23 страница10 января 2017, 08:37

23-24

Жаз чыккандан кийин мени кара жумушка салып, Ыйманкулга кой кайтартты. Ыйманкулдун мында кел-генине бир жарым жыл болот. Казак бала бою мендей, көзү бакыракай, мурдунун учу талпагайыраак, кашынын үстүндө кыйгач сызылган тырыгы бар боз жалпак бала. Ушул Ак-Сууда бир агасы бар болучу. Ал Ыйманкулду Мамирмазинге тапшырып коюп, өзү жаздын алды менен Жаркентке көчүп кеткен.

Кош айдап жаткан кез. Бу жердин элинде чанда биринде болбосо амачтан башка жер түртө турган нерсе болбойт. Байларында да ушул. Ак-Суунун аягындагы боз топурактуу мейкинге түшсөңүз ар кай жерде арымы жок амачтарын чокчоңдотуп кош ат менен жер айдап жүргөн элди көрөсүз.

Ушундай коштун бирин мен да жетелеп жүрөм. Амачты Мукбул кармайт. Кошко киргенибиз көп болгону менен айдаган жерибиз чамалуу. Таң заарынан кирип, жылдыз толгончо жүрсөк да бир арбыбайт. Куураган амач укум жер албайт! Керээли кечке бир жерде кайра-кайра тегеренип жаткандай болосуң. Оң колумдагы күрөң ат булкуп алганда, башы менен бирге кетем.

- Тарт! - деген ачуу кыйкырык менен кайра тырышып-тырмышып тарткан болом. Түн ичинде уйкуда жатсам да артымдан бирөө «тарт!» деп дайым ашатып сөгүп жүргөндөй болот. Килейген чым менен уруп жиберет. Мен чымдын эпкини менен көмөлөнүп барып кайра турам. Кошту токтотуп коюп, Мукбул көзү бакырайып ата-энемди кыйратып сөгүп, муштумун камдап мени көздөй басып келет. Чочуп ойгонуп кетсем эчтеме да жок.

Кечинде болсо эки колум карышып далым көтөрүлбөй калат. Өзүм да көптөн бери сасык тумоолоп жүрөм. Мурдумдан суу токтобойт, каңылжаарым какшып, башым каңгырайт. Денем чыйрыгып, көзүм тунарып, жаным жер тартып туруп алат. Жатмак кайда? Жадаганда мурдумдун суусун алууга мурча жок. Керели кечке эки колум делдейип, эки жакта - тизгинде.

Үрөн алып келем деп Мукбул бүгүн кечинде үйгө кеткен. Элсиз жалгыз талаада жалгыз күрөң ат экөөбүз калдык. Асманда таруудай чачылган жылдыздар жымыңдап, караңгы түн кирди. Мен аттын алдындагы чөбүн оңдоп коюп, жем берүүчү таарды жамынып амачтын жанына бүрүшө кеттим. Айланама караймын. Шаардын анда-санда жеринен жылтылдап от чыгат. Мынабу бир эбаккы бирөөдөн калган бузулган жалгыз тамдын жанында эмгиче үйүнө кетпей топурап бир топ эшек жүрөт. Айгырлары аңгырап алыша түшүп, бири-бирин тырактап куушуп кетет. Мага караганда ушул эшектер боштондукта жүргөн өңдөнүп көрүнөт. Жаздын коңур салкын жели жүрдү. Алда кайда бир балчык сууларда бакалардын чардаганы угулат. Менде уйку жок. Караңгыда, алда бир жерден карышкыр улугандай, көзгө көрүнбөгөн бирөөлөр жашырын бирдеме деп шыбырашып жат-кандай элестейт. Караңгы түн жым-жырт тартып, бирде-мени тыңшап турабы... Кошту бир айдан ашык айдасак керек. Мунун артынан арык чабуу, сугаруу келди. Же ак топурак келип, бул эл эгинди кеминде үч сугарып алат.

Ушундан тартып үйдү кезек-кезек гана бир көрүүчү болдум.

Качанда мен талаадан келген сайын Ашымкан карыңдашым эшикте жалгыз томсоруп, карагаттай мөлтүлдөгөн акылдуу көзүнөн акырын гана мөлтүлдөтүп жашын төгүп отурганын көрөр элем. Ал башкадан айла болбой, бир мени күтүп отургандай, качан мен келген сайын жетим козудай жүдөгөн жүзү менен алдымдан чыгып арыз-муңун мага даттаар эле. Ушул байкуш армандуу жашын алдыма тартып, менден эмне жардам болот деп ойлойт экен!

