3
Бир күнү кечке жакын:
- Сарыбай байдын байбичеси чакырат,- деп мени бирөө чакырып алып кетти.
Сарыбайдыкы Кең-Суунун ичинде, алыстан бадырайып турган эки ак үй эле. Тегерегинде дайым мандырдай болгон төрт-беш боз үйлөр тигилип турар эле. Ысмайыл, Букара, Карыбай деген балдарында да бирден ак үй бар. Бирок, Сарыбайдын өз үйү бүтүн Кең-Сууда бадырайып бөтөнчө туруучу.
Ушинткен Сарыбай байдын байбичеси мени киши катары санап, «ардактап» чакыртып жибергени мени таң калтырды. «Сарыбай» деп сырттан укканым менен үйүн көргөн жан эмесмин. Бардым. Тыштан бирөө мени баш-тап барып, ак үйүнө кийирди. Мен кирип токтогон алдыңкы бөлмөсүндө чымкый бачайы - макмалдын үстүндө жашыл тукаба чапанын желбегей жамынып, көөлгүгөн бир зайып отурат. Башында заңкайган торгун элечек. Байбиче ушул экенин байкадым. Жашы жетип калса да (бери болгондо элүү беште болор) кең дөөлөттүн аркасын-да, али карылыкка толук моюн суна койбогондугу көрүнүп турат. Семиз, чатыраган кызыл киши экен.
Мен кирип барганда: «мына бул жерге олтур» деген-дей ишаара кылып, өзүнө жакын жерден орун көрсөттү. Бир аз жымжырт. Тагдырым ушунун колунда тургандай, ааламга аян болгон байбиченин алдында, анын чечимин күтүп, байлоого түшкөн кулдай уңкуюп, мен отурам. Колума берген жалгыз нанды сындырып жеп отуруп.
«Балким менин жетимдигиме жаны ачып, бирдеме берейин деп чакыргандыр» деп ойлоп коём.
Байбиче бир кезде сол колун сунуп, мага бирдеме берди. Колума тийгенден кийин карасам; бири беш тыйындык, бири эки тыйындык - жети тыйын жез! Адегенде: «капырай, сан жылкылуу Сарыбайдын колунан жети тыйын чыкканыбы» деп ойлосом да артынан түшүндүм. Бул мага берген садагасы экен! Анткени Сары-бай бай көптөн бери ноокас эле. Бая мен келгенде элдин аягы басылбай, бири кирип, бири чыгып, төркү бөлмөдө жаткан байдын көңүлүн сурап жатышкан. Мен ушул үчүн чакырылып келипмин. Азыр мен нан жеп отурган-да, байбиче бирдемени дубалап жаткан молдодой, оозу башын күбүрөтүп, колунда аралаштырып кармап турган бир, эки жез тыйынга кезек-кезек «сув!» деп коюп отурган.
Садага бериш үчүн төрт кыбыласы түгөл жетим издешип, буга бүтүн Кең-Суудан мени туура такса керек!
Бир нанды жеп, жети тыйынды алганымдан кийин эми менде эч кимдин тыйынча да жумушу жок көрүндү: жолума түштүм. Бая мени үйгө киргизген неме иттен чыгарып койду. Жолдо бара жатып, бүгүн мени кордогондой, кемсинткендей болуп көрүнүп, көңүлүм иренжиди. Мени эмнеге чакырып кеткенине, мурун түшүнүп алышкандай, үйгө баргандан кийин Сарыбай байдыкынан эмне «олжо» менен келгеним тууралуу менден эч ким сураган жок.
Үч ай жүргөнүмдөн кийин бир күнү Элебес келип, мени алып кетти. Буга таенем да көп карышкан жок. Биз аттанганы жатсак:
- Кетсең кет эми. Сага бирдеме да кийгизе албай калдым. Жамандабай бар...- деген болду да, өзүнүн бир эски күрмөсүн берди. Жаздай жүрүп тапкан олжом ушул!
