16
Көп болду. Кыш түшүп калган. Эл катуу кысылды. Малдын баары качып келе жатып жолдо бүттү. Падыша солдаттарынан кийин Кытай Калмактын куралдуу черүүлөрү чек арадан кезигип, эң акыркы малдарын ажыратып калды. Ак кардуу бийик ашууларда, күнсүз капчыгайларда калды. Кыямат кайым төрт жактан кысып, ач-арыктар чындап кысыла баштады. Бир табак данга катын-балдарын сатты. Ачарчылык залдарынан элди келте оорусу каптап, тунжурап, четинен кырыла баштады. Ата-баладан, бала энеден ажырады. Баягы баш аягына көз жетпеген сансыз көчтүн эми дайыны да жок. Кытай жерине келгенде чилдей тарады. Алды Үрүмчү, Жылдыз, Күчөргө чейин кетип, арты Чолок-Терек, Көк-Терек, Кулжа, Текестерде калды. Ошентип кыш-күрөө кирип келгендиктен, ар ким өз башын арачалап, куу жанды куткарар бир тешик издеп, алда качан сызган.
Мына, берегинде көптөн адашкан жетим козудай сербейип, өмүрдө укпаган Көк-Теректи көздөй бет түзөп, көк жылгаяк муз басып, мынабу сур булут минип турган бийикте, жалгыз көч менен сандалып, биз да кетип барабыз. Бурмаке бөкчөңдөп, күчү жок бутун араң шилтеп, тайгактан тая-тая кетип баратып, кыямат кайым эми орногондой кезек-кезек бирдемелерди кобурап коёт.
— Кудай ай! Ак кар, көк музда чиедей жаш балдар менен эми кандай көргө алып барып тыгаар экенсиң! Кыш-күрөө бул...
Эзели кар өксүбөгөн бийик ашуу чаңыттап, аязы зыркырап күчөп алды. Калың бубак турган талдын баштары сынып кетчүдөй болуп ийилип турат. Бул чөйрөдө бизден башка мыдыр эткен жан жок. Батыш жакта гана бир тоонун арасынан үй өңдөнгөн бир-эки кара көрүнөт. Алыс. Мындан башка дүйнөдө тырс эткен неме көзгө илинбейт.
Элебес кызыл бээни жетелеп баратып, чыгыш жакты шыкырайып бир карап алды да:
— Бороон болбогой эле! — деди.
— Кудай, айланайын, жамандыгыңа ала көрбө! — дейт Бурмаке.
Агыяздан чыккандан кийин үч күндө Көк-Терекке жеттик. Эки тоонун арасында, сайдын боюндагы жети-сегиз түтүн Кызайдын айлына кеч курун суукта келип, жүк түшүрүп жатсак айылдын катын балдары бизге таңыркагандай жабалактап чыгып, карап турушту. Дөөлөт-бак деген Кызайдын жанына түшүп, көлдөн ала чыккан бир аз ууктарды жерге сайып жиберип, алачык жасап алдык. «Кудай кылса кубарыңдын акысы барбы» деген-дей каптаган он үч бүлөнүн токумдай алачыкка сыйба-сына ылаажы барбы! Башка түшсө ким көтөрбөйт. Ушул алачыктын ирегесине чейин шыкай камалып, айбандан айырмасы жок, болумсуз өмүр өткөрүп, биз да кыштан чыктык го!
Көп өтпөй бу жердиктер менен үйүр алышып кеттик. Мурун «Кызай» десе «кандай эл болду» деп таңыркаар элек. Эми көрсөк адаты, тили, турмуш салты — казактан айырмасы жок.
Бу жердиктер бирин-эки субай салтаңынан башка малынын көбүн Боз адыр деген жерге кыштатып, колунда калган малдарына тоодон чокулап, чөп чаап алышат экен. Тоолору бийик. Ошондуктан кышында чөптү сырганактап ташыйт экен.
Сырганактагандын адиси мындай болот: ары жаткан чөптү колтырмоочтоп, көтөрүп келет да чыңк ылдыйга келгенде чанага отуруп муз тепкен балдардай бийиктин башынан чөмөбү менен өзүн коё берет. Ошондон зуулдап отуруп, сайга барып бир түшөт. Сайдан көтөрүп алып дагы жогору чыгат.
«Сырганактап» деп ушуну айтат экен. Ушул зоолордон чөп ташып жүрүп, мен да далай сырганак көрдүм.
Бир күнү Дөөлөтбактын баласы — Нуржан экөөбүз келдик. Мындан мурун сырганак көрө элекмин. Үймөк карагайдын арасында экен. Чактап таң десем болбой жатып, мага чоң көтөртүп коюп, бийиктин башына араң жеттим. Сыргалай турган жерге келгенде Нуржан мени алдыга салмак болду. Буга мен салгандан көнө койбой:
— Мунуңду билбеймин, абалы өзүң жүр,— дедим. Ал чөбүн жерге коюп, менин жаныма басып келди
да тааныбай жаткан кишидей эңкейип, бетиме карап туруп:
— Ой! Өлсөң кунуңду берейин. Жүр, түш алдыга!— деди. Бул сүйлөгөн сайын карагайдын арасы тилин туурагандай чаңкылдап, тең унчугуп турду.
