13
Бир күнү түшкө жакын апийимден келип, үйдүн жанында арыкка колумду жууп отуруп Байболотту көрдүм. Алдында миңгени өзүнүн эзелки кашка айгыры. Бир жасоол айдап алыптыр. Экөө тең Ыбыкенин ак үйүнө келип түштү. Мында бир топтон бери пристав жаткан. Чоңкол да ушул чөйрөдө болчу. Пристав баягыда Карпыктын үйүнүн жанындагы топтун ичинен мен көргөн ачулуу пристав. Кыргыздын жайын жакшылап жаттаган!
Байболот атынан түшүп, үйгө киргиче мен аңырайып карап калдым да, кирип кеткенден кийин ошондо жүгүрүп бардым. Эштиктен кире берген жерден, төрдө, столдун үстүндө мурутун чычайтып сурданып бир кагазды тикийип тиктеп олтурган приставды көрдүм. Чоңкол жок экен. Приставдын алдында, жерде, улуктун урматына кулдук кылып, жүгүнүп отурган кишилердей старчын, элүүбашы сыяктуу бир тобу отурат. Карабай бар. Мен кирип барганда бирөө:
- Жүр ары! - деди эле, чегинип барып, эшиктиг алдына туруп калдым. Приставдын оң кол жагында, столдо элден өзүнүн бөтөнчөлүгүн көрсөтүп тургандай, чалкадай тартып, чиренип Ыбыке олтурат. Байболот кирип барганда, бул мурутунан күлүп приставка карай:
- Таксыр, баягы тентегиңиз ушул,- деди.
Улук жалт карап алып, алдындагы кагазча сүйрөңдөтүп бирдемени жазып коюп, анан:
- Сен, доңуздун баласы, элди эмне бүлдүрүп жүрөсүң? Айтчы кана!- деп оң колу менен столду таяна түшүп адырая калды. Байболот жаман шапалагын бүктөй кармаган бойдон боюн токтотуп, шашпай гана жай дабыш менен:
- Мен жазыктуу болсом, айбымды тартайын. Абалы күнөө кимде, ошону акыйкаттагыла!.- деди.
Пристав бирдеме дегени камданып келе жатканда, Ыбыке:
- Старчындарды сабап, сприсканы тартып алганыңды эмне дейсиң? - дей бергенде, Байболот жулуп алгандай:
- Тартып алганым ырас. Буга бизден бөлөк элдин түгү коробойт экен. Солдатка кетсек, бир көрөт экенбиз. Эгер силер элдин чын камкору болсонор, калыстыгыңар кайда? Ошол сприскада байлардын, жакшылардын балдарынан кирген бирөө барбы? Анысы аз келгенсип, макул болду деп биздин сыртыбыздан пристав жазып, 17ни 19 кылып, 40ты 30 кылып каттап берип отурасыңар. Байлар болсо, балдарын сатып калат экен, алардын ордуна түгү жок томаяктар биз кетет экенбиз. Эми кайда силердин калыстыгыңар, - деп суук жүзү менен Ыбыкеден көзүн алып приставка карады. Пристав далилдешип, чындыкка келүүнүн ордуна түгүн сыртына жыйнап ачууланып, тактайды муштагылап:
- Ит, чочко! Көрсөтөмүн сага! - деген сыяктуулар менен далилсиз сөгүп, кур опузалап олтурду.
- Падышанын адил жардыгына каршы болгон ит, сени мен азыр эмне кылып жиберейин? - деди бир кезде.
Байболот жашыган жок. Кайта "эми тартынсам да, тартынбасам да баары био" деген немедей, кайратына келип, чыйралып, приставдын көзүнө тике карап, өзүнүн түсүн эркин бийлеп алып туруп, эми чындап жооп берди:
- Падышам адил дейсиң. Жерибизди одойлоп, бизди сураганына мына быйыл элүү жылдан ашкан экен. Ошондон бери биз эмнени көрбөдүк? Адеп келе сала жер-суубузду тартып алды. Анысына да көндүк. Ордубузду бошотуп, өзүбүз мындай чыга бердик. Көрө турган күн, иче турган суубуздан ажырадык. Биз бир ьеше жерге жетпей жүрсөк бай мужуктар түтүнгө 40-50 тешеден жер ээлеп жатты. Жерибизди сугарууга суу да тийбеди. Жадаганда, ак кардуу мөңгүнүн арасын ыраа көрбөй казыналык деп алып коюп, туяк кат алды. Бирде жарым малыбызды да кеңири откозо албадык. Отунга барсак карагай башы кармап алып, өзүбүздү уруп, аркан-жибибизди тартып алып, протокол кылып, айдап жиберет. Ырамат, налогдон көз ачырбай отуруп, бизди түгөл итке минген томаяк кылды. Ырамат, чыгым үчүн жалгыз уюбуздан өйдө саттык. Барга бардай, жокко жоктой түшпөдү. Жалгыз уйлуу жардылар да налогду тарттык. Улуктардын ары-берт жүргөн чыгымы да биздин мойнубузда болду. Аны мөөнөтүнөн таппай калсак түрмөгө камады. Ушулар аз келгенсип, акырында келип бизден солдат алам дейт. Бу кайда эми падышаңдын адилеттиги? Бизге кайсы көрсөтүп койгон сыйына ошентет? Падыша өкмөтүнүн кылганы аз келгенсип бий, болуш, старчындар бир жактан чыгып, ээн жерде камаган карышкыр тобундай кара букараны эки жактан ортого алып, соруп отурса бу биздин күнүбүз эмне болот? Качанка чыдайбыз? Канткенде күн көрөбүз?
