4 страница10 октября 2015, 18:30

4


Биздин айыл Серкенин кашаасында. «Серкенин кашаасы» дегенибиз: айланасы жүз саржанча келген бир таш короо. Буга көп заман болсо керек: четинен урап, бузулуп калган. Көлөмү кенен, бир теше бар. Бул короону башында ким салганын жана качан салганын ушул күнгө чейин анык билбеймин. Бирок ошол кезде бирөөлөр: «Илгери бир заманда бу жерди калмактар мекен этип, турган экен. Алардын бир нече миң серкеси болуп-тур. Кашааны ошо салдырыптыр. Тегерегиндеги аңдар болсо, жоокерчилик заманында казылса керек...» дечү. «Серкенин кашаасы» деген ат ошондон калган имиш. Өзү Түп суусунун боюнда мелтиреген талаада, жолго жакын. Ары-бери өткөн киречилер ушул жерде отурган жолчуларга түшүп, самоор койдуруп чай ичип өтүүчү. Жолчулардын кыштоолору ушул жерден көрүнүп турат, арасы тай чабым жер.

Бир күнү кечинде, тыштан отун кертип жатып, Жанымжан:

- Апей, эне! Баягы Урманбет келетат,- деди.

- Эмине дейт? - деп үйдөн Бурмаке күңк этти.

- Мына, келип да калды.

Эми Урманбет ким экенин билмек болдук го.

Менин чоң атам Алымбектен тарагандар бешөө. Аларды жашына карай баш ылдый айтканда мындай болуп чыгат: Барктабас, Баалабас, Элебес, Эстебес, Элебай. Барктабас менен Эстебес мен төрөлө электе өлүптүр. Барктабастан тукум жок. Эстебестен Урманбет, Турдумамбет деген эки бала калат. Атасы өлгөндөн кийин Урманбетти менин атам, Турдумамбетти Элебес асырап алат. Турдумамбеттин аты жаңы туулганда ушундай деп коюлганы менен аны элдин баары «Бечел» дечү. Анткени, маалынан өткөндөн кийин эки жыл бечел калыптыр. Ошол себеп менен түбөлүк аты «Бечел» болуп кала берет.

Урманбеттин элден безип кеткенине быйыл үч жыл. Эне, атам өлгөнүн бул көргөн да жок. Мунун көптөн бери кай жерде, кай калааларда жүргөнүн билүүчү да эмеспиз. Бирде, «Караколдо экен» деп, бирде «Анжиянга соодагердин малын айдашып кетиптир» деп гана бирөөлөрдөн угаар элем. Эми бирөөдөн «Каркырада бир сартка малай жүрүп, ал акысын бербей койгон соң, бир атын минип алып качып баратып, кайра кармалып кетиптир»,- деп угуп калуучубуз. Аныгын билген эч ким жок.

Жетимчиликтин айынан бул көрбөгөн азап, жүрбөгөн жер кечпеген суу калган эмес. Илгери бир үйдө казанда эт оодарыштырып жатып, «жетимчиликти менден көп көргөнүң жоктур» деп, кеп уруп отурганын да бир уккамын. Өзү бала күнүнөн шок чыккан. Бир жерге байыр алып турган жан эмес. Тынч турса буулугуп, ичи бышып кетүүчү. Канчалык айыл болсо дагы башынан кирип аягынан чыкпай көңүлү тынбайт.

Ушунун бир жоругу али эсте. Жаздын күнү, бир топ бала чүкө ойноп отуруп, кечинде үйлөрүнө тарап бара жаткан кези эле. Аңгыча Урманбет, оттоп турган бир саан уйга далп этип, секирип минип алды; уй сырак-сырак этип, тоңкочуктап мөңкүп кетти. Урманбет оңкосунан барып түштү, эл боорун тытып күлүп калды... Кийин борбуюн көтөрүп алган соң, элден биротоло кол үзүп, дайнын таптырбай кеткен. Нечен жолу издеп барып, жүргөн жеринен таап алып келсе да, беш түнөбөй кайра көздөн кайым болучу. «Эл, журттан безгендин акыр түбү оңбойт, мунуңду кой» деп ар кимдер айтып да көрдү, бирок өз оюн өлсө бербеген, айтканынан кайтпаган бир көк мелтей эле. Жакын туугандары нечен аракетке салып, «акыл, насаат» айтып жатса да «ооба сеникин билип турам» деп, ичинен тыңган эмедей унчукпай гана дулуюп отура берүүчү. Өзү далысы бир кез келген, болук, дордок бет, эрди түйрүк, кабагы бийик, кыпкызыл көзүнүн ары жагынан эрдиги жайнап тургандай неме эле.

