9 страница11 октября 2015, 09:21

9

Кызыл-Кыя - тогуз жолдун тоому. Чыгыш жагы - Каркыра, Жаркент, бери жагы - Каракол, Ысык-Көл. Ошондуктан кайдагы жем издеген Чоңколдой стражник, пристав, песир, бий, болуш дебей кезек-кезек ушундай жыйналып, баш кошуп алып жемге тоюп жата беришчү. Андан башка дагы, дайым ушул арада жүргөн, жол тоскон он, он беш жасоолдор бар. Булар кадимки болуштун жасоолу эмес, эки ийнинде жаркылдаган пагону бар, шарактатып кылыч асынган, кызыл тебетей жасоолдор... Муну «Кеңсалар жасоолу» дейт. «Кызыл чок» деп да аталуучу. Анткени, кеңсалар жасоолунун пагон тагып, кылыч асынгандан башка да бир белгиси - кызыл тебетей кийет. Булар Караколдон дайым ушул араларда жатып, жол тосууга, качкан-бозгондорду кармоого, тентекти тезге салып, бузуктарды «түзөтүүгө» дайындалып кел-ген немелер.

Ооба, түзөтүп жатат! Дүйнөдө ушул Кызыл-Кыядагы кызыл чоктордой бейпилдикте жыргап жаткан жан бар болду бекен?!

Кызыл чоктордун кесиби ошол, алар ээн жердин карышкырындай кутуруп, ары-бери өткөндү талап, тал түштө маңдайга чабуул жасап келе коюп, азык-түлүгүн артынып, жумушка түшүп бараткан бирин-серин кедейлерди кармап алып, атын минип, ээр токумун өзүнө жөө көтөртүп, жакшы камчысы болсо тартып алып, эрмектеп, ойноп жата беришчү. Ошентип, айда дээр ажа, кой дээр кожо жок, өзү бий, өзү кан болуп, бечера карыпты ыйлатып, той түшүрүп, канга тоюп, семирип жаткан жасоолдор...

Жасоолдордун ичинде аты чыккан Бала Курман, Чоң

Курман дегендер болор эле. Бирөөлөр көзү жокто Бала Курманды «Жинди Курман» дешчү.

Бала Курман деген чарчы бойлуу келген далылуу, көздөрү кутурган иттей алактап, кан жая берүүчүдөй кыпкызыл бетинен митаамдыгы ташып турган, тириде жок тентек, шок жигит. Бул ат жыгып мингенде өзгөлөрдөн бөтөнчө бир өнөрү башка жасоолдорчулап, бирөөнү тизгиндеп туруп, «Түш аттан» деп кажылдашып отурганыңды билбейт. Чаап келе жатып, алдында кетип бараткан адамга:

- Ой, жаның болсо бир жагыңа ооп кал, ооп кал!- деп алда-кайдан кыйкырып келер эле. Эгер ат көңүлүнө жагып калса, ал аттын да, ээсинин да шору кайнады дей бер - оңой менен кайра бербейт. Бир болсо парага шыкалып туруп анан берет.

Бала Курмандын Караколду көздөй кетип баратып, бир күндө он беш ат жыгып мингемин - деп, кеп уруп отурганын уккамын.

Ушул бир күнү Башариндики жактан бирөөнү ээрчитип, чапкан бойдон биздин айылга келди. Жанындагы киши бизге тааныш - биздин айылдын старчыны. Аттарын күшүлдөтүп, энтиктирген бойдон үйдүн жанына келип токтоду да, тыштан унчугуп, Бейшембини чакырып алып, адегенде эле:

- Бүгүн үйүңдү Ийри-Сууга көчүрүп барып тик! - деди Бала Курман чакчырылып. Кеңсалардын жасоолдору качан болсо ушундай өкүм келет!

Элебес үйдөн туруп:

- Эмнеге ботом? - деп үрпөйө түштү эле:

- Каркырага алтымыш үй тиктирилет, үйөздөн буйрук келди,- деди Бала Курман ого бетер чакчырылып, артына кеткен кылычын оңдоп.

- Өзүңөр билесиңер, көчүрүп жеткиргендей менде жалгыз аттан башка туяк барбы, айланайындар! -деди Бейшемби, Бала Курманга бир карап, старчынга бир карап жалдырап.

Бала Курман жаңкыдан катуулап, Бейшембини теше карап:

- Аныңда биздин жумуш жок, жеткир деген соң, жеткиресиң,- деди.

- Деги эмне кылат экен?

- Германияга жөнөгөн солдаттар түнөп өтөт. Кара-колдон улуктар келет...

