10
Бүгүн баарыбыз үйдө элек. Түшкө жакын убакыт болучу.
- Күндө бир убак ысык ууртабасам бүткөн боюм курушуп туруп алат,- деп Элебес күндөгү маалында, мулук кара кумганга чай кайнаттырып алып, ичип олтурган. Күндө ушул убакыт ченде бир маал талкан салып, чай ичип алганда боргулданып, бүткөн боюнан тер кетип, жыргап калаар эле. Бурмаке анын маңдайында, жалгыз чыны менен чүмчүлөп, чай куюп берип отурат. Калганыбыз союп жаткан малдын кан-жинин аңдып турган иттердей, анда-санда көзүбүздүн кыйыгын салып коюп, ушул чөйрөдөн кетпей тооруп отурабыз. Элебестин алдында жайнап турган «дүрдүйнө» - сүткө көөлөнгөн бир чөйчөк талкан! Баарыбыздын баятан аңдып отурганыбыз ушул.
Ал кезде биздин эң ардактуу тамагыбыз - талкан эле. Алар качан чай ичкен сайын, биз көзүбүздү жалдыратып, карап отургандан кийин, Элебес бир кезде сыйрасы менен алаканыбызга бир кашыктан талкан салып берип коюучу. Талкандуу кашык келип, колубузга тий-генде, анын ичине талкан жабышып, кайра кетип тургандай, кашыктын учун бир топко бошотпой, колубузду батыра кырып, жуктап кетебиз. Ошого чоң канаат кылып, бир кашыктан талкан колубузга тийгенден кийин, Элебестин жанында Бурмаке менен Жумабек гана калып, башкабыз туш-тушка тарап басып кетүүчүбүз.
Беккул бир кезде, бу жактан энчисин алгандан кийин, ирегеде жаргылчакка талкан тартып отурган Жанымжандын жанына тоорулуп барып отуруп калды. Аны көрүп Бейшемби Жанымжанга карап:
- Алдыгындан Беккулга бир уучтап берип койчу,- деди, төрдө бүкүңдөп насыбай ийлеп отуруп. Күрүлдөгөн жаргылчак дабышынан укпай калдыбы, жок атайы ошенттиби, айтор Жанымжандан жооп болгон жок.
- Ууштап бер дейм, ой! - Бейшемби жана бир ун-чукту. Калып өзгөргөн жок. Ошенткенде, Бейшембинин ачуусу келе түшүп:
- Атаңдын көрү ит, сени жебесем эле!.. - деп, керегеде турган камчысын көздөй жутунганда, табагын көтөрүп алып, Жанымжан эшикти карай жөнөдү. Безилдеп кетип барат, Бейшемби артынан түштү. Ошентип кууп баратып, бир кезде жете түшүп, шилиден ары коюп өттү эле, Жанымжандын колундагы табагы ыргып кетти. Алар антип жаткан кезде Беккул болуп, бир топ балдар жүгүрүп барып, көк шибердин арасында жайнап калган буудайды тоокчо терип жеп жатышты...
Бир күнү Бейшемби бир жактагы жумуштан келип, үйгө жаңы гана түшүп отурган. Бар болгону - бир аяк жарма ичип, Элебестин чакчасын сурап, насыбай тартууга гана үлгүрдү. Ушул заматта Бейшембинин улуу баласы Жумабек:
- Байке, бир киши мамыдагы атты чечип жатат,- деп үйгө жүгүрүп кирди.
- Каранкүн, катыгүн! - Элебес элтеңдеп, ордунан ыргып турду.
Дүрбөп тышка чыксак орусча кийинген, салбыратып чач койгон он тогуз куракта бир ак куба жаш бала турат. Орусча окуган бала экен. (Ал кезде окуган балдардан баштап, элден ат жыгып минүүчү.) Караколдон Кар-кыраны көздөй кетип баратыптыр. Ийнине асынган булгаары сары сумкасы бар.
Бала кызыл атты чечип, өз атын мамыга байлап жат-канда, жанына басып барды да Бейшемби:
- Жол болсун баатыр? - деди, шашпай гана жай дабыш менен.
Бала абалы мындай эле деп, жөнүн айтуунун ордуна көргөн жерден:
- Ал аттын ээрин! - деди, колу менен кызыл атты нускап, чыйралып.
Бир аз аярдай калып Бейшемби:
- Кечээ эле Каркырадан үй көчүрүп келдим эле... Баатыр, эми өзүң бил,- деди.