Бир күнү дагы талаадан келсем эшиктин алдындагы бозоргон кирпичке көчүгүн коюп, тоону карап муңайып отуруптур. Мени көрүп эреркегендей ого бетер ичин тар-тып шолоктоп кетти. Үн чыгарбай акырын гана бышактайт. Бети жүз жыл ыйлаган адамдыкындай.

Жанына басып барып:

- Эмне? - дедим акырын. Адамдын боору ооругудай чилмийген колун калтыратып, жаман мата көйнөгүнүн этеги менен эңкейип, жашын сүртүп жатып:

- Равкан уруп койду! - деди жашып.

- Эмне кылбайсың деп урат?

- Жөн эле...

- Көп урабы?

Мончоктотуп жашын төгүп-төгүп жиберип кайтып сүртүп алып мага жалдырап:

- Күндө урат. Энеси, баласы... баары урат. Тамак да бербейт? - деп ичине дарты сыйбай солкулдап кетип, калганын айтпай койду. Ыйлаганда бүткөн боюнун баары кыймылдап турду.

Сооротоюн деген ой менен:

- Беккул кайда? - деп көңүлүн алагды кылдым.

- Сайда, уй кайтарып жүрөт.

Жеңим менен жашын сүртүп, башынан сылап калып:

- Кой, мындай ыйлабай жүр садага. Антсең мен капа болом! Жаман болот...- деп тескери карап басып кет-тим. Мен талаадан келген сайын ушунун бозоргон тамга сүйөнүп, журтта калган жетим козудай жалгыз бозоруп ыйлап отурганы жаныма далай баткан. Көңүлдү бузуп ичиме туз салып, жүрөгүмдү далай жаралаган. Менин жайымды көрүп туруп, муңайган армандуу кыздын жалдырап жардам сураганы мени далай кайгыга салган...

Ыйманкул экөөбүз тышка кой короонун жанына жатчубуз. Күндө чарчап келгенге карабастан ал койдон, мен жумуштан бошоп келгенден кийин мемиреген жум-шак түндө көпкө чейин уктабай кобурашып жатаар элек. Ушинтип жатып кээде кыска түндүн атканын да билбей калчубуз. Экөөбүз жанаша жатып алып, болор-болбосту кеп уруп көпкө кожурашып алгандан кийин, ичибиз кайгыдан бошоп, көңүлүбүз сергип калгандай көрүнөөр эле. Башкага батынып айтпаган капкайдагыны биз айтаар элек. Ошол бири-бирибизден кыпындай жашырбас элес. Ыйманкулга айткан сырымдын баарын мен Беккулга айтпас элем. Андан жашырып калаар элем.

Ушунубуздан тоюп кеткен немедей бир күнү:

- Антпей жүргүлө, ал жакшы ырым эмес! - деп кожоюнубуздун катыны тыйып койгон.

Дагы бир күнү ушинтип жатканда чапанын желбегей жамынып, үйүнөн чыгып басып келди. Анын дарбазадан чыгып келе жатканын көрүп биз сөздү коё койдук. Так башыбызга келип токтоп:

- Бу силердин бүтпөй турган эмне кебиңер бар? Айткылачы! - деди.

- Жөн эле жатабыз,- дедим мен. Ал бир аз туруп:

- Сүйлөшпөй жаткыла, жетет эми! - деди да кайра басып кетти. Ушуга биз өнөкөт алып кеткенбиз. Муну-бузду койбогон соң өгүнчөрөөк бир күнү:

- Бириң короого кирип жаткыла! - деп да айткан. Мунун минтип жатканыбызды көп баркка алчу эмес.

Соңку убактарда Мамирмазин баштап өздөрү бирдеме-ден чочуп тургандай сиркеси суу көтөрбөй кеткен. Биз ошондонбу деп ойлоп жүрдүк. Мындан бир нече күн мурун:

- Төмөндөн большевик деген келет дейт,- деген кабар угулган. Он алтынчы жылы кыргыз үркүнүндө кандай кубулмалуу кабар угулуп жатса мынабу да ошондой! Кайта бул кабар андан суук. Мындай кепти көбүнчө Мамирмазинден болбосо мында келген өзүндөй эшендерден, молдо, сопулардын сүйлөшүп отурганда чет бучкактап угуп калабыз. Булар Мамирмазиндин көздөй болгон адамдары. Бири да большевикти жакшы дебейт.

- Төмөнтөн большевик деген келет дейт.