Эми болбой турган жагына ала электе, бирдеме болуп, ийип калаар бекен дегендей:

- Кагылайындар ай, эми толуп жаткан чунак жетимдерди кайда калкалайбыз? - деди Бурмаке кемпир, алаканын күнгө далдаалап, көзүнүн болор-болбос шооласы менен жасоолго шыкырайып туруп.

- Оо, кокуй, жетимиңде улуктун эмне жумушу бар? - деп старчын туурадан чыкты.

Бала Курман беркисин ээрчитип алып:

- Бол, тез! - деп жөнөп кетти да Байболоттукун карай тартты. Үйүнүн алдына барып, атынын башын тар-тып, токтой калып:

- Ким бар үйдө? - деп үн салды. Алар кеткенден кийин Бурмаке:

- Арамдар, биздин жаман үйгө жармашкыча, Карпыктыкын эмне албайт? Анын биздей толгон бүлөөсү да жок,- деди өзүнчө.

- Жарабаган кепти кыласың да. Карпыктыкын да алуучу беле, кудайдан башканын баары колунан келип турган кишиникин? - дейт Элебес эстүү киши болуп.

Бу жерден солдат өтөөрү да чын эле. Жолчулар мындан төрт-беш күн мурун «Караколдон Жаркентке солдат өтөт экен» деген кабар менен бирин-серин малдарын ар кайда тыгып, аттарын токойго бекитип, бүлүнүп жүрүш-көн. «Эми эмне болор экен? Баякыдай болбос бекен?» - деп, эл үрпөйүп, чочулап турушкан. Ары-бери чапкылап жүргөн бирин-эки кызыл чоктордон сурап коюшат. «Мал, жанга тийбес бекен» дешет.

Ушунун кечинде, Карпыктын үйүнүн жанындагы көк майданга жыйырма-отуз киши жыйналып, топурап жатты. Жайкы момураган коңур кеч. Береги Башариндин тоосунда дүкүйгөн ак булут чокмороктоп, уюп турат.

Топтун ичинде,- казысын челкейтип, жапактан чыккан Байзак болуш менен биздин Ыбыке жүрөт. Байзак удаасы менен алты жыл болуш болгон адам. Мынабу топту аралап, эки ийниндеги пагондорун жаркылдатып, шапкасын чакыйта кийип, чочконун кылындай тикий-ген катуу сүрдүү мурутун чыйратып, элди чүйлүсү менен карап, көк шиберди уйпалап, тынбай ары-бери басып турган ачуулуу, тыгырчык, семиз неме - пристав. Каапырдын суру! Сүрүнөн алдына жан даап бара алар эмес.

Булардан башка да кылычтарын шарактатып, болуш, приставдардын кабагы менен кыймылдап, алардын кылт эткенин сезип, жагынып, жалаңдап турган бир топ кызыл тебетей жасоолдор жүрөт, Бала Курман да бар.

Атын жасоолго мингизип, издеп келип, кечээтен бери биздикинде жаткан жолоочу да ушу жерге басып келди.

Өзүн карасам: чапанынын оң колтугу менен этеги жыр-тык, жапырайган жаман тебетейи бар, маңы жапыз, сөзгө жарды, жанга жазыгы жок момураган бир бечара. Жаман шапалагын сөлдөйтүп, колуна коомай кармап алып, ортосун ачып, тегеректеп, жарданып турган топтун бир четине менден кийин барып бу да туруп калды.

Топтун ичинде болуп жаткан окуяга түшүнбөй мен:

- Бул эмне абаке? - деп, жанымда турган кара сакалдан сурап калдым эле, ал мени тоотуп ошо замат жооп бере койгон жок.

- Аны эмне кылат элең? - деп койду, бир топтон кийин туруп. Бу кишиден мен да экинчи сурагыс болдум.

Биз барганда кызыл чоктор бирөөнү ортого алып, өлөөрчө тепкилеп, жаңы тургузду. Эми кезек мына мунуку го. Байзак болуш эки колун артына алып, элдин алдыраак жагында кардын челкейтип, тамашага батып, карап турат. Пристав мурутун чыйратып, ачуусу ташып, түксүйүп, сырт берип, токтоно албай, ары-бери басып, жасоолдордун колун бошотпой, ур деп улам бирди көрсөтүп, тукуруп коёт. Жасоолдор анын өлөөр тирилерине карабай, башың-көзүң кайсы дебей, бир кишиге тобу жабылып, тепкилеп, минип калат.

Жаңкы биздикине жаткан жолоочу жанында турган бирөөдөн:

- Бул эмне? - деп сурай калды эле, ал:

- Ырамат, чыгымды убагында төкпөгөн... улукка үй тиктирбеген, айтор ушундай-ушундай эле немелер болсо керек,- деп жооп берди.

