12
Сарытологой деген жер ушул.
Бүгүн күн мындай жакшы тиерби! Ысыкта жоон топ киши береги бир уч-кыйыры жок түздө суу бойлоп айдалган апийимди кесип жүрөбүз. Керилген беш-алты теше. Муну Солто, Караколдо бир Абдылда деген чоң соодагер татары менен ортоктошуп айдаган. Абдылда Солтонун көптөн алынышып алган адамы.
Апийим тилими кызыган кез. Не бир сулуу гүлдөр жерди саймалап, көзгө чагылышып, апийим жыты бур-курап турат. Береги биздин маңдайыбызда калың апийимде жүргөн үч дуңгандын бири, Бежинден чыкканы, кырк жылдан бери жаңы эсине түшүп тургандай кишинин жүрөгүн куйкалаган бир түрдүү муңдуу, каралуу, обон салып узакка созуп, ысык күндү калтыратып барып коё коёт. Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом.
Биздин келгенибизге бир топ болуп калган. Апийим тилишке жаңы келгенге караганда, үйрөнүп калдык. Адеп келгенде апийимдин же кардын чыгары тилип, же мөлчөрүнө жеткирбей кыртышын гана чийип кетип жүрдүк. Мындай болгондо апийимден жарытып сүт чыкпай сызылган гана кара так болуп калат. Эми чөгөрө тилип койсо карды жарылып, экинчиси сүт чыкпай (чыкса да жарытпай) өлүп калат. Ошондуктан терең да, тайыз да эмес өзүнүн мөлчөрү менен тилиш керек. Көнүп алган адам кандай ыпылдатып ылдам тилсе да апийимге зыян келтирбейт. Бирок кожоюндарыбыз бизди урушуп, тил-деп жүрүп үйрөтүп салган. Тилгенди, кырганды билип калганбыз. Кыдырма, Беккул, мен үчөөбүз, көбүнесе боюбуз жетпей апийимдин башын төмөн ийип келип, анан кесебиз. Ошентип жүрүп кай бирин сындырып коюп, далай тил укканбыз да.
Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет. Көчкүн болсо куркуйган узун бойлуу, балчайган сары неме. Иттин анан көзү! Көзү бир көргөн кишиге укмуш эле. Бирөөгө ачууланганда ышкырып барып, чагып алчу жыландай болуп, акырайган, чоң көзү чанагынан чыгып, эки эсе чоңоюп кетер эле. Бул көбүнчө Беккул экөөбүзгө ушундай болуп көрүнчү.
Күн бешимге таяп калган. Бир кезде Беккулдун башы айландыбы айтор, кесип бараткан солунун башына жетпей туруп, өңү кубарып мындай чыкты да, дүкүйгөн бир шыраалжындын түбүндөгү көлөкөгө барып, ыкшыйып калды. Аны Көчкүн бир топтон кийин жоктоп, көзүн чоң ачып, акшыйып тура калып:
- Беккул кана? - деп барк этти.
Бир аздан кийин кайда экенин таап алып, жанына барып:
- Эмне жатасың? - деп ороңдоп бир тийди. Беккул жантайып жаткан бойдон ыңгыранып, жүрөгү айнып, кускусу келип турган немедей кабагын чытып:
- Башым тегеренип кетти,- деди.
- Атаңдын гана көрү... Жүр! - деп Көчкүн бир бул-куп алып, биздин жаныбызга дегдеңдетип, сүйрөп келди да: - Амалын мунун! Силерди биз мында согумга сойгону алып келдик беле? -деп бир колунан кармап алып, жаакка коюп жиберчүдөй акшыйып, бир топко кекетип, тилдеп турду. Тилеке деген жигит ар жактан туруп:
- Алда Көчкүн ай, аны эмне кыласың эми кыйнап. Жата берсин,- деди жоош гана.
- Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөтүп ичпесе киши суугуна тегеренип, жыгылып калат,- деген дагы бирөөнүн калыс үнү чыкты.
Күн аркан бою калганда:
- Эми калганын силер кесип келгиле,- деп Кыдырма, Беккул, мен үчөөбүздү таштап коюп, калганы кете беришти. Айылчы кетип баратып, бизге сөөмөйүн көрсөтүп, эскертип койду:
- Жакшы кескиле. Эгер эртең көрчү болсок таарын-байсыңар...
Аны коштоп, Көчкүн дагы:
- Жакшы кеспесинчи анан, атаңдын көрүлөрдүн жөн эле көздөрүн өлүп алайын,- деди кетип баратып, кайрылып бизге карап. Ар күн ушул. Күн баткыча, биз кесип бүткүдөй өлчөлүү жер калганда болжоп туруп «эми калганын силер кесип келгиле» деп, бизге табыш-тап кете беришчү. Кээде биздин үстүбүздөн контрол кылып бирин коюп кетет.
Апийимди тилип болуп күн батарга жакын үйгө кайт-тык. Биз келсек, Солтонун үйүнүн жанында, бир бечара дунганды стражник алдына алып каарланып сөгүп турган экен. Бул стражник Кең-Суу, Сарытологой, Чоң-Таш элине түгөл маалим адам. Алдындагы ак боз атын кыргыздар алыстан тааныйт.
Эр өлтүрүп, күнөөлүү болгон немедей, башын жерге салып, муңайып отурган дуңганга олунуп, стражник:
- Үч күндөн берки алганыңдын баары кайда? Тап сволоч... - деди. Көчүгүн ээрден көтөрө түшүп обдулуп.
