5
Кийинки жылы жайында Элебес мени Василий деген адамга малай берди. Уй кайтарам. Василийдики Түптүн аркы өйүзүндө, Чоң Булактын оозундагы түздөгү жалгыз үй. Аппак шыбаган үйү алда кайдан жаркырап, көрүнүп туруучу.
Биз аттаналы деп жатканда Бурмаке:
- Эми жакшы жүр, ушинтип оокат кылбасак анан өзүң үйдү көрүп турбайсыңбы? - деди мага.
- Барамын, кайта жакшы болот - дедим мен. Тышка чыгып, мени аяктап, учкаштырып жатып дагы:
- Деги эмне бермек болду? - деп Элебестен сурады.
- Айлыгы эки сом.
- Мейли, эки сом болсо да бирөө бекер береби,- деди, аттанып алган бизге шыкырайып туруп.
Биз аттанганда асман бүркөлүп, төбөдө бир кара булут ары-бери уюлгуп, жел согуп, күн салкындап турган. Анткени менен көптөн бери күн жаабайт.
Талаа менен келебиз. Береги биздин алдыбызда Башариндин көп ую жер жайнап жайылып жатат. Уйчу күн бүркөк болсо да кеч жакындаганын сезгендей узун камчысын булгалап, ышкырып, айдай баштады.
Элебес эзелтен жөнү жокко капачыл, күйкөлөк адам. Кезек-кезек тору байталды курсакка күрс-күрс теминип алат да, капалуу, күйкөлөң сөзү менен кейип өзүнчө бирдемелерди кобурап кетет. Бара түшүп, иренжиген түр менен чыгыш жакты мурчуюп бир карап алып:
- Кудайдын күнү да бир тамбас болду! - деп коёт. Мен унчукпаймын. Эки жакты улам алмаштырып карап коём. Элебес байталды жана бир теминип алат да:
- Кудай бизди эмине мынча кууратып жасадың экен...- деп кобурап кетет.
Элебестин күйүк сөздөрү эзелтен кулакка сиңип, көнүмүш болуп калгандыктан үйдөгүлөр аны көп элес да кылбайт. Өңү дайым ачуу дары жуткандай тырышып туруучу. Өзү буурул сакал болуп, карып калган адам. Бирок «бул неге мындай» деп, мен ошонун күйүк сөздөрүнүн тамырын издеп, далай ойлончумун. Ушундай болор-болбоско капаланып киргенде кээде Бурмаке: «баягынын ачуусу дагы кармадыбы? Дүнүйөдө бир жаркырап отурар күнүбүз болор бекен?» деп коёр эле.
Василийдикине күн бата бардык. Василий орто бойлуу гана курсагы чоң, челкейген адам. Көйнөкчөн болуп тышта жүрүптүр. Бизди көрө коюп:
- И, келди? - деди, муруту менен билинер-билинбес жымыйып.
Түшүп үйгө кирдик. Кире берген жерден, төркү үйүнөн чокуна турган сүрөтү көзгө учурай түштү. Мага бул анча таңсык эмес, мындай сүрөттөрдү Башариндикинен да көргөмүн. Тамаша мына бу керебетинин тушуна кадаган чоң, боз сүрөт экен. Өзү сансыз бир көп аскер: уруш, аты «Кыйратуу». Жоо менен алышып, мында бирөө кылыч менен качырып келип, бирөөнү салып жатат. Жоого тийсең ошондой тий! Бери болжогондо бир миң аскер, качкан жоонун артынан чубап, күркүрөгөн сууга жаңы кирди.
Василийдин мурду коңкойгон, узун бойлуу көк көз катыны, үйгө кирип келген сары баш жөжөлөрдү чыйпылдатып, «киш-киштеп» айдап салды да, мештен бир кара чөөгүндү сууруп чыгып, бизге шорпо куюп келди. Үч-төрт жумуртка, эки кескен нан койду.
Тамак ичип олтуруп, Элебес тигилер менен анда-сан-да бирдеме деп, сүйлөшкөн болуп коёт. Василий өзү кыргызчага тантыр-мунтур. Мунун бойго жеткен бир сулуу кызы бар. Бул үйдө кыргызчаны таза сүйлөгөн ушул.