Береги бирөөнү жаман жанчты белем. Өзү, бирин-серин сербейген сакалы бар, көзү чекир, эки жаагынын сөөгү төңкөйгөн, далысы эңиш, арыкчырай киши экен. Кууш таноосунан дем ала албай, көгөрүп-татарып барып жатып калды. Көрчү, мына бу бир үйдөн суу сурап, көзүн оңурайтып, өлөрдөй жутуп жатат.

Бая биздин старчын Байболотту айдап келгенине мен эми түшүндүм. Эми кезек ушунуку дегендей, старчын жасоол дебей ортого алып бир кезде муну да минди. Куй-туйган, кичине неме көптүн ичинде көрүнбөй, тополоңдо жоголду да кетти. Ошентип жатканда баласы Торгойакун чыңырып өкүрүп келип атасына жөнөдү эле, жолдон бирөө кармап калды. Жакшы ургандары байге алчудай, буттан-бутка талашып, кийиздей сүйрөп, тепкилеп жүрөт. Бала Курман да бүгүн башкача табына келгендей жалаңдап, тентектиктин чегинен чыгып кеткен. Тигине, башкаларынын болгонуна карабай, ал Байболот туруп кетип баратса өчү калган немече артынан жана кууп же-тип, былчылдатып калды.

Жакшылар оюнду баштап коюп, кызыкка батып, жарданып карап турушат. Байболоттун иши бүткөндөн кийин пристав мурутун чыйратып түксүйүп, бир аз ары-бери басып турду да, бир кезде өтүп баратыщ жаңкы биздикинен келаткан жолоочуга жасоолдорду жаңдап өттү эле, жаланып турган ойрондор турабы - жабыла минди.

Ушуга келгенде топтун ичинен бирөө:

- Муну жаңылыш көрсөтүп салды,- деди акырын шыбырап.

- Ошондой болду,.- деди анын жанында турган. Жолоочу жазыксыз таяк жеп, ар кайда чачылып калган тебетейин, топусун, шапалагын жыйнап алып, көгала болгон бети-башын сыйпалап, көптөн кийин туруп келди.

Балакеттин эсине кайдан түшө калганын билбейм, старчын бир кезде:

- Бар, Бейшембини алып кел! - деп бирөөнү жум-алдынан чыгып:

Ошенткенде мен старчынды көздөй жөнөп озунуп, алдынан чыгып:

- Бейшекем үйдө жок, ал Каркырага үй жүктөп кет-кен,- дедим.

- Келе элекпи? - деди чакыйып тура калып.

- Жок.

- Сени кысталак, шашпа! - деп кайра басып кетип, бирөө менен сүйлөшүп калды. Бейшембинин бүгүн үйдө жогуна мен кубанып калдым.

Топ күүгүм кирип, көз байланган кезде тарады.

Биздин үйдү көчүрүп кеткенден кийин, убактылуу бир жаман алачык жасап алганбыз. Ошонун түбүндө, кемегенин жанында кечки тамакты (жарманы айтам да) ичкени отурганбыз. Аңгыча Бурмакем:

- Буга ченеп эле бер, Карпыктыкына барып, эт жеп келсин, старчын жасоолдор бүгүн ошондо конуп жатат,- деп калды.

Ошентип менин шыбагам бүгүн үйдөгүлөрдүн пайдасына калды. Карпыктыкына барсам, бир койду жаңы союп, терисин сыйрып жатыптыр. Кызыл чоктордун кылычтары керегеде шагырап илинип турат. Мынабу төрдө чытыраган бирөө бешмантчан болуп, жайдактанып алган. Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таш-тап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат. Берегинде, керегенин түбүнө жапшырыла, оң ийни пагону отко чагылышып жаркырап, буттарын чачып таштап, көмөрөсүнөн түшүп чочкодой корулдап, уктап жаткан - Бала Курман.

Айтор бүгүнкү мында конуп жаткандар жалаң эле старчын, жасоол сыяктуу өңкөй ченден чыккан бейбаштар.

Карпыктын мисирейген, май жукпас, жылаан көз келини менин келишимди гана күтүп тургандай, үйгө жаңы кире бергенде:

- Ме, суу алып келе койчу! - деп жанындагы чаканы лып алып, мага кармата койду.

Ушул келин, качан да мен бардым болду көчүгүмдү жер жыттатпай, жумшайт да отурат. Ошондон жалкып, кээде кой союп жатса да баруучу эмесмин.