- Мага десең бир эмес, беш барып кел,- деди да, бала кызыл аттын куюшканын чыгарбай туруп, ээрин шыпырып ыргытып жиберип, өз ээрин токууга кам урду.
Баланын бул кебетесин көргөндөн кийин, Бейшембинин кыжыры келип, «ушундан келгенди бир жолу көрөйүнбү» деген кишидей нечен жолу ызырынып барып, балага кол салчудай болуп турганда Элебес менен Бурмаке мунусун сезип калып:
- Кой балам, буга теңелип болобу? Өз башыбызга балээ болот,.- деп акырын басып койду.
- Ушул турган Каркырага мынабу өз атың деле ойноп жеткиргидей экен.
- Анда жумушуң жок,- деди бала чорт кесип. Ыракымы түшүп калар бекен деген кишиче Бурмаке:
- Биз бир бечара жолчубуз, кулунум! Бизди аягын. Жан сактап турган жалгыз ат. Өзүң жаш бала экенсиң, кудай өмүрүңө береке берип, мындан бетер улуктукка жеткирсин,- деп жалынып-жалбарып жиберди. Бурмаке жогорку жакшылыгын, балага чын ниети менен айткан жок - амалсыздан. Жан айласы үчүн айтылган кеп эле.
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду. Кызыл атты катуу камчыланып кетип баратканы бизге кыйын тийип, аяп, артынан карап, кала бердик.
Ушундай ары-бери өткөн бузукулардан жалкып, жолчулар аттарын көбүнчө токойго, коктуларга алып барып, кишен салып коюучу. Бүгүн бизге жаман жерден туш келди.
Аттиң кедейлик! Жаңкы жерде бир, эки сом болгондо, кызыл атты алып калар элек. Ал кеткенден кийин, Кызыл аттын күйүтү көпкө басылбай, Элебес адатындай кулак-мээнии жеп:
- Алда каранкүн ай, ушунун тушунда жетип келе Койгонун каарачы!.. деп ирээнжип, Бейшембиге капаланып отурду..
- Бул Өбалакеттин келип каларын мен кайдан билдим? - дейт ал.
- Эми кайгырганда не, кайгырбаганда не... Карып-тардын кайгысына карай турган заманбы? Атакөйү кызыл аттын Бир тери бар экен. Өткөн иш өттү...- деп, Бурмаке аларды жубаткан болот.
Булар ушинтип жатканда мен бир кендир көтөрмөнү алдым да күндөгү маалды көрүп, отунга кетип калдым. Бара жатып үйдөгүлөрдүн абалын ойлодум, өзүмдү бир боштондукка чыга түшкөндөй сездим. Берегинде Чоң Курман жасоол:
Ак-Суунун башы балгынды,
Ак-Байтал, Кең-Суу салкынды,
Айтпай кантип коёюн,
Ашыктыктан дартымды.
- деп аттын сыдыра басыгы менен акырын гана зыңкылдап өтүп баратат.
Беккул менен Эшпай Башариндики жактан келе жатып жолумдан чыкты. Жаңы бирдеме таап, олжолуу болгон эмедей жаркылдап, кубанып келе жатышат. Жакын келбей жатып эле, тетигиндейден мени көрө коюп Беккул:
- Биз Башариндикинен токоч жедик,- деп алда-кайдан сүйүнчүлөдү.
- Эмне алып бардыңар эле? - дедим.
- Бүлдүркөн, карагат...
- Канча токоч берди? - дедим мен кызыгып. Буга Беккул жөнөп бергиче болбой озунуп, Эшпай:
- Мага мынча берди,- деп чилмийген алаканын сайып, оң нолу менен аны туура кертип көрсөттү.
- Беккулга канча берди?
Калтылдаган элпек колун дагы жаңкыдай кылып, өлчөп туруп:
- Беккулга мынча, мага мынча берди,- деп Беккулдукунан өзүнүкүн чоңураак кылып көрсөттү.
Башариандин үйүнүн маңдайында бир чал бар эле... Аны биз «Бабай» дечүбүз. Мунун эки уул, эки кызы бар. Төртөө тең бойго жеткен немелер. Улуу баласы былтыр солдатка кеткен. Өзү бай эмес, малдан үч, төрт жылкысы болуп, орточо гана оокаты бар. Кызыл-Кыяга келгенине он жылча болуптур. Бабай өзү жетимиштерге келип калган. Карылыгы жетсе да анчалык күчтөн кала элек чал. Бапыйган чоң сакалы бар, кочкор тумшук, кызыл көз неме. Кыргызча «жаман, жакшы, акча» деген-ден артык тил билбейт.