Бул алдыга түшкөндөн эмне тартынат деп ойлоп, мен кол тырмоочумду мыктап, жиптин учун бышыктап кармап алдым да чөпмөбүм менен бийиктен өзүмдү коё бердим. Зыркырап кетип баратып, бир кезде көчүгүмдөн сыз өтүп кеткен соң, сунуп жиберген бутумду бүгүп алайын десем, учу кайрылып калып күүлөнгөн бойдон барып оңкомон түштүм. Андан оңоло бергенче болбой, артымдан зуулдап келе жаткан Нуржан коюп өтүп, эки-үч ала салып кеттим.
-----------------------------
Бир күнү Бейшемби мага бир кат алып келип окутту. Ошол күнү бир жакка барып келген. Катты мен окуй электен мурун анын маанисин ал Элебеске түшүндүрүп:
— Арыз. Эртең ушуну Кулжага берип жиберебиз,— деди. Кат үч барак кагазга жазылып, бир бетине жалаң кол коюлган. Бери болгондо эки жүз адамдын колу бар. Печет басылыптыр. Аягына коюлган колдорун киши тааный турган эмес. Каттын өзүн да кыйналып жатып араң аягына чыктым. Кээ бир ариптерин ажырата албай, бир сөзгө көпкө токтой берип, сөздүн маанисин кемитип алып «ошол жерин кайра окучу» дегизип отурдум.
Кат мындай жазылган.
«Орусиянын Кулжадагы Консулунун атына, Пржеваль үйөзүнүн кыргыздарынын суранычы.
Биз Пржеваль үйөзүнө караган Куртка мерген, Күңгөй, Ак-Суу, Түп, Күрмөнтү, Кең-Суу, Түргөн, Бирназар, Сөгөттү болуп баары сегиз болуш элинин кыргыздары 4595 түтүн эл кытай жерине келдик. Келгендердин көбү Кара Букара кедейлер. Жетим-жесирлер. Суранаарыбыз төмөнкүдөй: падыша өкмөтү биздин жерибизди, суубузду тартып алып, өзүбүздү тоого-ташка кууп чыкты. Бирок ошол карагайлуу тоолор да бизге тийбей, кийин казыналык болду. Отурган үйдүн орду, малдын жайыты акылуу болду. Ошентип талаа мужуктарга, тоо — казынага өтүп, биз күн көрүштөн калдык. Жадаганда от жагуу да кыйын болду. Бир түп карагайдын баасы он эсе кымбаттап, уч сомдон он беш сомго жетти. Белетти бир жыл-да эки жолу ал деп күчтөдү. Кедейлер муну кылууга колунан келе албады. Эгер бир түп карагай кыйсак, карагай башы он түп карагайга пиртөкөл жасады. Ар бир болуш жылына бир нече миң сом штраф төлөп отурду. Ошондо да колунда барлар төлөп, эчтемеси жок кедейлер түрмөгө камалды. Урушка жардам бер деп буйрук этти, биз буга беш жолу жардам бердик. Үй ичибиздеги кийим ,кечек, жипшуубуздан өөдө бердик. Тигип отурган үйүбүздү алды. Жылына бере турган эки налогдон башка түтүн башына дагы беш сомдон салык салып отурду. Гүбурнатордун буйругу боюнча бизге апийим айдатып, бир кадак апийимге он эки сомдон такси койду. Эгер муну башка жакка сатсак, төрт айдан түрмө кесип же болбосо беш жүз сомдон штраф салды. Мындан биз зыяндан башканы көргөнүбүз жок. Эң аягында келип, өзүнүн убадасын унутуп, он тогуздан отуз бир жашка чейин урушка барып, ор казууга киши бересиң деп буйрук чыгарды. Эл муну көргөндөн кийин солдатка алат экен деп түшүндү. Бу да биздин мойнубузга түштү. Кыргыздын эл билермандары өзүлөрүнүн балдарын, тукум журттарын спискеге кийирген жок. Байлар болсо сатып алып калды. Биздин он жети жаштагыбызды он тогуз кылып, кырктагыны отуз кылып каттап берди. Биз буга нааразылыгыбызды билдирсек, четинен түрмөгө камады. Анда жаткандарды атып, аса баштады. Түрмөдөн жаралуу болуп качып келгендер кабарды жаман деп угузду, ал атып өлтүрүп жатат деди. Мына ушундай катуу кабарларды уккандан кийин бизден тукум койбойт экен деп чочуп, кытай жерине карай тартып бердик. Жолдо катар кезиккен паселкөлөр бизди тосуп туруп, мылтыктын алдына алды. Арттан аскер түшүп, бизди койдой кырды. Мал жаныбыздын көбү Текестин оюнда Музарттын суусунда калды. Кытайдын черүүлөрү бизди чек арадан камап, эң акыркы калган мал-мүлкүбүздү тартып алды. Азыр биздин үй-жайыбыз, тамак-ашыбыз жок, бир татым тузубуз жок, кыш-күрөө болсо кирип келди. Ачарыкпыз. Абалыбыз кыйынга түштү. Ошондуктан биздин көз жашыбызды көлдөтүп сураган арыз-арманыбызды, ыракым этип, биздин башчыбызга жиберүүңүздү сурайбыз. Бечара карыптарга көрсөтө турган жардамыңыздар болбос бекен? Колубузду коюп, печет бастык».
Каттын сөзү ушул. Мунун натыйжасын бир айдан кийин уктук. Консулдан ракым болбоптур.
