыйпады да кетти. Ушулардын катары менен Башарин, Василий, Метрейдин үй-жайларынан, бал челектеринен, үйүп койгон сары кыр чөптөрүнөн ыпын неме калбай күйүп, малдары жоонун алдына түшүп, Кызыл-Кыянын бети бүгүн жылас болду. Эл кумурскадай аралашып, чуркурап, ата-баладан адашып, ар бир уруу журт өзүнчө белги кылып, желегин асманга көтөрүп алды. Орулбаган эгиндер, чөптөр, ак сарай үйлөр күйүп, түтөп артта кала берди...
Мен Жолбун деген байдын тору тайын жайдак минип, коюн айдашып алгам. Башариндин кызыл бээсине сылай жүк жүктөп, анын үстүнө Беккул менен Эшпайды мингизип алдык. Бурмаке да бир бээге минип, эки баланы учкаштырып алган. Айтор, ушундай болуп жүк жүктөгөн унааларга экиден, үчтөн бөлүп учкашып чиркешип элден калбай эптеп, биз да жүрүп келебиз...
Эки күн дегенде Каркыранын башына келип түштүк. Бул жердеги Албан казагы алда качан жөңкүлүптүр. Шашканынан: ар кайсы журттарда чечилбеген үйлөр, казан-аяктар жатат. Ээсинен адашып калган иттер жүрөт. Деги дүнүйөгө кайрылган жан жок, эл өзөндөй агып, чыгышты карай кете берди.
Эми жолдогу бар жорукту терип кереги эмне, көчүп жүрүп отуруп, Каркыра, Туз, Капкак, Текес, Нарынкол деген жерлерди басып, кытай чек арасына да келип жеттик. Ушул кезде арттан сүрө түшкөн аскерлер да жакын калган. Мындан бир-эки күн мурун:
Кыргыздын бешиктеги баласынан өйдө дымын чыгарбай кырсын,— деп түркестан губернатору беш жүз солдат жибериптир,— деген каңшаар угулган. Көкүрөк элинен кийин, төмөнтөн көтөрүлгөн саяктар жүрүп отуруп Корумду, Чоң-Ташка келгенде артынан аскерлер кууп жетип капчыгайга камап алып элди кекилик уулагандай кылыптыр Ата-энесинин көзүнчө кыздарын зордуктаптыр. Бул кабар да жеткен. Балким ошолорбу, ким билсин!
Ушундай бирдеменин шек-шыбаасын билгендей, бүгүн элдин түрү да башкача болуп, көчтү таң заары менен жүктөгөн.- Шашке кез болучу.
Күн сурданып тумандап, чыкыроон тартып турган. Мелтиреген талааны каптаган көч кытайдын жерине өтө албай ары-бери толкуп, ийрилип турат...
Так ушул убакта арт жактан удаасы менен эки жолу күрсүлдөп замбирек атылды. Кай жерден атып жатканы маалым эмес. Баятан араң турган эл муну көргөн соң илгери карай дыр коюп жөнөй берди эле, чек арада турган кытай черүүлөрү (аскерлери) алдынан тарсылдатып аткылап дүркүрөгөн калың элди кайра жапырып таштады. Койлор мылтык үнүнөн чочуп, дыркырап кайра ачты. Эл кызарган өрттөй эки жоонун ортосунда калды! Калың көч уюлгуй түшүп, бир аз кидирип туруп булкунду эле, черүүлөр дагы жаңкыдаи жооп аларды. Тарсылдаган мылтык сүрүнө чыдай албай толкуган көч кайра жапырылды... Ошентип, бирде илгери карай каптап, бирде кайра тартып, уюлгуп, калый элдин тагдыры бир ууч болуп, акыр заман айланып турду.
Акебай эй! Мына мындан кыргын табат экенбиз дейт берегинде суру кетип турган бирөө.
Кетип калды!..— дешет.
Замбирек күрсүлдөп жана бир эки жолу атылды. Жаңкыдан жакын. Эл чуркурай түштү!..