Кээде ушунукунан токоч жейбиз деп, атайы тоого барып, карагат, бүлдүркөн терип барып берчүбүз. Кечке жуук болгондо айттырбай барып, талаада жүргөн уйларын таап алып, үйүнө айдап келип берип, андан да алчу-буз. Көңүлү жай болуп турган убактарда капысынан жөн барып калсак да берүүчү. Бирок, бул максатка же-тиш үчүн туштап туруп, тамактын үстүнөн чыгыш керек. Ошондо да келээр менен бере койбоду деп ызаланып, кетип калбай, чыдаш керек, белгилүү мезгилге чейин күтүп туруш керек. Бирок алып барган малыбыздан баары пул боло берчү эмес. Терип берген жер-жемишибизди кабыл албай, кайтарып салган кездери да бар.
Бир каталыгым эсимде. Бир күнү мен тоодон эки чыныга жакын бүлдүркөн терип келдим. Үйүнө кирчү эмеспиз. Адатыбызча, кайырчыдай эшикте жалдырап күтүп турсам, мени көрүп кызы чыгып келди. Мен ага бирдеме деп айтуунун ордуна, мага көйнөгүмдүн этегин жайып, бүлдүркөндү көрсөттүм. Кыз эң мурун колумду анан этегимди карап-карап турду да бир кезде:
- Керек жок,- деп кайра кирип кетти.
Менин багыма башынан «сыр билгич» кемпири кезикпей, кызы туш келгенине өкүнүп кете бердим. Кетип баратып: «Көңүлдөрү куш болуп турган учуруна кезикпей калдым го» деп оюма кетти.
Ушундан кийин бүлдүркөндү бир жууган калайга салып, үстүн таза жалбырак менен жаап алып баруучу болдум.
Ошентсе да Башаринге караганда, бизге Бабайдыкы бир аттам жакын көрүнүүчү. Башариндикине мындай жөн салды барганда токоч бермек түгүл, тентек баласы - Петке бизди көрсө кыжыры кайнап уруп, ызалап коё берүүчү. Ошондон жалкып анда көп бара алчу да эмеспиз.
Бир күнү кечинде, үйдө отурсак, Байболоттуку тан карса-курс, жаң-жуң эткен бир дабыштар чыгып калды. Бирөөнө тобу жабылып, уруп жаткан сыяктуу. Анча болбой:
- Карма доңузду, союп сал! -деген Ыбыкенин үнүн тааныдык.
- Кокуй өлтүрдү, өлүгүңдү көрөйүндөр, кырабы мындагы элди! - деп чаңк эткен дагы бир катындын ачуу дабышы чыкты.
Биз дүрбөп тышка чыктык. Иңир кирип, жер караңгылап калган, жаңкы жаң-жуң Байболоттуку жакта болуп жатат. Көптүн ичинде Ыбыке, Карабай старчын болуп, Эрке Сарынын бир топ жакшылары жүрөт. Ыбыке жигиттерин көкүтүп, тукуруп коюп, болуп жаткан жоруктарга көз сугарып, камчысын ээринин кашына таяп, кесирленип, ат үстүндө гана карап турат. Жерде төрт-беш киши тополоң түшүп, кармашып жүрөт. Бизге Байболот жалгыз бир жак, калганы бир жактай болуп көрүндү. Анткени ошончо элдин жабылып жүргөнү жалгыз Байболот.
- Карма, доңуздун колун байла! - деди бирөө караңгыда түрсүлдөшүп жүрүп.
Байболоттун он жашар, кибиреген кызы бир эсе чыңырып барып, атасына түшө калат да бир эсе безеленип, кайра энесине жүгүрүп келет.
- Кокуй, балдардын жүрөгүн түшүрмөк болду, бул тукум куруттар! - деди Байболоттун катыны, чыңырып жүргөн кызын ала коюп, алактап.,
Ошол кезде Байболот кандайдыр, топтун ичинен бир жолу суурулуп чыга түштү да качырып барып, Карабайды камчы менен басып-басып алды.
- Атаңдын көрү кул ээй! Бул жамандын күчүн! Кармабайсыңарбы?! - деди Карабай башкаларына. Бай-болот эр эле, карматпай, качып баратып, улам артынан жеткенин кайрылып сабап жүрөт. Ошентсе да көп коё-бу, бир кезде Байболотту жабылып кууп жетип, желенин жанына алып келип басты эле, бир уй үркүп кетип, мурунтугун үзүп алды...
