7 страница10 октября 2015, 19:21

7

Кыш. Чилде түшүп, аяз барынча күчөп турган кез. Биздин үй жата элек. Бирок түндүн далайы болуп калды. Көп бүлөө бир үйдө коломтону тегеректеп араң сыгылып отурабыз. Менин бир тизем отко жетпей бүктөлүп сыртта калды. Ушундайда мына булар малдаш ур-бай эле отурсачы! Башарин попоросту дайым катынынан жашырып, биздикине келип тартчу. Мына мында башкалардан жогору болуп уңкуюп ошол да отурат.

- Кыргыздын үйүнө кирсе кишинин алды жылып, арты муздайт экен,- деп коёт.

Эне-атасынын эбак өлгөнү менен иши жок. Бекдайыр байкуш, берегинде көз жашын көлдөтүп, кардына бирдеме сурап отурат. Эң кичүүбүз ушул. Мындан башкабыз аз да болсо, бирдемеге түшүнүп отурган сыяктуубу

Жанымжан жеңебиздин (Бейшембинин зайыбы) кыялы башынан ошондой эле:

- Ыйлаба, көзүң аккыр! Утур эле сага берип отургандай мында толуп туруптурбу? - деп оттун табына кызып турган ысык кычкач менен Бекдайырды шыйрак-тан ары салып калды. Ал чочуган бойдон аткып, бутун тартып алып, чаң этип, ачуу дабыш менен бакырып жиберди.

- Алда караңкүн ай, Каныша4 өзү өлбөй эле, мени тирүүлөй бир бейпайга салып кеткен турбайбы, кокуй!- деп кейип Жанымжанга карады Бурмаке.

- Ыгы жок киришпей отургулачы ары! Булардын ата-энесин мен карызыма бердим беле? - деп, Жаным-жан суук жүзү менен кайра атырылды.

Ансыз ичи бышып тура албаган, ушундай эле чыр-чатакты күтүп тургандай, эзелтен кайгы менен үйүр Элебес бир жагынан илип алып:

- Караңгүн ай, катыгүн ай...- деп ого бетер ырбатып жүрүп кетти.

Суук ырылдап турган колтугунун тешигин кымтып коюп, бүрүшүп, ыйлап отурган Бекдайырды көрүп, жаны ачыгандай Башарин:

- Ай, байкуш! - деп акырын гана унчугуп, башын чайкап, бурулуп кетип, артында турган сынык каш ээрге карады.

Башариндин ушул көрүнүшү биздин оор абалды түшүндүргөндөй эле. Бирок, бул анын сөз жүзүндөгү гана «боорукерлиги» го. Болбосо ушунчалык бай туруп, бир кайыры тийбейби? Биз жайды-кыш дебей Башариндин бар жумушун бекер кылып беребиз. Жазында чөп үйгөндө, кош айдаганда, кышында короодон кар тартканда мен атка минип берем. Ала жаздай музоосун кайтарам. Ошончолук эмгегим сиңсе да бир эскисин берген жан эмес. Быйыл гана баласынын бир кайыш курун көпкө асылып жүрүп, араң колго түшүрдүм. Аны да бир далайга сүйрөп, атасына кеңешип туруп анан берди.

Жанымжан болсо жайдыр-кыш дебей декилдеп, таң заарынан туруп барып, мунун уюн саайт. Жетимиш-сексен уй сааш оңойбу? Ушунун көбүн сааган Жанымжан. Уй сааганда болсун, жана башка ар кайсы жумуштарда болсун, бул арада Жанымжанга тең келген эч ким жок. Бул жагынан Башаринге жаккан. Уюн саап бергенде анын берери - машинадан чыккан көк кашка сүт. Ушул бир чака сүт үчүн кай жеринен жазып калаар экенбиз деп, бир Жанымжан эмес, баарыбыз анын көзүнүн агы менен тең айланып, самаганын кылып берер элек. Минтпеске арга жок. Анткени, бир үйдө каптаган топ бүлөөнүн ачтан өлтүрбй жанын алып калып отурган ушул бир чака сүт эле. Бир чака сүткө бир чака суу кошобуз, ал эки чака айран болот. Оокат!..

Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы - Жумабекке бир эски бешмант бер-ген. Бирок бая күнү келини Жанымжан менен бирдеме-ден улам уруша кетип, анын ачуусу менен Жумабекти талаадан кармап алып, чыңыртып басып туруп, бешмантын кайра сыйрып кеткен.

Жатар кез болду. Биз алты жетим бир жатабыз. Бизге төшөк салганда эч кимдин кабыргасына бата турган деле неме жок. Алдыбызга күндөгү көнүмүш кара кийизди жая салып, үстүнө бир жаман жуурканды таштай коёт. Бар болгону ушул. Эми башыбызга жеткен күнү тердик, желдик, тийип калат да, жетпеген күнү бу да жок.