Таята, таекелерим, четинен бай. Бирок аларды башы-нан сараң кылып жараткан! Байлык жагына келгенде бул Кең-Сууда Чыңгышбай уулунан ашып түшкөн бай кем. Жалаң бир атадан тарагандар бир уруу журттай болуп, эртели-кеч малы жайылып чыкканда кара таандай каптачу. Ошентсе да, котур улак үчүн өлгөн өңкөй сараң. Тогуз жүз койлуу тун уулу - Сааданбай тери шымдан бөлөк, өмүрүндө кездеме кийип көргөн жан эмес. Али эсимде: бир күнү талаадан өөдөлөнүп өлгөн бир токту үчүн кадимкидей ыйлап, койчусун таң аткыча сабап чыккан.
Балдарынын аты уйкаш. Эң улуусу: Сааданбай, анан Мергенбай, анан Ийгенбай, Деркенбай, Орозобай, Кар-таңбай.
Мен таятамкынан кеткенде туура Кызыл-Кыяга бар-дым. Элебес ушул жерде жолчу. Чоң-Ташка барбай, туура Кызыл-Кыяга эмне үчүн кетип баратканыбызды Элебес жолду ката мага мындай деп түшүндүрдү:
- Сен баягыда таятаңдыкына кеткенден кийин, силердин үйдү Кызыл-Кыяга көчүрүп алып, бүгүп таштап, жетимдерди биздин үстүбүзгө кийрип алганбыз. Азыр баарыбыз бир үйдөбүз. Эми ошентип оокат кылбасак болобу...
Кызыл-Кыя деп, кадимки атактуу Каркыра жарманкесинен элүү чакырымдай бери, бир чоң ашууну айтат. Каракол, Жаркент, Кулжа, Нарынкол - баарынын аралыгындагы түйүшкөн жери - Каркыра.
Кызыл-Кыянын түбүндө жайдыр-кыштыр козголбой жети-сегиз түтүн кедейлер отурат. Буларды «жолчу» дейт. Падыша өкмөтү буларды ар кайсы болуштан милдеттүү кылып жыйнап алган. Жолчулуктун мөөнөтү бери болгондо төрт жыл. Бирок ушулардын ичинде он жылдан бери турган жолчулар да бар. Өзү жайлоо мисалдуу жер. Кышында кардын тереңдигинен жолго орноткон карагайларга киречилер көчүгүн коюп, попорос тартар эле. Ат жолдон чыкты жок: кур этип тереңге кетет.
Ушу жерде дагы бир-эки түтүн орус бар. Булар жолчу эмес. Бири Башарин деген бир чоң бай. Мунун Кызыл-Кыяга келип түшкөнүнө көп жыл болсо керек. Бул тууралуу кыргыздар «башында жалгыз арабалуу аты менен келип, акиташ бышырып сатып, ошондон уланып, байыган адам...» деп кеп кылуучу. Жылыга жетимиш-сексен ую тууйт. Элебестин келини, Жанымжан ушунун уюн саайт экен.
Кызыл-Кыя өрөөнүндө булардан башка да ар кайсы коктуда, сайларда бал челек салган, мал кесибин кылган бирин-серин орустар болот. Деген менен бул өрөөндө Башаринден ашып түшкөн бай жок. Жалгыз гана Каркырадан отуз чакырымдай бери, Кызыл-Кыядан ары - Кутурган булакта «почточу Метирей» деген чоң көпөс бар. Метирейдин бул жердеги жайынан башка жана Караколдо, Түптө бирден үйлөрү болучу. Мунун аттарын жолчулар алыстан таанышат. Тетигиндейден келе жат-канда «тиги Маңкашка, тиги Чабдар ат» деп турушат. Мунун Кутурган булакка жай салып, почто тартып турганына да кыйла замандар болгон экен.
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Артыкча кышкысы кыямат. Кышында жолчулар түн баласында жары-тып уйку көрбөйт. Нечен бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба... Эгер почто келип, жетер замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса, почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп коё берүүчү.
