8 страница11 октября 2015, 09:14

8

Мал көккө тоюп калган кез. Төрт-беш түтүн жолчулар кыштагынан ташынып, илгерки жайытына барып конгон. Бир Карпыктыкынан башкасы чогуу бир жерде.

Карпык - Кызыл-Кыядагы элдин байы, башынан ушунда байыган адам. Жаз болсо дайым элден бөлүнүп, жалгыздап барып конуучу. Жолчулар менен мурунтан

ынтымак кошуп көргөн жан эмес. Карпыктын өзү кырк-тын ары жагына кеткен, чокчо көк-ала сакал, көзүнүн ары жагынан арамдыгы көрүнүп турган сүйкүмсүз, түк-сүйгөн сары киши. Түсүнө караганда «адамга жакшылыгы жок» деп жоругудай неме. Эл муну «ач көз Карпык» дейт. «Кымызын элден кызганып барып ошондой конот» дешчү. Бир эсептен элдин айтаары да жөн эле. Өзү эл-ден обочо конуп, бээлерин байлап салып, күндө эки чанач кымызды артынып алып, ары түштүк жерге, Кар-кыра жарманкесине сатып келүүчү.

Кезек-кезек Карпыктыкынан кымыз ичебиз деп барган жолчунун катындары:

- Капыр, ырымың кургур, жаңкы, мисирейген кем-пири качан болсо чыныга куят,- деп келишчү.

Деги чанда бир болбосо мында көп баруучу да эмес. Кызыл-Кыяга келген бий, болуш, улук, жасоолдор гана ушунукунда болучу.

Бул тура турсун.

Бир күнү эртең менен бирөө төмөнтөн түрсүлдөтүп, биздики жакка бастырып келди да:

- Элебес, барсыңбы? - деп үн салды.

- Бар.

- Эмесе бүгүн бир киши бер!

- Эмнеге?

- Чоңкол келет экен. Жол оңдотот дейт. Төмөн жакта жөн эле кыйратып келе жатат.

- Эмне болуп?

- Караколдон улук өтөт экен. Бол тез! - деп, атчан калганын айтпай бастырып кетти.

- «Чоңкол»¹ деп укканда Элебестин мурунтан үшүгөн жүрөгү зырп эте түшкөндөй болду. Өзү сыр бермек-сен болсо да, түсү көрсөтүп турат.

«Чоңкол» - кыргыздын коюп алган аты. «Чоңкол», «стражник» дегенди коюп эле, кийин, «Чоңкол» деп кет-кен. Чоңкол десе бүтүн Каракол үйөзүнүн жаш баласына чейин билет. Аның Чоңкол десе, Чоңкол эле чиркин: эки колу токмоктой болуп, чүйлүсү казыдай буртуйган, муруту чычайып, көзү кутурган иттей кыпкызыл, сүрдүү келген, очойгон чоң орус эле. Бирок бул жеке колу чоңдугунан эмес, элди, көптү урганынан «Чоңкол» аталган.

Күн шашкеге көтөрүлүп калган. Бурмаке бир кезде:

- Кокуй, Элебес, Чоңкол келип калыптыр! - деп, териге ашаткы төккөн аякты боз-ала кылып кармаган бойдон бөкчөңдөп, ашыга кирип келди. Үйдөн көрүп турабыз. Топ Карпыктын үйүнүн жанына жыйналып жатат. Элдин ичинде Чоңкол жана бир топ жасоол, элүү-башы, старчын сыяктуулар жүрөт. Чоңкол ачуусун сыртына жыйнап, каарданып, элди аралап, сөгүп жүрөт. Бир кезде:

- Сенин кишилериң кана? - деп бирөөнө кекетип, омуроолоп келди.

Бул Тогузбай айлынын старчыны эле. Колун сермеп, бирдеме деп жооп берген болуп жатат. Ага болбоду, Чоң-кол акем атчан туруп, жогору болуп, кериле түшүп, басып-басып жиберди да аны таштап коюп, ошол замат жана бирине жетти. Арачалаар жан жок, таяк жегендер эринен качкан катындай корголоп, башын качырып жүрөт.

Элебес үйдүн ичинде жыртыктан шыкаалап турган. Бир кезде жыртыктан мындай болуп, мага карады да:

- Сен барчы,- деди.

Мен барып, жеткен кезде Чоңкол жыйналган топту койдой айдап жөнөп калган. Эл ошондон эле даңгыр жолго түшүп, жолдун ташын терип, кетмен, күрөктөрүн сүйрөп, жол оңдоп кирди. Жайпап жүрүп отуруп, Кызыл-Кыянын так түбүнө келгенде, эл ушунда убадалаш-кандай туш-туштан агып, жыйналып бир берди дейсиң... Пай-пай, бүтүн бир үйөзгө караган жан калган эмеспи, кандай.