Бул жерге келгенде приставдын сөзгө жыгылып калган белгиси сезилип калса да, "бул иттерге сыр алдырбай катуу туруш керек" дегендей болуп ачууланып, түксүйүп бардык күчүн сыртына жыйып турду.
- Эмесе сенин оюңча падышанын кылган иши терс экен го? Мындагы улуктар сага!.. - деди пристав, чычайган мурутун оң колу менен жанып калып:
- Улуттун адилеттиги ошобу? "Орус, кыргыз" деп, бирине бирдин-кырды бычак, жоо кылып коюп, тамашасын карап отурат. Пасёлкөнүн жоон муштумдары бирдеме дей электе келип ооз ачырбай баса калат. Эгип койгон эгинибизди тартып алат, чөбүбүздү чаап алат. Кокус бир малыбыз жерине түшсө бүтпөгөн доого калабыз. Жолдон малдын басып кеткен туягына бир кара төлөйбүз. Сотко кетебиз. Жолдон мал өтсө кармап алат. Ушуну кылып отурган улуктарыбыздын салыгын биз алардан артык тарпасак, кем тартпайбыз. Акыр аягында уруштагы солдатка керек деп, үй ичибиздеги буюмга налог салды. Аркан-жибибизди, алдыга салынган кийизибизди алды. Жадаса бутубузда кийип турган байпагыбыздан өйдө чечип бердик. Силер элдин камында жүргөн улук болсоңор ушуларга эмне адилеттик кылбайсынар?
"Муну менен сөз жарыштырып, убакыт өткөрүүнүн кереги жок" дегендей пристав, көзү тасырая түшүп:
- Бас үнүңдү! - деп сөзүн бүтүртпөй муштуму менен столду коюп калып ызырынып, Байболотко жакын басып барды да, кайтып, оң жагында турган погону бар жигитине:
- Айдап барып кама итти! - деп буйрук берип калды. Байболот анын алдына түшүп кетип баратканда оюна жаңы бирдеме түшө калгандай аны кайра чакырып, токтотуп туруп пристав:
- Сенин бабаңды таанытам мен азыр! "Солдатка барбайбыз деп айткыла" деп, элди азгырган сөз тартканыңды билесиңби? - деди кабагын түйүп туруп.
- Эл өзү билет. Бирок элдин баары көнүп отурган жери жок. Айтканыбыз айткан. Мурун айтылган сөздүн бир оозун кайтып албайбыз. Биз эми чыдагандан... - деп барып ачуусу менен сөзүнүн аягын бүтпөй токтоду Байболот.
Пристав бардык үнү менен:
- Айдап кет итти! - деп барк этти да, аны айдап жолго түшкөн соң артынан ачууланып, кекетип калды.
Ушундан он чакты күн мага бирөө бир кат окутту. Кат Байболоттон экен. Сөздү бирден эжелеп, көзүмдү үйрөтүп карап, анан окубасам кандай кат болсо да салган жерден шар кете албаймын. Менин багыма мына бу кат көп молдолордукундай табышмак эмес, колу жаман болсо да даана жазылган кат экен. Эң мурун ичимден бир сыйра окуп чыктым. Кат мындай:
"Мен түрмөдө жатам. Арыз-арманымды угар эч ким жок. Кыргызды бу жерде жан ордуна да санабайт. Погону жаркылдаган полициялар бизди кеңсалардын ченине жолотпойт. Улуктарга жибербейт. Кыргыздын жакшылары болсо бий, болуш талашуудан, бирөөнү жакыны кылып жанына алып, бирөөнү кырына алып кырсыгын тийгизип пара жеп, кулкунун майлоодон бошобойт. Журтту кан какшатып ыйлатып, пара жеген киши эң мыкты. Адам болот деп үмүт эткендер ушулар. Анте албагандар жарамсыз, колунан түк келбейт!.. Мына "мыктылар!" Жер-суу болсо жылдан-жылга колдон кетип отуруп бүтүп барат. Аларлын оюна бул кирип да чыкпайт. Ач-арыктын абалына кароо, арыз-муңуна кулак салуу, жердин камын ойлоо, элдин тагдырына карашуу дегендерди булар ойлоп да койбойт. Алардын бар максаты: жаат түзүп шайлоого талашуу, даражага жетүү, элге чыгым салып жоболоңун тийгизүү, кедейлердин 20 коюп ашырын жүз кылып, байдын миң коюн кемитип эким жүз кылып каттатып алардан жем түшүрүү, өчүккөнүн жасоолдорго, полицияларга сабатып, ыза көрсөтүү, жүрөгүн алуу, алсыздарды ыйлатуу, улуктарга, сотторго жагынуу, парага семирүү, өз кулкундарын тойгузуу - алардын бар ою ушул. Эми кызылкулартарды, соодагерлерди ал. Кедейлерди бир жагынан жокчулукка учуратып, түгөтүп бараткандар ушулар эмеспи? Жайында бир сом берсе, күзүндө бир кой кылып алат. Бир маасылык тери берсе уй алат... Пара деген кыргыздын сөөгүнө жедеп сиңген. Парасыз кылдай иш бүтүрө албайсын. Судьяга бир арыз айтыш үчүн томаяктар жалгыз уюн сатат. Жакында Сатаркул үй-бүлөсү менен чубап арыз берем деп Караколго келиптир. Көрүнүп турат: эч кимден кайыр жок..."