Ошондуктан, эзелтен жүрөк үшүп жалкотой болгон кургурлар не бир бороондогон айсыз караңгыда, сак жат-кан кулактар алда кайдан ызылдап келе жаткан коңгуроонун дабышын уга коюп, төшөктөн ыргып туруп, бүлүк түшүп калар эле...
Мен Кызыл-Кыяга барганда, атам төшөктө жаткан экен. Оорусу кыйын. Иштин түбүнө жаңы түшүндүм. Мени таятамдыкынан алып келген себеби да ушул көрүнөт. Атам адегенде мени тааныган жок окшойт. Үңүрөйгөн терең кабагынын алдындагы алсыз көзү менен бир топко мени тиктеп туруп-туруп:
- И, сен белең! - деп койду да жөн болду.
Деги таятамдыкынан келгенге жараша, мына бу да чекем жылый турган жер көрүнбөйт! Атам көр оозунда турганына капары жок, Эшпай көз жашын көлдөтүп кардым ачты деп ыңылдап тамак сурап отурат. Береги кишиден калган бир жарманын түбүн шыпкап ууртап, ырсыйып, Ашымкан карындашым отурат. Айтор, бул үй отун-суусуз бир жерге жаңы көчүп түшкөндөй жутаңкы. Ошого жараша да киши-кирим бүлөлүү болсокчу. Жалаң биз, атамдан башкабыз күчүктөй чубурган алты жетим. Эми Бейшембинин балдары канча! Бейшемби - Элебестин жалгыз уулу, отуздан аша берген, суюк сакал, кыр мурун, узун бойлуу, кара жигит. Мунун үч баласы бар.
Ушинтип, эки үйдүкүн кошкондо жалаң чөбүрө балдар ондон ашык. Койчу эми, бир үйдө каптаган он төрт киши болдук да калдык.
Көп узаган жок, атам өлүп кетти. Бул момураган бир жумшак түн эле. Биз төшөккө жаңы жатканбыз. Уктап кетсем керек, бир кезде күтпөгөн жерден:
- Оо, тумшугу жоктор тургула! -деген Бурмакенин күндөгүдөн бөтөнчө ачуу дабышы менен селт ойгонуп кеттим.
Баарыбыз уйпаланып, кайра турдук. Үй чуулдап калды. Ошондо кайдан жеткенин билбейм, айтор, уйкулуу көзүбүздү ача электе бир катын жетип келип, Беккул экөөбүзгө бирден таяк берип, эшикке жетелеп чыкты да:
- Ме, мына муну таянып алып, көзүңөрдөн кан чык-кыча ыйлагыла, шордуулар,- деп үйдүн жанында бөйрөгүн таянып, өкүрүп турган Бейшембинин катарына саптап, тургузуп кетти.
Беккул колундагы таягынан узун эмес. Ал да көндү. Бирок жарытып үнү чыкпайт. Мен, оболу элди тыңшап алдым. Бейшемби «эсил кайран бир боорум» деп жатат. Мен «эсил кайран атакем» деп кирдим. Аңгыча Беккул Да мени туурап өкүрө баштады. Ошондо мен экөөбүздүкү бир сөз болуп калганына намыстанып, эл өкүрүп бир пас басыла калган кезде, Беккулга бурулуп, жыңайлак бутун тиктеп туруп...
- Сен кишини ээрчибей, өзүңчө таап өкүр,- дедим. Таң атып калган. Ошол кезде төмөн жактан топ кишинин өкүрүгү чыкты. Ордубуздан тура калып, биз да жамырадык. Ошондо Беккулду тыңшасам дагы эле «эсил кайран атакем» деп жүрөт. Токтой калып бурулдум да:
- Өзүңчө сөз таап ал дебедим беле,- деп уруша кет-тим. Ошенткенде ал токтой калды, мен кайра өкүрүп кирдим.
Байкай албай калдым, айтор Беккул дагы мени туурап жаңкыдай болду.
Бирок бул жөнүндө мен жаңылганымды кийин билдим.