Бая бул күүгүмдө келди. Башында жыртык боз калпак, үстүндө сүйрөлгөн узун кара таар, бутунда жалпак таман кашкарлык өтүгү бар. Бул кейпи кашкарлыкка жүрүп келгенин далилдегендей:

Эзелден энчисине басылгандай, үйгө кирсе дайым ирегеге барып отурмай адаты. Эми да ошол. Ирегеде бир ээрге жөлөнүп, бир бутун чала сунуп таштап, колун куушуруп, калпагын кабагына баса кийип, бирөөнүн тымызын сырын тартып отурган немедей, унчукпай гана дулуюп, үйдүн ичин көзүнүн алды менен уурданып карап отурат. Эмнени ойлоп отурат болду?

Бейшемби буга бирдеме деп акыл айтып отурат.

- Көп жыл эл көрбөй безип жүрүп да мүйүзүң чык-кан жок. Эми баш кошуп, эптеп оокат кылалы, жетимдерди багалы,- деди бир кезде.

Бурмаке да бир жактан, Бейшембиге жардамдашып:

- Алдыңа кетейин, эми тил ал! Аздыр-көптүр эсиң кирди, Бейшекеңдин акылын таштаба,- деп жатат.

Урманбет булардын сөзүн акылга салып, ойлонуп жаткан немедей «лам» деп сөз катпай, оттун жанында турган чоргосу сынык, кара кумгандан көзүн албай гана мелтиреп* отурат. Не бир айтылбаган акылдар айтылды. Бейшемби көп асылды. «Эми жибидиң го, калдың го» деп мен ойлоп отурам. Ал ошентип мелтиреген бойдон отурду да, күтпөгөн жерден бир кезде:

- Жок, кетем,- деп кыскасынан гана бир жооп кайырды. Башка бир сөз каткан жок, кечтен бери асылып айткан сөздөргө бар берген жообу ушул болду. Бейшемби түңүлбөй, мындан кийин да көп айтты. Урманбет бая тышка чыкканда артынан эре чыгып, сүйлөшүп да келген.

Ушул күнү кечинде биздикине бир нече киречи татар жигиттер келип түшкөн. Баары бир кур жаштар. Чай ичип, жайланып алгандан кийин, попорос чегип, гармон тартып, ырдашып, биздин жаман үйдү төбөсүнө көтөрүп отурушту. Урманбет бир кезде бери жактагы сөздү таш-тап коюп, ушулар менен сүйлөшүп кетти. Максаты - ушулардын киресине сүйлөшүп, Караколго түшүп кетмек болуп жатат. Мырзалардын эң жогору жагында, жүккө таяй, чалкасынан керилип, попоростун түтүнүн түндүктү карай буралтып, үйлөп, ырахаттанып отурган чарчы бойлуу сары жигит, Урманбетке кыйгачынан бир карап алды да:

- «Канча бересиң?» - деди көңүлсүнбөй туруп.

- Элүү тыйын беремин,- деди жетим көзү менен жалдырап.

- Жок, анда болбойт.

Соода бир топко созулду. Урманбет бир кезде:

- Бары бир сомго жетпеген акчам бар, садагаң кетейиндер,- деп жалооруп, чын сырын айтты да арты-нан: - Сексен тыйын берейин, анан өзүм түшкөн арабаны Караколго жеткиче айдап барайын,- деди.

Соодалашкан жигит бир топко унчукпай калып, артынан бирдеме эсине түшкөндөй!

- Бер, акчаңды! - деди.

Урманбет оң жак койнунан бир жоолукту сууруп чыкты да, учундагы топчудай түйүнчөктү чечип, бечара колу менен аяр тыйындарын санады. Мен ошондо аяп

кеттим да, «ай, дүнүйө ай! Ушул байкуштан албай койсо эмнеси кетет эле? Ушул эл бечара карыпты эмине аябайт, элдин баары мендей боору ачыбайт?» деп ойлоп кеттим.

Өмүрдө карыпчылыктан кайгылуу нерсе жок!

Урманбет бая бир тышка чыккан бойдон үйгө кирген эмес. Биз жатып жаткан учурда киречилер менен калдырап, жөнөп кеткендей болду. Беш жылдан бери бүгүн келип, бир конбой кеткенине менин ичим күйүп калды. Урманбеттин алдагы тагдырын ойлоп, көпкө уктабай жаттым...

Кечикпей ушул жаз Урманбетти жана көрдүк. Бул сапар Караколдон Каркырага өтүп бара жатыптыр. Анжияндык бир байга малай экен. Баягыдай эмес, бу жолу көңүлү көтөрүңкү. Минген аты бар. Аны мактап, Караколдон келатып, далай жолу солдаттардан качып кутулганын айтып отурду.

4 страница10 октября 2015, 18:30

Комментарии