Жаттык. Төрдө жаткан бирөө бат эле корулдап уйкуга кетти. Тышта кутурган бороон карды челип, ыргы-тып турат. Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат.

Беккул кереге жак четте жаткан. Ал да үшүгөн белем, бир кезде буту-колун жыйнап, бүрүшүп, бери жагына оонап жатты. Ошол мезгилде түнкү бороонго кошулуп, алыстан бир коңгуроо дабышы безеленип келе жаткандай болду. Дабыш улам жакындаган сайын катуулап келе жатат.

Элебес сак жаткан белем:

- Кокуй, жетип калды! - деп ыргып туруп, караңгыда керегеден бирдеме издеп жүрүп, кайсалап жүрүп мени ойготту.

Аңгыча болбой, бу жерге келип калганбы:

- Оо, Чодон! Оо, Элебес! - деп бирөө жолчуларды катарынан кыйкырып ойготту да, өзү токтобой зуулда-тып айдап кете берди.

Чыла жыттанган караңгы кепеде токулуу турган даяр аттарды мине коюп, биз да кечикпей жөнөдүк. Мен Бурмакенин чапанын чубалтып, тонумдун сыртынан кийип алгамын. Аттанганда этеги бутумдун учуна оролуп калды.

Ушундай калайман түшкөн караңгы, бороондуу түндөрде кулактын курчун алып, алда кайдан ызылдап келе жаткан коңгуроонун тириде жок, ачуу дабышы шордуу жолчулардын жүрөгүнө далай тийген. Аларды таттуу төшөктөн уйпалап, далай ойготкон!..

Кетип калган почтого сабап отуруп, ашуунун түбүнөн жеттик. Эми саал кечиксек, көргүлүктү ошондо көрмөк экенбиз. Кар найза бою түшкөн. Мындайда почтонун аттарын чубатып кошот. Күндөгүдөй кылып, аттарыбызды чананын алдына дароо кошуп жиберип, жөнөп бердик.

Атаңдын көрү, кыянат арам, почтонун өз аттары деле ойноп чыгып кеткендей экен. Көрчү, алдында барат-кан бизди тепсеп кеткени жүрөт. Амал жок, «Улуктун иши - кудай иши», улук кылган соң чара барбы?

Ашуунун орто ченине келгенде Элебес минген тору бышты кашайып туруп алды. Бул шордууну Бейшемби бүгүн Башариндин көпөсүн тартам деп минип барып, курутуп келген. Муну көргөндөн кийин почтого барат-кан төрө чанадан ыргып түштү да, Элебести чакырды. Элебес чанадан атын чыгарып, карга сорок-сорок сайылып төрөнүн жанына келгиче, ал бир жорук баштоочудай колун эптүүлөп, оңдонуп турду...

Чакыргандагысы ошол экен: Элебести аттан калпактай учурду да, жаңы жааган терең карга будалап, кечикпей узунунан салды...

Почто келгенде жолчулар кечигип, же ашуудан аты тартпай калса төрөдөн көрө турган сыйы башынан ушул. Бул жолчулар үчүн түбөлүк турган бир закон сыяктуу эле. Кечээ күнү Назыр бучук да жаман аты менен барып төрөдөн таяк жеп кайткан.

Биз ашуудан почтону чыгарышып, таңга жуук кайттык.

Ушунун эртеси бир кырсык болду. Күн бешим убак эле. Бир кезде кошунабыз Байболот:

- Э кокуй, Бейшемби, биздин уй менен силердин уйду Көлгө³ кууп кеткен турбайбы! - деп алактап биздикине кирип келди.

Байболот кырк чамасында, куйтуйган гана бекенек, чымыр киши. Чоң ачылбаган, бүтүйгөн, чылк каштуу көзү бар. Жүз камчыласа чым этпеген, казысы көнөчөктөй бир кашка айгыры болучу. Мунун «күлүктүгүн» ошондон баамда: кээде, баласын урам деп айгырын минип алып кубалаганда, жөө немеге жетпей калуучу.

Жаңкынын жөнү мындай экен: Мындан бир нече күн мурун Жылуу булактын оюнда өңчөй зөөкүрлөр бозо ичип отуруп мастыктан чатак чыгат. Чатак тышта баш-талат. Карымбай деген бир байдын баласы атчан барат-кан бирөөнү чокмор менен көк желкеден ары берип калат. Ал ошол түнү кечке жатат да, жылдыз толгон кезде жан берет. Муну өлтүргөн жигит, биздин эл - Боордон, өлгөн жигит Жапак уруусунан болот. Ал өлөрү менен кун алабыз деп, бүтүн Жапак аттанып, таң аткыча Боордон жылкы тийип чыгат. Эртеси эки жактын эл билермандары баш кошуп, сүйлөшүп, бүтүм чыгарат. Боор кун үчүн түтүнгө бир карадан бермек болот. Чатак ушуну менен аяктайт. Бүгүн биздин уйду талаадан кууп кеткендин мааниси да ошол экен.

