6 страница10 октября 2015, 19:08

6

Жолчулар кыштагында.

Мындан бир нече күн мурун: «Ар болуштан төрт солдат алынсын. Алынган ар бир адамга төрт жүз сомдон акча берилсин» деп уйездден, болуш-болушка буйрук тараган эле. Ушундан көп узабай: «баягы Урманбет солдатка кетмек болуптур» деп угуп калдык. Ушунун аныгын билип келем деп, Бейшемби Көлгө кеткен.

Бейшемби келгенде биз кепеге чөп үйүп жатканбыз. Жанымжан үймөккө чыгып, Элебес жерден алып берип турган. Бейшемби түшүп атын байлай электе:

— Баягы ырас бекен? — деди Элебес, турган жеринде айрысын кармаган бойдон.

— Ырас...

Элебес айрысын чөпкө кынай сайып таштап, Бейшембинин жанына басып келди да эңкейип, кончунан чакчасын алып, өлчөп туруп оозуна бир тартым асмайды кагып жиберип:

— Кана, кеп урчу! — деди оозун бүйрүп, мурчуюп.

— Биздин Эркесары¹ солдатка бир киши бермек экен. Ошого Урманбетти жазып бериптир,—деп келатканда Элебес:

— Болуш кармап бериптирби? — деп сөздү бөлүп калды.

— Иши кылып, жакшылар ошону эптүүлөгөн көрүнөт.

— Ал Көлгө кайдан барып жүрөт адам?

— Көп жылдан бери жедеп эриккен соң, быйыл элди көрүп келейин деп, бир башы ооп барып калган окшойт. Ал барган кезде жаңкыдай иш болуп жатыптыр.

— Теги, кайсы жерлерде жүрүп келиптир? Бейшемби кырчоодо байлануу турган атын бир карап

алып, бартайган колдорун карсылдатып ушалап койду да.

— Бул жолу ырдыкта, дуңганда жүргөн жеринен чыгып барыптыр,— деп бир аз унчукпай ойлонуп калып, артынан мындай деди:

— Кеткени менен өзү кетпей элге чаң салып, жаман аттуу болуп кетмек болду. Солдатка жазылгандан кийин Караколго барып, келип алып жакшылардын атын жыгып минип, бүтүн Эрке Сарыны чаңдатыптыр. Жана сол-датка кеткендерге төрт жүз сомдон бермек экен: анын эки жүз элүү сомун жакшылар² олжолоп кетиптир...

Мунун баары кийин чын болуп чыкты.

Бул мындай болот. Бир күнү Жылуу Булактын боюн-да жакшылар жыйналып топ кылып жатат. Ошол кезде Урманбет Аралдан аркыратып келет да, топтун үстүнөн чыгып көсөгөндөй барып, Ыбыке болуштун атын тала-шат. Ал жерден «муну кой, уят, башка самаган атыңды алып берели» дегендер болот. «Мындан бөлөк атты минбеймин» деп ал карышып жатып алат. Ошенткенден кийин, Урманбетти бир тобу жабылып урмак да болушат. Урманбеттин ырайымсыз түрүн көргөн соң, Ыбыке өзү да чочулап:

— Кой, эми бул капырды жайына койгула,— деп башкаларын тыйып коёт. Урманбет акем Ыбыкенин тору кашкасы менен зымырап жолго түшөт.

Ошол күнү эле: «Урманбет солдатка жазылып келип, болуштун атын миниптир» деген кеп, бүтүн Эрке Сарыга тарап кетет. «Эми Урманбетти болуштун кусуру урат» деп жорушат. Катын-калачтар болсо:

— Капыр, мындайды көргөн эмес элек! Өңгөдөн да ушул болуш акемдин атын мингени эмине жакшылык, ырымың кургур? Ушунча болуп, атын минмек түгүл, алдынан кыя баскан жанды көргөн жок элек. Эми анын кусуру урбай коёр дейсиңерби...» деп бир жагынан чуулдатып жөнөйт.

Ошондон кийин шашып калгандай Ыбыке дагы:

— Эми бу каапырга теңелип болбойт, андан көрө ал-дап-соолап тезирээк көзүн жоготкула,— дегенге келет.

Айтсак көп, анын бүлүгү тууралуу түркүн-түркүн эле сөздөр угулуп жатты.

Урманбет кетээрде Кызыл-Кыяга келип кетти. Кечке жуук эле. Айылдын алдындагы суунун боюнда топ бала болуп, ойноп жүргөнбүз. Ошол кезде карагер атчан, сур кийимдүү зыңкыйган бир солдат төмөнтөн чаап келди да биздин үйгө түштү. Мен тааный коюп:

— И, Урманбет келди,— дедим. Беккул экөөбүз жарыша жөнөп бердик. Артыбыздан бир аз элтейип туруп-туруп бир кезде Торгойакун да жөнөдү.

Биз келсек Урманбет үйдө жайланып, отуруп калыптыр. Баягы Урманбет эмес: үстүндө сур шинели бар, ичинде төш чөнтөктүү сур көйнөк, бутунда кычыраган жаңы, сары өтүк... бар кийими жарашып түптүз, типтик, чарчы бойлуу, зыңкыйган, бир сындуу солдат болгон да калган! Баягыда ушул жол менен Германияга жөнөткөн солдаттардан түк айырмасы жок. Жалгыз гана башында кыргызча көк көрпө тебетейи бар. Бу жолу алынгандардын баарына ушундай кийгизиптир. Бул кыргыздан алган солдаттардын белгиси сыяктуу. Менин көзүмө Урманбеттин кийимдеринин баары жарашып, алда эмнедей көрүнөт. Өзүнүн көңүлү да көтөрүңкү. Үйдөгүлөр менен мурункудай, дулуйбай, ачылып бажырашып отурат. Кыязы, менден мурун да бир топ сөз болуп өтсө керек.