- Большевик жаман каапыр, адамга ырайымы жок, бир жандан кечкен неме дейт. Кезиккенин атып, асып, кыйратып келет экен...

- Казак орустун колуна түшкөн адамды коё берет экен. Большевиктин колуна түшкөн адамды кескилеп, кыйнап өлтүрөт экен.

- Меньшевик деген да бар дейт. Эл меньшевик менен казак орустун жеңгенин тилеп отурат. Калайык калкка ошондо гана жакшылык орномок. Бирок большевик каапыр эсепсиз көп сыяктуу. Анын санаты жок дейт...!

Ушинтип өмүрдө көрбөгөн, укпаган элге большевикти эч бир адамга ырайымсыз, өзүнөн башканын баарын талоо, кыруу, жоюуну гана билген бир кан ичээр, жан алгыч, шумдук кылып көрсөтүп жатты. Ушундан башка алардын эч бир максаты жок сыяктуу болуп сүйлөнүп жатты.

Бир күнү тамак ичип жатып, катын-балдарынын алдында Мамирмазин мындай деп отурду:

- Большевик жакындап калган окшойт. Жолдо катар кезиккен шаардын мал-мүлкүн талап алып, катын-бала дебей кырып, жоюп келатат дейт. Казак орустун бир шаарына кирип жалгыз жанын калтырбай кырыптыр. Өзү санат жеткис көп дейт. Эртең, бүрсүгүндөн Жаркентке кирет экен. Анда келсе бул жер алыспы? Бир түн катат да кирип келет. Эл Кытайга жөнөп жатат. Мукбул эми биз кандай кылабыз..?

Баятан бери демин ичине алып, Мамирмазинден көзүн албай эрип калган катыны, көзүн бадырайтып, чоң ачып алып:

- Йа-а-а алда! Ушундай балаа де. Мынабу кесепет-тердин бизге кесели тийбес бекен? - деп мага карады. Биздин эмне кеселибиз тиерин мен түшүнгөнүм жок.

Ушул кабар угулганына он чакты күн болбой, Ак-Суунун кээ бир байлары четинен бузулуп, жарылып, үй-бүлө, мал-мүлкү менен Кулжаны карай көчүп да калды. Большевикти жогоркудай түшүндүрүп, азгырып алдап жатып өгүздөрү менен бирге бирин-серин кедейлерди да жөнөткөнү болду. Бирок биздин Мамирмазин эмне ой менен экенин билбейм - козголгон жок. Муну менен бирге жана бир топ немелер калды. Жусуп болуш калды.

Күндөрдүн биринде Ыйманкул экөөбүз Мамирмазинден качып кетели деп сөз байлаштык. Бул ойду баштап чыгарган мен элем. Ыйманкул да буга кынжылган жок. Муну айтканымда «мен да ушуну ойлоп жүрдүм эле» дегендей кылды. Бар айтканы:

- Мындай чыкканда кокус тентип, талаада калып жүрбөйлү? - деген гана сөз болду.

- Тентибейбиз, жумуш таап алабыз. Кайда жүрсөк бир болобуз. Өзүң көрүп турасың, ушу күндө туруп кантип чыдасак болот? Ушинтип жүрүп эле өлүп кетебизби?..- дедим мен.

- Тигилерди кантесиң? - деди Ыйманкул. Мындай чыкканда бир бел байлаган кишим бардай мен:

- Өзүм абал ушу жерден узабай туруп, аларды кантип алам? Мамирмазиндин колунда туруп, айткан оюм менен болобу? - дедим.

- Ырас, алар биз менен бирге жүрүп же качууга жарабаса...

- Ошондой, аларды жалгыз мен көтөрүп жүрө ал-баймын.

Бирок шарт ошондой болуп болжогон убактан мурун жөнөп калдык. Түн жарымы болчу... Бир убакта мен Ыйманкулду түртүп ойготуп, кулагына шыбырап:

- Тур, таң атып кетти! - дедим.

«Ушу биз бир балааны тилеп жүрбөйлү» деген кишидей, адегенде тура койбой ыңгыранып, мен жакка бир оонап алды.

- Тур, эртеңкиге калсак менин жок болорумду билесиң. Бүгүн же кеттик, же калдык,- дедим мен дагы уйкусурап турган жаш баланы сооротуп жаткандай.

Акырын туруп кийине баштадык. Короодо койлор оор ойго түшүп, өмүрлүккө жуушаган немедей мемиреп, тынып жатат. Биз туруп басканда дандырдын түбүндө жат-кан кара дөбөт «бух» деп калып, кайтып «и, силер белеңер?» «Мен да башка бирөөбү деп чочуп кеткеним» дегендей букуюп, башын жерге коюп кайра жата берди.