Тамактан кийин Элебес аярдабай аттанып кетти. Чет жерде туткунга түшкөн адамдай бирөөнүн көзүнө карап, мусаапыр болуп, мен калдым. Жатаарда катыны мага бир таарды колтуктатып, өзү менден боюн обочо алып, сокур кишини жетелегендей оозгу үйүнө жетелеп, алып келди да:
- Ушундай жат,- деп бурчту көрсөтүп, кетип калды. Көрсөткөн жерине таарды жая салып, үстүмө тонумду жамынып жатып алдым. Жымжырттык баскан момураган жумшак түн. Менин маңдайымда, чабыранын ичинде, үрпөйүп, бир тоок жатат. Мынабу мештин түбүндө мойнун куркуйтуп жаңыдан чөгүп жаткан каз болсо керек. Ошол арада, караңгыда көрүнбөй «мыяулап» дагы бир мышык жүрөт.
Бир аздан кийин ай көтөрүлдү. Терезеден тийген айдын шооласы үйдүн ичин жаркыратып жиберди. Тыш тыптынч, үйдүн жанында, жайдак короодогу уйлар эбак жуушап калган; бери четте, арткы буттарын ирээтсиз керип жиберип, эринип, дардайган бир күрөң уй жатат. Ушул кезде дүйнөдө шырт эткен шыбыш өчүп, Василийдин деңиздеги аралдай жалгыз үйү, толкунсуз көлдө токтогон кемедей каалгып, мемиреп турду.
Эртең менен уктап жатсам бир кезде Василий мени түртүп ойготту да, уйкулуу көзүм менен жетелеп алган бойдон кетти. «Кайда алып барар экен?» деп, жетелеген жагына кетип барам. Ээрчитип отуруп, үй артындагы арыктын боюна алып барып, агып жаткан сууну колу менен жаңсап көрсөттү да, мени таштап коюп, кайра кетти. Анын оюна эми түшүндүм. Мунусу бетиңди жуу дегени окшойт. Анын артынан: «менин эмнемден жийиркенди болду» деп бир ойлоп алдым. Эртең мененки жаңы салкын сууга жуунуп, кир көйнөгүмдүн этеги менен будалап, сүрткөн болдум да короону тегеренип кайра бастым. Катыны уйду саап коюп, үйүнө кетип баратып, мени көрүп, чала бурула калды да:
- Айда, тамак ашасаңчы,- деди.
Кечээкидей жерге отургузуп тамак берди. Тамактан кийин тышка чыгып баратсам, Василий эшиктин алды-нан колумдан кармап, токтотуп алды да, уйларды кайда кайтарууну түшүндүрдү. Бир топ уккандан кийин мен:
- Билем,- деп башымды ийкедим.
Асман кирсиз ачык. Күн бүгүн кандай көңүлдүү тий-ген! Отузга жакын уйларды алдыма салып алып, Түп суусун бойлоп төмөн карай кирип кеттим. Жалгызмын. Көңүлсүз, киши эриге турган. Эки жагыма караймын. Бирок, мага көрүнгөндүн баары алыста. Тээ береки мунарыктаган, алда кайда бир түздө өгүздөрүн өңкүлдөтүп ары-бери чапкылап ойноп эки койчу жүрөт. Койлорун ийрип, жуушатып салыптыр. Андан ылдый, сай боюнда көп уйду камап таштап эки киши отурат. Тиги бирөө сайдан чыгып бараткан уйларды таш ыргытып, кайра тосуп салды. Кандай ырыстуу немелер деп, ойлоп коём. Бирок барыш мүмкүн эмес, алыс, чоң суунун ары өйүзүндө, жана күкүк болуп, суу кирип жаткан.
Көп болду. Уйлар токтобойт. Күн ысыганда ого бетер тынчы кетип, куйругун шыйпанып, чычаңдап, сайгак-тай баштады. Ошол арада мен бар уйду жыйнап айдап келип көгөргөн бир иримге туюктап, камап салдым да, өзүм бир жагынан тосуп туруп алдым. Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып ток-той калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи! Аңгыча болбой бар уй чакчелекей түшүп, кызыл уйдун артынан жана бир тобу сырактап жөнөп берди. Жоо тийгендей чачылган уйлардын кайсы бирин тосорумду билбей туруп калдым.
Эртең менен короодон чыгып баратканымда кожоюнум:
- Балчелекке жибербе, ато жиберсе...- деп, сөөмөйүн көрсөтүп калган. Ошол эсиме түштү. Айткандай, кара ниет кызыл уй түз эле ошол төштүн түбүндөгү балчелекти көздөй салды. Башкаларын унутуп коюп, мен да жалгыз ошонун артынан түштүм. Ал куйругун чычай-тып көтөрүп алып, өңкүлдөп кетип барат, мен артынан калбай безилдеп, кууп барам.