Байболот жаңкыдай деп кирип келгенде, Элебес насыбай ийлеп отурган жан аягын кармаган бойдон:

- Эмне дейт, катыгүн?! - деп көзүн чоң ачып, Бай-болотко тикийип, отурган жеринде катып калды.

Жайды түшүнгөндөн кийин Бурмаке:

- Жалгыз уйга көз арткыча балаңдын күнүн көрбөй кал! Жетимдердин убалы уктатпасын, арамдар! - деп жер-жеберине жетип, каргап-шилеп коё берди. - «Эки дөө кагышса, орто жерде кара чымын кырылат» болуп, тоюп семирген арамдардын кесепети бечара карыптарга тийчү болду...

Бул тууралуу биздин бир тыйынча жазыгыбыз болбосо да:

- Окшошкон салыктар, эми отургула, кудай силерге берди! - деди Жанымжан. Бул сөздү кимге көздөп жибергени белгисиз, айтор жетимдердин баарына орток айтылгандай болуп туюлду.

- Алда караңгүн ай, катыгүн ай. Карап эмне турбадыңар? - деп таяк жеп, алгандан кийин басылып жаткан күчүктөй кыңылдап, Элебес өзүнчө кетти.

Байболот кирип келип, эшиктин алдында турган бойдон жер карап бир топ ойлонгонсуп калды да:

- Атасынын көрү, мен кайсы аялуу кул элем, бу көрөкчө ошолордун колуна барып өлүп берейин,- деп күүлөнүп чыгып кетти. Ал чыгып кетээри менен бир аз туруп:

- «Жатып өлгөнчө атып өл» деп сен да барсаңчы Бейшемби - деп, Элебес туурасынан Бейшембиге бир карап алып, кайра жактырбаган кишиче мойнун буруп кетти.

- Барам. Барбаганда силер эми мында менин кулак-мээмди жебей тынч койгон турасыңарбы? Андан көрө...

Бейшемби уйдун артынан Көлгө чейин кууп кетти. Бирок арадан бир-эки күн өтпөй: «Бейшемби Көлгө барып, уйду талашам деп таяк жеп калыптыр.

Сен кайдан чыккан тентексиң деп жакшылар, бир тобун тукуруп ургузуп коюптур» деген кеп угулуп калды.

- Мына, ээрчиген бир кишиси менен Бейшемби бүгүн өзү да келди. Ал баягы айтылуу Карабай старчын. Дагы эмне балээ менен келди экен?

Уйдун тарыхын айтып бүткөндөн кийин, бир аз туруп Бейшемби:

- Он беш сом чыгым түшүптүр, эми кайдан таап бердик? - деп Элебеске карады.

- Эмне чыгым ботом? Чыгымын кечээ эле бербедик беле? Дагы эмне балээси чыккан!

Бурмаке эч кимдин өңүнө карабай өзүнчө кобурап:

- Айтор жакшылары кургур чыгымдан көз ачырбас болду го. Жетимдерди эптеп, алдап-соолап отурган жалгыз уйду кууп кеткени аз келгенсип, эми эшиктеги жалгыз чолокко көз артып калганбы! - деди.

Төрдө, жаман шырдактын үстүндө отурган чекир көз старчын колунда эрмектеп, сындырып отурган жалгыз тал куурайын отко таштап жиберди да, Бурмакеге жооп берчүүдөй оңтойлонуп келип:

- Ээй, байбиче, журт менен бирге көрүш керек. Журттун ынтымагынан чыгып болобу,- деди салмак менен гана көптү көргөн, эстүү киши болуп.

- «Ынтымак» деп жүрүп да сыйпалып бүттүк. Ырамат, чыгымын улугу бир салса, жакшылары эки эсе кылып отуруп, мындагы элдин аягына да чыкмак болду. Биз эми кайда барып баш калкалайбыз... Кайда барып күн көрөбүз? - деди Бурмаке нааразы көзү менен старчынга жалт-жалт карап алып.

Эртеси, чөп чаап берүүгө чыкса алып берейин деп чыгымдын акчасын издеп, Бейшемби таң заары менен Василийдикине аттанып кетти. Старчын илээшип айдап алды.



³ Ысык-Көлдүн айланасында турган жерлерин ар уруу өздөрү "Көл" дешчү. Биз жактагы: Кең-Суу, Сары-Тологой, Чоң-Таш да ушул мааниде айтылат.

7 страница10 октября 2015, 19:21

Комментарии