«Бул азапка кайдан туш болдум эле» деп, башкадан жардам сурагандай жалдырап, эки жагына бир карап алып, дуңган:
- Болсо аңтарып таап ал,- дегендей кылып, кын-жылган түр менен көзүн ыкшыйтып, стражникке карады.
Дуңганды баса калып, мууздап жиберсе да эчтеме өнбөсү көрүнүп турат. Стражник, оозуна тийгени менен ылгабай сөгүп туруп, бир кезде колундагы кокозону¹ керилип келип, жерге бир салды эле, кокозодогу апийим бол этип ыргып кетти.
Дуңган- барып турган бир бечара. Өзү мындан он беш жыл мурун Үрүмчүдөн бир байга жалданып чыккан экен, кийинки кездерде кожоюну Караколго келип, апийим айдап байып, апийимди артынып алып, өзү кайра тартат да, муну таштап кетет. Бул андан калгандан кийин ар кайда сандалып жүрүп, акырында Сарытологойго келип, эптеп жүрүп быйыл чейрекке жакын апийим айдап алган. Ушуга бел байлап, жолго каражат кылып, быйыл жериме кайтамбы деп жүрүүчү. Кытай жерине кайткан кишиге мындан бөлөк каражат өзү да жок эле. Ушул дуңгандын бирөө кеп сураса, адегенден эле «хатын, бала он беш жыл көргөн жок» деп баштачу.
Мынабу жерде менин боорум ачып кетти. Эгер ушу мүнөттө менин колумдан келсе, канча болсо берип, мынабу түксүйгөн, ырайымсыз, дүнүйөкөр, ачкөздөн бечара дуңганды бошотуп алышка, өзүмдү даяр эсебинде көрүп турдум. Он беш жылдан бери жердин түбүндө багаркөрөрү жок жетим калган катын-балдарын бир көрөмбү деген үмүт менен быйыл бир алакандай жер айдап, ала жаздай саргарып, багып келип, андан кырып алган беш кадак немесин алтындай сактап жүргөн байкуштукун акырында келип мынабу ач көз тартып алганы жатса кантип ичиң түтөт? Же бир элдей болуп байып, дүнүйө көбөйтөм деп жүргөн адам эмес. Барып турган бир бечара. Берегинде бешмантчан болуп, желденип, эки колун артына алып челкейип турган Ыбыкеге бечара дунган жалжал карап коёт. «Ушу мени бир коргоп, бирдеме деп койбос бекен» деп ойлойбу? Ыбыке антпейт. Дунгандын аянычтуу, кайгылуу тагдырына ушунчадан бир мен кайгырып тургандай болом.
Стражник баркылдап сөгүп, ат менен тепсетип, кам-чынын алдына алчудай бир эсе качырып барып, бир эсе кайра тартып турду да, бул жерден эчтеме өңбөсүнө көзү жеткен соң, бир убакта жалгыз дунганды алдына салып, кежигеден түртүп, айдап алып ары карай кетти.
Кожоюнубуздун катыны күндөгү убакта Кыдырма, Беккул мен үчөөбүздү отунга жумшап жиберди. Жолугбузда бир боз үйдүн жанынан өтүп баратып:
- Стражник жүрөт, баягыны каттыңар беле? - деп, күңкүлдөп жаткан бирөөнүн дабышын уктум.
Токой алыс эмес, күндө барып, отун алып жүргөн жер. Кайтканда күчтүү деп Кыдырманы жогору жагыбызга салып, Түптүн суусунан кол кармашып кечтик.
Биздин келишибизди күтүп тургандай, үйгө кеч кире келип көчүк баса элек жатсак Көчкүн:
- Жүргүлө,- деди өзүбүздөн мурун ордунан обдулуп калып...
Кайда алып барарын биле элек жатса да иштин түбүнө көзү жетип тургандай, Кыдырма:
- Кайда? - деди чарчаган түр менен кабагын чытып. Көнбөскө чара жок. Көчкүндүн жол башчылыгы менен бир ээсиз таш үйгө бардык. Үч капка жайма таруунун жанында бир келин соку күйшөп туруптур. Ар кайда чачылып жаткан сокуларды көрсөтүп:
- Кана, бир-бирден алгыла! - деди Көчкүн.
Кезек-кезек:
- Күйшөгүлө, атаңдын көрүлөр! Жаныңар барбы!- деп бизди айдап-айдап коёт. Чабалыбыз Беккул. Ал сок-билекти араң эле көтөрүп таштайт. Ага Көчкүндүн ачуусу келип:
- Тамакты кандай ичесиң? Ошондой кыл,- деп сөөмөйүн Беккулдун көзүнө такады. Эриккен кишинин эрмегиндей кылып, төбөсүнөн укуй алып жаза-буза көзүн чукуп, ызалап жатып, аны бир кезде ыйлатып койду. Ошенткенде Беккул сокбилекти ыргытып жиберип, өңүн бузуп, эшикти көздөй өңгүрөп жөнөй берди эле:
- Кайсы атаңа барасың? - деп кекетип, колунан силкип, кайра кармап келди.
Кокозо - апийим салчу калай идиш. Бул дунгандан келген сөз. Алар "хехезы" дейт. Кыргыз "кокозо" деп алган.