Балчелектин тегереги кеминде кырк теше келген чөп чабыш. Мунун бир чети тоого такалат да, экинчи чети Василийдин үйү. Чөбүнүн калыңдыгы атчан киши кирип кетсе бойлогус. Кызыл уй такырдан өтүп, ушу жерге жакындап калган. Бара түшүп, белден келген чөпкө кыл-кылдап, кирип кетти. Мен кызуу менен жүгүрө берип, балчелекке кандай жеткенимди да билбей калыпмын. Күн ысып, аарылар ызылдап, чыгып жаткан кези экен. Бир кезде сол көзүм тыз эте түштү. Жанталашып чапкылаганча болбой, ачышкан немедей жана бир тобу ызылдап келип, талап жиберди. Аары чаккан көзүм бир заматта бултуюп шишип чыкты. Уйга ушул жерден араң жеттим. Бир абийири: балчелектер аман калды. Оозум-дан кара суу келип, жүрөгүм аттай дүкүлдөп, кыйындык менен дем алып күйүгүп кеттим.
Кызыл уйду кайра тосуп келе жатсам, артынан жандай бир тобу күшүлдөп жетип калыптыр. Кошуп айдап алдым. Калганы ой, тоого чилдей тарап кетиптир. Экөөнөн башкасын ар кайдан терип жүрүп, зорго жыйнадым.
Василийдикинде эки айга жакын жүрүп калдым. Бирок, кийинчерээк өзүм калжырап, жүдөп кеттим. Тынчтык жок, кечинде үйгө келгенде да катыны тындырбай көр-жерге жумшай берет. Үстүмдөн тамтык жок. Эзелтен жуулуп көрбөгөн адырайган, тегирич шымым дал-дал бөлүнүп, кири муздай колдоюп, такымымды кызартып, өйкөп жүрөт. Боз көйнөгүмдүн этек-жеңдери бөлүнүп, туш-тушка самсаалап кеткенинен, кай бир мүмкүн болгон айрыктардын учун бири-бирине түйүштүрүп алгамын. Ошентсе да өзгөрүп кеткен жери жок. Ушул абалымды атасына жеткирээр бекен деген ой менен Василийдин баласына бир күнү ээн алып отуруп, айтканым да бар.
- Ушундай жүрүп кантип чыдаймын? Эгер эски-ускуңардан кайрылышпасаңар мен кетем,- дегемин.
Мунун жообун бир күнү тамак ичип отурган кезде алдым. Тамак ортолоп калган кезде, Василий шорпо ичип жаткан кашыгын коё коюп, мурутун бир сылап алды да, обочо жерде, тамак ичип отурган мага бурулуп:
- Ала турган акчаңа сенин өзүңө кийим алып берейинби? -деди.
Мен аз ойлонгонсуп калып:
- Анда болбойт го,- дедим.
- Неге? - деди, балпаңдап чайнап жатып, токтой калып. Катыны да менин жообумду күткөндөй тыңшай калды.
Анда кайта мага жаман болот го,- дедим мен шорпо ичип жаткан кашыгымды жерге коюп жатып.
Мындан кийин алар мени таштап коюп өздөрүнчө, кобурашып кетти. «Айтор эмнеси болсо дагы мен тууралу сүйлөп жаткан чыгарсыңар» деп ойлоп отурам. Бир топтон кийин мен жакка жана бурулуп:
- Анан Элебес эмнеге сага кийим бербейт? Биз кийимге сүйлөшкөн эмеспиз, Макул десең ала турган акчаңа кийим алып берем...- дегендей болду.
- Элебесте жок эмеспи,- дедим да бир аз ойлоно түшүп, артынан: - Эски-уску кийим кайрылышам деген убада болбоду беле? - дедим.
Мен тууралуу сөз ушуну менен бүттү да, алар өздөрүнчө кетти.
Эмненики экенин билбейм, ушул мүнөттө кызыл эзиле бышкан бир кесим этти алдыма коюп кетти. Мындан мурун бирөөлөр: «Орус сойгон эт арам болот, ал чокунуп мууздайт, жешке макирөө» дегенин уккамын. Эт алдыма келгенде бул сөз эсимде болсо да шек урбай жеп алдым.
Бир күнү уйларды короодон айдап чыгып баратып, күтпөгөн бир окуяга туш болдум. Кожоюндарым үйдө тамактанып отурган. Мен уйларды короодон жаңы эле айдап чыгып бараткамын.