Сууну алып келип коюп, отурайын деп жатсам:

- Эшиктен отун терип келчи,- деди дагы.

Сабы шылкылдап, мокок чорт керкини тыштан из-деп жүрүп, караңгыда таап алдым да, караңгыда токулдатып, бир колтук отун кертип алып, кайра кирдим.

- Эми тигинин бутун кармап бер,- деди ирегеде союп жаткан койду көрсөтүп. Билегин түрүп таштап, талтайып, кой союп жаткан жигит бир жагынан этти бузуп, казанга салып жатат.

- Мындай тарт,- деп койдун бутун союп, мага көрсөтүп коёт. Кармап турам.

Карындын учунан чымчып, кармап туруп, бир жеринен чырт кесип алды да төгүп кел деп мага берди. Үйдүн арт жагында обочо жерде бир дүкүйгөн шыраалжынга алып барып төктүм. Үйдүн жанында бир эки ит чылапчындагы канды талашып, ыркырап, кабышып жатат.

Бири мени көрө коюп, кулагын элеңдетип, жүгүрүп келди.

Кайра келээрим менен чубалган мөөндү жана карматты. Мен чыгып баратсам, төр жакта отурган мастан кемпир:

- Ошол жактан биротоло сууга жууй кел,- дээри менен, келини да:

- Эмесе тигини да ала бар,- деп бая мен төгүп келген карынды көрсөттү.

Эби жок кармап алсам керек, жаңкы жерге барып, эми төгөйүн деп жатсам, мөөндүн бир учу жылмышып кетип, жыңайлак балтырыма былжыраган бирдеме жая берди. Жанымда бир ит бирдеме үмүт этип, жагынып, шыйпаңдап турат.

Тапшырган милдеттерин түгөл орундап кайра келсем, менин шыбагама бир бөйрөк, бир шыйрак калтырып коюптур. Аларды жүгүрүп, үйгө жеткирип таштап, кайра келдим.

Казан борт-борт кайнап эт бышып жаткан. Коноктор өз ара бирдемелерди кожурашып отурат. Бирде ат чабышты кеп кылып, Сарыбай байдын кызыл аргымагын мактап кетишти. Ушул мезгилде «бирдемесин бүлдүрүп аламбы» деген кишиче, мышыктай табышын билдирбей чебердеп басып, баягы жолоочу кирип келди, мунун келгенин эч ким байкоос алган да жок. Жалпак тебетейин көзүнө кийип, күнөөлүү кишиче салбырап, «менин ордум ушул болот» дегендей акырын гана кирип, кой сойгон жигитке таяй барып, эшиктин так алдына келип отурду. Жигит от ичкерештирип жатып бир топтон кийин жолоочуга карап:

- Баатыр, кайдан? -дегендей болду, өзгөлөргө угуз-бай, жолоочунун өзү гана уккудай кылып, акырын.

Жолоочу төр жакты чала-була бир чолуп карап алды да:

- Жасоолго ат мингизип, ошонун артынан жүрөм,- деди.

- Качан минди эле?

- Көп болду, бүгүн он сегиз күн.

Бул экөөнүн сөзүн менден башка байкап отурган жан жок эле.

- Анда сенден бир үмүт этип жүрсө керек,- деди жигит, бир аз унчукпай калгандан кийин.

- Анысын мен да билип жүрөм. Бирок жанымда жалгыз тыйыным жок. Ээр токумумду көтөрүп, өзүм талаада жөө калдым. Катыным оокас эле, он беш күндөн бери анын эмне болгонунан да кабарым жок. Жакада оокаттарым бир жактан ээсиз калды. Өзүм жалгыз боймун...

- Үйүң кайда?

- Кең-Сууда. Ошол өрдөштөн жакадагы оокатыма түшүп келем деп, мингизип жибердим. Өзү чекеме бүт-көн жалгыз ат. Быйыл эки жакка да көп минбей көзүнө карап, багып- жүрдүм эле, аягында минтип кырсык чалып алды...

Көмөрөсүнөн түшүп, уктап жаткан Бала Курман бая бир жагына оонап кеткенден кийин ойгонуп калган. Бир кезде уйкудан абдан ойгонуп, оозун кең ачып, керилип, эстеп алды да жамбаштаган бойдон жатып:

- Тиги эмне жүрөт? - деп уйкудан жаңы бошоп, канталаган, сүрдүү көзү жолоочуга кадала түштү.

- Жолоочунун жанында отурган үйдүн жигити:

- Атына келиптир,- деди үнүн калыбынан көтөрү бүрөөк чыгарып, элге угуза.