Мен киргенимди эч ким элең кылбаган сыяктуу. Урманбет гана бир кезде, оң колтугунда отурган мага карап:

— Садага болоюн, өлбөсөң сен да бир адам болорсуң? — деп колдойгон эби жок, салмактуу колу менен жарылып кетчүдөй чебердеп, чекемден ылдый карай сылап койду. Бул сөздү эмне үчүн айтканын мен түшүнгөнүм жок, айтор не болсо да ырайымы түшүп турганын сезип, эреркеп, боюм жылып кетти.

Бурмаке бир кезде өзүн каптап быкшып турган кезек түтүнүнөн башын мындай буруп, Урманбетке карады да:

— Э балакетиңди алайын, болуштун атын минипсиң, ал эмнең? Бирөөнүн каргышына калып жүрбө. «Досуңдан душманың көп» деген. Антпей, тобо келтирип жүр алдыңа! — деди жумшак гана чын ниети менен.

Бул сөз Урманбетте бир бүркүм сууча даарыган жок.

— Колуман келсе аларга дагы мындан чоңду кылар элем.

Баятан унчукпай отурган Элебес, бу жерге келгенде аралаша түштү:

— Анан ошончо журттан барып көзөгөндөй Ыбыкенин атын мингениң эмнең? Элдин баары «мындайды көргөн эмес элек» деп, кеп кылып жүрөт. Ошонун түбү өзүңө жакшы болобу?..

Урманбет буга да чым эткен жок. Кайта кайратына келип:

— Мага башка эмес, так ошол Ыбыкенин өзү керек болучу. Атасынын көрү, өмүрүмдө өчүмдү бир алдым. Эми колунан келгенин эл менден аябай ак койсун. Мен болсом эрте көрө жүргөн кишимин,— деди.

«Мунусу текебердик болбос бекен» деген кишидей, Бурмаке ойлонуп калды да бир аздан кийин:

— Алдыңа кетейин, деги урунуп-беринбей, артыңды байкай жүр. Элдин каргышы деген жаман болучу. Өзүң алыска кетип барасың,— деген болду.

Урманбет Кызыл-Кыяга бир эле түнөп кетти. Эртең менен эле. Бүгүн күздөн кабар бергендей күн суук тар-тып, теректин жалбырактары куюлуп, жер бети сөөктөй кубарып, аба салкындап, чыкыроон тартып турган. Мынабу асманга төбөсү тийип тургандай, бийик заңгилди минип турган коюу, кара булут түнөрүп, улам калыңдап, бери карай чабуул жасап эңкейип келет.

Урманбет аттанып алган. Биз тышка чыкканда кошунабыз Байболот, ары жактан басып келди да, сол колу менен көзүнүн шоросун сүртүп жатып:

— Кош эми,— деп туурулган колун сунуп, ошо жер-ден таман ообой туруп жана: — Эми качан кетесиңер?— деген суроо берди.

Урманбет көчүгүн козгоп, оңдонуп отуруп жатып, дагдайган, кең көкүрөгүн жогору көтөрүңкүрөөк коюп, кайраттуу көзү менен кыраандай алыска карап калып:

— Ушундан Караколго барар менен жөнөтөт,— деди.

Атын камчыланып, эми жөнөй берерде, каргылданган үнү менен Бурмаке:

— Кош эми, алдыңа кетейин, кудай оң жолуңдан берсин! — деп карыган көзүнөн сымаптай мөлтүрөп, бетиндеги бырыштын изи менен кулап келе жаткан жашын жолдон тосуп алып, чертип жиберди.

Урманбет кайрат менен атын бир камчылап алды да жолго түштү.

Жогору бара түшүп, бир тумшуктан бурулуп кетип, ошо бойдон өмүрлүккө жоголгондой болду. Мен элден жалгыз калып, анын карааны жоголгуча жаңкы жерде таман ообой карап турдум да, көрүнбөй калгандан кийин бир аз туруп-туруп, үйгө кирип кеттим.

Түшкө жакын, чегедек жүктөп келебиз деп, күрөң өгүзгө учкашып алып, Бейшемби экөөбүз тоого кеттик. Сайда кетип баратып, адатындай зоңкулдап, Бейшемби ырдап коёт. Мындай чыкса кайталап ырдай берүүчү бир ыры бар эле. Бул менин да кулагыма сиңип калган:

Сулууну сулуу дейт экен,
Сулууң да сулууң курусун.
Суктантып жанды жейт экен,
Жакшыны жакшы дейт экен,
Жакшысы да курусун,
Жалбартып жандый жейт экен...

Бейшемби ушул ырын айткан сайын мен жакшылар тууралу соңку үч жолдун маанисине түшүнө албай «жалбартып жанды жейт экен» дегендин себеби эмне деп ойлонуп калар элем.







¹ Эркесары – биздин элдин уруусу. Жонунан айтканда боор дейт.
² Элде – "жамандар, жакшылар" деген эки термин болучу. Жакшылар деп – бий, болуш, манап сыяктуу – эл билермандарын; жамандар деп – кедейлерди, батрактарды айтышчу. Бул терминди манаптар чыгарган болуу керек.

6 страница10 октября 2015, 19:08

Комментарии