Арытан шыдыр келип, ушу жерге жеткенде көпкө токтотту. Аңырайган, суу жеген аңдарды толтура албай түшкө чейин буйдалдык. Тыным алуу деген жок, Чоңкол сырттан багып, аңдып жүрөт. Бирөөнүн баш көтөргөнүн көрсө кутурган карышкыр тийгендей кылат. Торгойакун экөөбүз жүгүрүп, этегибиз менен топурак ташып жүрөбүз. Бирөөлөр: «баш көтөрбө, Чоңкол карап турат» деп коёт бири-бирине. Бир жерде чымды бырт-бырт сайып жатса, эми бир жерде сом темирлер чакылдап, төөдөй таштарды кулатып жатат.

Ушул убакта Чоңкол атын баса бир камчылап алды да топтун ичинен бирөөнү көздөп качырып калгандай болду. Эл жарыла берди. Ошондоң качырып барып, эл-Дин ортороок ченинде бешмантчан, чыкыйып турган бир кызыл жигитти, токмоктой колундагы муздай камчы менен басып-басып алды. Жигит сынып бараткан чыбык-тай кайкалай түшүп, мындай качып чыга берди. Эл аны көргөн соң, күрөктү баса-баса сайып тез кыймылдап, жабар-жубур болуп, заматта тириле түштү.

Бул унуткарылып калган кезде, биздин этегибизге топурак салып берип турган жигит, чым сайып жатып, жанындагыга кыйгачынан карап коюп:

- Жармадан бир кылт этип алсак кантет? - деди астыртан шыбырап.

- Саатыңды кой айланайын! Бир аяк жарма жутам деп, Чоңколдун камчысын жегидей алым жок,- деп жооп берди берки.

Чоңкол элди ылдамдатып, айдап салды да өзү береги бир эл тегиз көрүнө турган дөңгө түшүп алып, атын бирөөгө карматып коюп, тамак ичмек болду. Эки киши таманы жерге тийбей эбелектеп, жагынып, тамак ташып жүрөт. Өзү кыргыздын тамагына көнүп .алган. Алдына килкилдеген козунун эти, кымыз, боорсок дебей жайнап келди. Жалгыз өзү тарпка конгон жорудай ээн-жайлап отуруп алып, элди карап, мурутун кайра сылап коюп, ширин тамактарга оозун агытып жатат. Мен топурак ташып жүрүп, көзүмдүн кыйыгы менен карап коём. Чоң-колдун алдында жайнап турган тамактарды көрүп жана кызыктырып жеп жатканына чыдабай шилекейим түшүп кетти.

Бешимде Кызыл-Кыянын ары бетин аштык. Бул жакта көп анчалык аң, суу жеген жерлер жок экен. Ошондуктан жолдун ташын гана терип, илгери карай шыдыр жүрүп келебиз. Торгойакун экөөбүз жыңайлак элек, ушул жерге келгенде ташыркап, жадап калдык. Таманыбыз ысып, жерди көргүсү келбейт. Эми мындан ары сүйрөбөсө жүрө алар эмеспиз. Качалы деп акыл кыл.

- Макул,- деп ал менин сөзүмө кошулду. Болжошкон жерге келгенде экөөбүз элдин артында

калдык. Эл жайнап, дөңгө чыгып барат, биз эңкейип, жолдун ташын терген болуп элден улам кийиндеп, калып отурдук. Эл дөңгө жуп чыгып, ары карай ашып кеткен кезде биз ошол кабакты бойлоп, төмөн карай кирип кет-тик. Эл көрүнбөй калган. Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк.

Ошондон чыгып, күн батаарда Кызыл-Кыянын бери бетине араң эңкейдик. Жолду ката калдырап бараткан киречилер. «Соп-соп» деп кыйкырык-сүрөөн менен кыядан чыга албай жаткан өгүз арабалар...

Ал күнү үйгө жетпей, Кызыл-Кыянын түбүндө бир тааныш үйгө конууга туура келди. Эртеси мындан чыгып келе жатып, жолдо Бабайдыкына (орус Абышканыкына) тие кетейин деген ой менен мен барып, так жумуш-тун үстүнөн чыктым. Бабайдын кемпири короосун күрөп жатыптыр. Мындай учурлар көп туш келе бербейт! Кубанып кеттим. Жумушту көргөн соң баатыр болуп, түз эле короого шып кирип бардым эле, алы кетип, калжырап турган кемпир, оюмду түшүнө койгондой күрөгүн мага бере салды. Ал кыргызча, мен орусча жалгыз ооз билбесем да, бири-бирибиздин оюбузду башынан түшүнөбүз. Кем болгондо бир жумадан бери жыйналып жат-кан малдын тезегин күрөп болуп, кардымды кампыйтып, көңүлүмдү жайлап алдым да, жалган түштө үйдү карай жол тарттым...



¹ Чоңкол деген стражник.

8 страница11 октября 2015, 09:14

Комментарии