11 страница11 октября 2015, 09:43

11

Мындан бир нече күн мурун эл ичине: «Падыша кыргыздан солдат алмак болуптур» деген сөз тараган. Бул сөз адегенде «имиш-имиш» сыяктуу болуп көрүнсө да бара-бара абдан чындыгына жеткендей ырбап, күчөнүп алган. «Солдат эмес, солдаттарга ор казууга кара жумушка алынат экен» деп да коюшат. Сөз кеп... Ошондуктан жайлоодо болсун, жакада болсун элдин кары-жашы дебей эрмеги да ушул болуп, эртели-кеч бир дөңгө жыйналып алып, ар кылымдын башын чарпып аңгемени ушундан козгойт да жатат.

- Атасынын көрү, солдатка баргыча ушул жерден эле өлүп беребиз - деп күүлөнөт бир кур боз балдар.

- Чындап башка күч келсе, колдо мал деги бар, кедейлерден сатып, ордуна жиберсек да, балдарыбызды бир сапарынан алып каларбыз,- дешет, дагы бирөөлөр.

- Ушинтип эле турбас, балким заман оңолуп кетээр.

- Байлар го балдарын сатып алып калсын, түгү жок биз эмне кылдык?

- Мейли, кайда болсо бир өлүм. Алам десе мына, солдатка кеткенде биздин кайсы аялуу баш, айдалуу малыбыз артыбызда калып жатты эле. Кедейге кайда болсо баары бир. Бирок кетсек да ошо бизди кармап бер-гендер менен соо калышпаспыз,- дейт эми бир даары.

- Алда кандай заман болоор экен...

- Бул эр азаматтын башына туулган кыйын күн!

- Солдат алган менен деле байлардын түрү коробойт экен, дагы эле салмактын баары баягы көрө жүргөн кедейлерге түшөт экен го...

- Жанын кыйып, ким эле бара коёр дейсиң, эл да ойлоно жатаар...

Ушинтип элдин эси бир жерде турбай уйгу-туйгу түшүп, эки таалай болуп жатты.

- Солдат алуу тууралуу падышадан эл-элге буйрук тарагандан кийин: Кыдыр, Баатыркан, Ырыскелди, Соодонбек сыяктуу бугунун кочкор башы жакшылары баш кошуп, кеңешип, бир даары беребиз, бир даары бербей-биз дегенге келишет. Кыдыр - беребиз деген жагынын башы. Жакшылардын бул өңдөнүп, бир чечимге келе ал-бай эки жарылып калтылдакка түшүүсүнүн чоң себеби да болду. Анткени, солдат бербейли деп ага чыдабай, берели десе «эгер бизди солдатка кармап берчү болсоңор, алды менен силерди жайлап туруп, анан кетебиз» деп колуна түкүрүп, дүркүрөп, бирден көтөрүлгөнү турган калың букарадан айбыгып, артын качырып, жалтактап турган эле. Эми чыны менен карарып алган элдин түрүн сезип, өздөрү да ашуудагы туюкка камалгандай бир жагына чыга албай, айласы кетип турган сыяктуу эле.

Ушул себептен болсо керек, мындан көп узабай сол-дат бербейбиз деген үчүн Албан казагынын Абубакир, Узак, Жаманке деген жакшыларын Каркырадан кармап алып, Караколгр алып кетиптир, деген кеп угулду.

Ушундай учурлар болуп жаткан тушта апийим тилими келип калды. Ушул бир-эки жылдан бери кыргыз жерине кытай, дуңгандар келип, элге апийим айдоо жайылган. Мурун апийимди Үрүмчү, Кашкар, Турпан, Кулжа-дан келген кытай, дунгандар гана айдаса соңку кездерде кынык алып кыргыздар да айдоочу болгон. Ошону менен кошо кыргыздан кызыл кулак, соодагер чыга баштаган.

Бир күнү Солто деген тууганыбыз келип, Беккул экөөбүздү ушул апийим тилимине алып кетмек болду. Солтонуку - Сарытологойдо. Быйыл Чоң-Таштан жер которулуш болуп, биздин Эрке-Сары бүт ушул жакка оонаган. Сарытологой - бириндеген, бузулган, жаман тамдардан курулган бир көчө кыштак.

Биз менен бирге Ырай дегендин баласы - Кыдырманы да алып кетмек болду. Ырай оорулуу, чолок киши - балдак менен жүрөт. Кыдырма мунун жалгыз баласы. Өзү үч баш жан. Малдан жалгыз кыңыр куйрук, жамбашы чабдар аты бар. Өзүнүн өмүрүндөгү кесиби - жакын арадагы базарлардан барып, насыбай алып келип, ошону айыл аралатып, кыдырып сатат да жүрөт. Күн көргөн бар оокаты ушул. Анын уулу Кыдырма менден саал кырдуураак, далылуу, болук, жайык бет, кызыл тоголок бала. Бирөөдөн жалынып жардам сурачудай, дайым аянычтуу болуп, көзү жалдырап турар эле. Күрөшкөндө, жумушка келгенде өзү теңдүү балдардын камбылы. Тоодон ышкын тергенде, отунга барганда, мени койчу эмес. Экөөбүз кээде отунга барганда, ал менден мурун ары-бери кылып алып жиберип:

- Батыраак кыймылда, болбосо карагайдын ичине жалгыз таштап кетем,- деп мени коркутмакчы кылып коюучу.

Ошону менен үчөөбүз Солтого жалданып кеттик да, Кызыл-Кыядан көз жумдук...

11 страница11 октября 2015, 09:43

Комментарии