Ошондо Бала Курман унчукпай гана ордунан шашпай туруп, ирегеде шалпайып отурган кишинин так желкесине келди да, төбөсүнөн тик ылдый карап туруп:

- Ат керекпи?! - деп кекээр сөзү менен эки бөйрөгүн таянып кайкайып тура калды. Жолоочу:

- Уруксат болсо...- деп акырын гана күңк этти да жок болду.

Ошондо Бала Курман жолоочуну шилиден ары келтирип туруп, эки тепти да, чалкасынан салды.

- Ме саган ат! - деп чалкасынан жаткан кишини эки колдоп жаактан ары алмак-салмак салгылады. Мен жакын отурат элем, тигилердин эпкини келип тийгенде атып тура бердим. Жолоочу бир кезде колу менен башын коргоюн деди эле:

- Тим кой, ушул жатканың оңой! - деп какшык-тап, колун кагып жиберди. Ыкылдата келип курсакка тепти. Уруп жатат, уруп жатат...

Көптөн кийин төр жаткан кимиси:

- Болду, кой эми,- деди сабырдуу дабышы менен. Бала Курман коймок эмес эле, бирок чарчагандан

кийин токтоду көрүнөт. Урганын токтотту. Киши көптөн кийин ордунан туруп: «жолуңар болгурлар, ушунчаңар туруп, бириң арачалап койбодуң» деген кишидей болуп бети-башын сыйпалап көрүп, ар кайда жаткан тебетейин, топусун терип кийди да кектүү жүз менен ачуусу кайнап, тишин кычыратып, ошол замат чыгып кетти. Ал чыгып баратканда бирөө:

- Эт жеп кет,- деп унчуккандай болду. Буга жооп да болгон жок. Кайта бул сөз ага какшык көрүнүп, ого бетер жанына жайсыз тийди. «Өлбөсөм бир жерде кезигишээрмин!» дегендей кылып, ичинен кекенип кетти. Эт бышып калган. Эми жыргамак болуп жатканда, Карпык мага карай:

- Тур, конокторго суу куй,- деп буйрук этип калды. Коноктор ордунан козголуп, бирдары чапанын чечип, жеңилденип, оңдонуп отуруп жатты.

Эми ары жагында деле, айта коёрдук неме жок, конокторго табак тартылгандан кийин, мага бир кескен карын, бир түйүм ичеги, моюндун бир омурткасы тийгенин гана бир билдим. Элге шек алдырбай карынды жеңиме кымырып койдум. Анткени мен качан да бир кой сойгон үйгө барып келгенде: - Эмне алып келдиң, кичи дей турган үйдөгүлөрдүн карызы эсимде болучу.

Карындан башкасын тез кайсап жибердим да карап калдым. Бирок бул жолу жаңылышканымды артынан сездим. Анткени, жакында бирөө мага устукан бере койгон жок. Эт чыгарган жигит, казандын жанында отуруп, бир карап алды да, кайра мени менен жумушу болбой кызыктырып жей берди. Ушул мүнөттө жалгыз мен карап калганыма ызаланып, «колумдагыны үнөмдөп жебей» деп ойлонуп калдым. Өзүм тик карабаганым менен көзүмдүн кыйыгы элде.

Көптөн кийин элдин мен жак четинде отурган бир буурул сакал ууртунан майын чубуртуп чайнап жатып мени көрүп калды да, тагдырыма түшүнө койгондой:

- Ме,- деп чала мүлжүгөн жиликти сунду. Жанда жок элпектик менен атып турдум. Абийирим эми кичине жабылгандай болду.

Эл этти жеп болгондон кийин «эми эмнеси калды дей-сиң» деп ойлоп, мен жылып жүрө бердим. Тыш караңгы экен, мына бул алдымда тырс-тырс оттоп, караңдаган эки жылкы жүрөт. Биздин үй эбак жатып алса керек. Мен алачыкка жакындай бергенде, кемегенин жанында, төрт бутун койнуна чогултуп, үрпөйүп жаткан барак жүн көк дөбөт тура калып, жазыктуу немече көзүн жалдыратып, шыйпаңдап мага жетип келди. Менин бечаралыгым менен иши жок байкуш, жеңимдеги карындын жытын билип, «ушундан бир үзүп берчи» дегендей, жан-алы калбай, ар жак, бери жагыма чыгып, куйругун булгалап коёт.

Алачыкта абышка, кемпир гана калып, башкалар тышта жаткан экен. Мен төрт балага бир салынган өз төшөгүмдү таап алдым да, жылуу төшөктүн бир четин билдирбей ачып, жанга шырп алдырбай барып жылаандай жылып кирип кеттим...

9 страница11 октября 2015, 09:21

Комментарии