Ошондо кайдан-жайдан жеткенин билбейм, бир кезде асмандан далпайган бир жору тик ылдый шорголоп түштү да мен кыйкырып жеткиче болбой, мындай узап, жайылып бара жаткан каздын бир баласын лып этип илип алып, шып этип атып чыгып кетти. Мен өксүп калып, өйдө көтөрүлүп бараткан жоруга оозумду ачып, аңырайып калыпмын. Терезеден көрүп калышкан белем, Василийдин ачуулуу катыны декилдеп жүгүрүп келди да:
- Немне карабайсың? - деп менин бетимди аткып алчудай болуп, көзүн акшыйтып, алдыма какыйып тура калды.
- Жетпей калдым,- деп колум менен ишаарат кылып, жүгүргөн жеримдин аралыгын көрсөттүм. Ачуулуу неме эле:
- Ах ты, чорт - деп келип, кулагымдан бурдап алып, тартып-тартып жиберди. Колунан бир сапар бошой түшкөндөй болдум эле, кайтып жана жетип, желкемден муунтуп, кармап алып дагы бир топ шылып жиберди. Он жашар баласы - Петке мени жакшы көрүүчү. Ал өз тили менен:
- Эне, урбачы,- деп мени аяп турат. Бизди көрүп, дагы бир кызы, сары чачын сексеңдетип жүгүрүп келди. Терезеден бирөө карап турат.
Андан башка менден алары да жок. Чатактан бошонгон соң уйларды алдыма салып алып, күндөгүдөн алыс кеттим. Кечти гана күтүп жүрөм. Бирок мага бүгүн күн абдан узарып кеткендей болуп көрүндү.
Күн эртең мененкиден калыңдап, асмандан жылчык көрүнбөй бүтөлүп алды. Үшүп кеттим. Күн суук тартып келген кезде, бая күнү жаанда коргологон бир тумшук-тун учунда чоң кара таштын түбүнө барып, бир ууч болуп, бүрүшүп отуруп алдым. Бутумдун ачылган жерлерин улам этегимди чоюп жаап коём.
Көп болгон жок, береги бир казандай кара булут эңкейип, түнөрүп келди да көк тарс-турс этип, жаркылдап туруп, шатыратып келип, төгүп берди эле бир заматта чөптүн башы жылтырап, суу болуп кетти. Мен баягы таштын түбүнөн козголбой уйларды алыстан гана көздөп отурам.
Кеч жакындаганда бар уйду жыйнап, үйдү көздөй айдап жибердим да өзүм кайра тарттым. Максатым - качмак. Бул тууралуу мурунтан ойлоп жүрсөм да бүгүн шертиме чындап бекип алдым. Үй анчалык алыс эмес, көрүнүп турат. Менин жүрөгүмдү өйүгөн - жалгыз суу. Суудан өтсөм болгону, ары түн болсо да коркпоймун. Бирок суу мурункудан тартылып калыптыр. Тайыз. Шымды жоон санга чейин түрүп таштадым да, тобокел деп, кечтим. Адеп киргенде бир аз жерге энтиге түшүп барып, жылма таштардан тая-тая четине чыгып кеттим. Шыйрагым какшап калды. Ошондон багалекти түргөн бойдон шүүдүрүмдө жүрүп отурдум...
Айыл жайындагы конгон ордунда экен. Тезек түтүнү быкшып жаткан таанымал, кара үйгө эл орунга отура кирип барсам керек. Отту тегеректей отурган көп бүлөө мага жамырап, карай калды. Үйгө кирип отура элек жатсам, Элебес:
- Э караңгүн эмне келдиң? - деди бетиндеги бырыштарын калың жыйнай түшүп, кабагын чытып.
- Баласыңбы деген ошол атаң көрү... Аз калганда чыдап, айыңды бир жолу эле бүтүп келбейсиңби? - деди сырттан Бурмаке.
Элебес баягы көнүмүш көр жемесине салып, толуп жаткан эле мага тийиштүү бирдемелерди айтып жатат. Мен күнөкөр! Кулакты жапырып, тили жок бир дудук болдум да калдым.
Көптөн кийин Бурмаке:
- Койчу эми, байкуштун ичкенин аш кылсаңчы? Карыган аюу! - деди. Бул сөз мага бир аз бел боло түштү.
Бир кезде элдин катары менен мага да бир аяк жарма келди. Кайгылуу, жүдөө кабагым менен салбырап барып, аякты колума алдым...