Ошол кезде баятан бирөөнүн чегине батпай толкуп, тирешип турган калың журт «эми өлсөк да сенден өлөлү, сен өлтүр!» деп башын өлүмгө байлап, бардык күчүн жыйып бир таштагандай, черүүлөрдүн тарсылдатып, ок жаадырганына карабай калың көч, дүркүрөп каптап алып жүрүп берди. Ошол замат ээн жерде койго тийген ач бөрүдөй эми калмактар да чын оюнду баштады. Туш-туштан тарсылдатып аткылап, элдин үрөйүн алып, үйүрдүү малды үйүрү менен, жүктүү малды жүгү менен четинен тизип алып жөнөдү. Бара-бара тандап, малга, дүнүйөгө тойгондон кийин, көчтү аралап, сулуу кыздарды, келиндерди коштой качып кетип жатты. Муну көргөндөн кийин кыздарын жаман кийинтип, түрүн бузуп алгандар да болду.
Эл кара талашып алактап кетип баратып, бир кезде Музарттын күркүрөгөн, тайгак суусуна көч-мөчү менен, бешиктүү катын бешиги менен камалыша чуркурап барып, чогуу бойдон бир күрүлдөп кирди дейсиң — эми мындагы кыргынды сураба! Чуркураган сансыз үндөр адамдыкы экенин, айбандыкы экенин айрып болбойт. Бир жерде жүктүү мал агып бараткан, бир жерде элечеги чубалып, бешиктүү катын агып келе жаткан, бир жер-де өлүп, суунун четине тырайып чыгып калган, бир жерде көмөлөнүп сууга кетип бараткан баласына чыркырап түшө калып жаткан, бир жерде селейген өлүгүнүн жанында боздоп турган... Эми кайсы бирин айталы! Кимди-ким билген заман. Өмүрдө түгөткүс бир жомок болуп жатты...
Мына мында адамдык ажарынан кетип турган бир катын безеленип, жүгүрүп келип:
— Кагылайын журт, жалгыз калып барам! — деп жоон топ көчкө жетип барды эле, эч ким кулак салбаган соң, сууга кирип бараткан бир жүгү бар өгүзгө барып жармаша кетти.
Мен Жолбундун коюн айдашып кийин калгамын. Өзүбүздүн көч кайда кеткенин билбеймин. Эл түгөл Музартты кечип, ары өйүзүнө чыкканда түн кирди. Эртеден кирген черүүлөр, калмактар али тынчытпай, элдин заманасын кууруп, таң аткыча тынчытпай жылкы тийип, жогору айдап барып, бир караңгы сайларга жыйнап жатты. Коктулар малга шыкай толуп, тетиги күңүрттөгөн караңгы терең сайларда үйүрүн издеп, чур-кураган жылкылардын үнү түштөгүдөй создугуп угулуп турду-
— «Кызасыз кыямат жок» деген ушул. Илгери кыргыз да калмакты ушундай кылып бир чаап алганда «мунун эсеси кырк жылда кайтарылат» деп калган экен. Ошого быйыл кырк жыл...— деп бир кур карыялар кетип баратып, өзүнчө кобурап коёт.
— Дүнүйөгө көз тойбогон ач көз байлар, демейде кедейге бир тайдын күчүн берчү эмес эле, эми кантип жаны калып жатат экен?! — деп коюшат дагы бир катындар.
Эл Музарттан өтүп, жүрүп отуруп бир мейкин талаага келип токтоду. Бул убакта түн жарымы болуп калган. Аттын үстүндө башы шылкылдап бараткандар да мындан көп. Бакка жаңыдан учуп келип, жайланып жаткан таранчыдай, жандын баары кожурап, жүгүн түшүрүп, уук, керегелерин бузуп жагып, дароо казан асып жиберишти. Эл эки, үч күндөн бери казан асканы ушулдур! Көчтүн баш-аягына көз жетип болбойт.
Ошентип, эл бир аз тынчып баратты эле, бир кезде күтпөгөн жерден бир топ мылтык атылып калды. Баягы-дан бетер эл дагы чакчелекей түштү! Караңгыда эчтеме көрүнбөйт. Жандын үрөйүн алып, тарсылдатып, кирип келе жаткан черүүлөр экенин, же кууп келе жаткан ас-кер жетип калганын билип болбойт. Айтор эмнеси болсо да жандын баары чочуп, бүлүнүп, жаңы түшүрүп отурган жүктөрүн ашыгып кайра жүктөй баштады. Шашкан бойдон коломтодо жалбырттаган оттор жанган бойдон, асылуу казандар асылган бойдон жайнап кала берди. Бирине кайрылган жан жок.
Тарса-тур жаңкыдан күчөп кирип келди. Калың жоонун кучагына түшүп, кырылып бараткандай чуркураган эсепсиз үндөр эмне экенин адам түшүнбөй калды...