Бул окуянын түбү мындай экен: Байболоттун эрден чыгып келген бир кызы бар болучу. Муну бир топ жакшылар менен Ыбыке баш болуп, Байболотко бир ооз айтпай, Каркырада бир казакка барып, кыздын сырты-нан куда түшүшөт. Калың бычышат. Кызды колмо-кол бермек болуп, ал жерден кудамудалары менен биякты көздөй жөнөп калышат. Калыңдан алган элүү кой, жыйырма чакты караны күн мурунтан айдатып жиберишет. Ошону менен калдайган калың кол бир күнү Байболоттукуна келип жетет. Келсе - кыз жок, ал мындан бир-эки күн мурун бир сүйгөнү менен качып кеткен. Анын качаарын Байболот да, катыны да билген эмес. Тигилер бул жорукту келгенден кийин гана бир билишет.
Жаңкылар келип, Байболотту басып жыгылгандын жөнү ушул экен. Себеби биринчиден, калыңга келген малды кайтарып берүү керек; экинчиден, кудага шерменде болушту.
Баарынан да малды айтсаңчы! Кудадан айдап келген малдар эмгиче Ыбыкенин айлына барып калган да көрүнөт.
Карабай будаланышып жаткан топтун ичиңен көптөн кийин күйүгүп чыгып келип, атына минди да, кайра бери карап туруп, камчысын секеңдетип:
- Шашпа, солдатка кыл алдында Бейшемби экөөңдү кармап бере албасам элеби!.. - деди.
Ушинткенде Бейшемби селт карай калды да:
- Карабай, ыгы жок тийишкендин эмне кереги бар? - деди.
- Сенде кылмыш көп баччагар. Тура тур, шашпа...
- Кудай урбадыбы, мен бирөөнүн бүлөсүн бийлей алчумунбу?
- Унчукпа, чочко! - деди Карабай качырып барып салып калчудай ызырынып.
Бейшемби камданып бирдеме дегени келе жатканда Ыбыке:
- Кана, жүргүлө, булардын эсебин өзүбүз табабыз,- деп атынын башын кайра тартты да тобу менен дүрбөп, жөнөй берди.
Булар кетээр замат Байболот катыны менен түн катып, Караколго жүрмөк болду. Катындын өңөргөн бешиги бар. Бул жөнүндө убара болосуң, барба деп, ар ким айтып көрсө да Байболот:
- Мейли, кайда калбаган бир жан. Улугу адил болсо ошол жерде текшерип көрсүн,- деп мойноп, көнбөй койгон.
Биз жатып алган кезде түрсүлдөтүп, жөнөп баратышып:
- Жанымжан, үйдө Торгойакун калды. Уйду саап берип тур,- деди Байболот.
Эртеси биздин үй өз-ара кужурашып, кечээ Байболоттукунда болгон окуя тууралуу кеп уруп отурушту. Башка кишиден Назыр бучук деген киши отурат. Кечээги Карабайдын айтканын кеп кыла келип, Бейшемби:
- Атасынын көрү, кетсем да ошолордун бирин жайлап туруп кетермин,- деп койду.
- Кой балам, аның балалык чыгар, «Өлбө жаным өлбө»,- деп өзүбүз минтип араң турганда, балээни чакырып эмне кыласың,- дейт Бурмаке.
Ушул убакта бирөө келип, Бейшембиге бир кагаз берип кетти. Сырты чапталуу экен. Ичин ачты да оку деп мага сунду. Урманбеттен келген кат экен. Өмүрүбүздө «кат» дегенди көргөнүбуз да ушу болсо керек. Баягы бир жылы Турат молдонун үйүндө жүрүп, билип алган чала сабатым менен тамтаңдап окуй баштадым. Сөздөрдүн башын жыйнап түшүнө албай, көңүлүмдө булдур гана бир нерселер калып барат. Бир жеринде: «Биз Украин, Ашкабат деген жерлерден өтүп кеттик. Кайда барып токтоорубуз азыр маалым эмес...» деген сөздөр бар. Аягына бир ыр жазыптыр:
Арт жагымды карасам.
Алыста калды сансыз жан.
Келгис жерге жол тартып,
Керменге кетип баратам.
Кара чунак көп жетим,
Кабарсыз болуп мен кеттим.
Көтөрбөскө чара жок,
Падышанын милдетин.
Бу дүйнө жалганы,
Ичимде көп арманым.
Душмандан кегим ала албай,
Айдалып кетип калгамын.
Өткөрүп нечен күндөрүн,
Мен алыста жүрөмүн.
Өлбөй жүрсөм бир күнү,
Керменден кайтып келермин...