Биз төмөн карай кирип, калаанын аягында бир ээнге чыккандан кийин, жолсуз жер менен туура батышты карай салдык. Ар кай жерде түн катып, эгин сугарган дыйкандар жүрөт. Шаар кызык уйкуда. Жер караңгы. Мен силерди көрүп турам дегендей асманда жылдыздар жымың-жымың этишет.

Түндөгү бойдон жүрүп отуруп бешим ченде Кыргыз-Сайга келипбиз. Бул - Ак-Суудан элүү чакырымдай бери бир казак орустун шаары. Ак-Суу менен Кыргыз-Сайдын ортосунда бир гана кыштак бар. Муну кичи Ак-Суу дейт.

Кыргыз-Сай көп чоң эмес. Чамалап айтканда беш жүздөй түтүнү бар чакан гана бир шаар. Бул жерде өмүрүндө кыргыз болуп көргөн эмес. Ошондуктан бул эмне үчүн Кыргыз-Сай аталып калганы маалымсыз. Өзү тоонун түбүндө. Батыш жагында бир чиркөө турат. Шаардын эки чети менен тең жыландай ийрелеңдеп агып жаткан чоң суулар бар. Конуш жайлуу жерге түш-көн! Ак-Сууга караганда мунун табият байлыгы мол.

«Кыргыз-Сай» деп сыртынан укканыбыз менен өзүн биринчи көрүп турганыбыз. Ошондуктан келе сала шыдыр кирип кетүүгө бата албай, береги бир кара чокуда отуруп алып, көз алдыбызда жайнап турган шаарга карап көпкө чейин ойлонуп турдук. Бир топ замандан бери орус бетин көрө элекпиз!

«Кече бир күнү ата журтубуз кескилешип кеткен бирөөнүн колуна тамак издеп, бүгүн кайсы бетибиз менен барабыз? Азыр биз кирип барсак ошондогу кеги менен баары бир кыргыз деп экөөбүздү тең бир чоң муштуму бир жерге жайлап салса кантебиз? Жөн өлтүрсө да бирдеме, кескилеп, кыйнап өлтүрсө арачалап коё турган ким? Биздин өлүгүбүздү издеп, бул жерге ким келер дейсиң? Келгенде жарым тыйынча пайдасы не? Биздин мында тентип келип, кимдин колунан өлгөнүбүздү ким билет? Өлтүрөр да сүйрөп барып бир кабакка таштай салаар. Карга кузгун көзүбүздү чукуп, курт-кумурска уялап, бир-эки күндө ирип-чирип да бүтөөрбүз. Же мындай кылбас бекен? Мындай кыла тургандай биз эмне кылдык? Ал кезде муштумдай балабыз. Биздин колубуздан эмне келет? Кылса чоңдор кылды. Ошондо «Сары орус-тун баары орус» деп, орус аттуунун баарын жоолабай, элүү жыл эзген залим падышага, андан калса көпөс байларга каршы чаппады беле? Ушуларды эске албас бекен? Мындан өтүп ары жүргөн менен шаар жок, баары бир өлөбүз. Же жолдон ойлонбодук. Жок - барабыз. Өлсөк өлөрбүз. Бизчелик эл өлбөй коюптурбу. Биз өлгөндө дүйнөнүн кылы кыйшайып калмак беле. Он алтынчы жылы Корумдунун оозунда койдой кырылган эл эмне? Биз ошолордон артыкбызбы? Айда, барыш керек. Бара көрөрбүз...»

Чокуда жатып, ушундай ойлор көз алдыбыздан бир заматта жамырап өттү. Ушинтип, ойлонуп отурдук да бир кезде жондон түшүп келдик. Курсак ач. Кеч кирип барат. Ары жактан сезбей келсек да көчөгө кирген жерден бир калың жоонун арасына камалып калган айбандай көрүндүк. Адамдары мындай сүрдүү көрүнөрбү! Көчөдөн бирин-сериндеп кишилер өтүп турат. Чычайган муруттуу казак орустар. Шымдарынын эки жаны көк. Мындай адамдарды биринчи көрүп отурган сыяктуубуз. Ар бир адам жаныбыздан өткөн сайын электр тогу келип тийгендей болот. Бирөөлөр эми качырып келип, бизди кылыч менен салып калчудай, баарын чакырып алып, таш менен аткылап, кыйкырып, жабылып сабачудай болуп көрүнөт. Ар бир адам аттаган сайын ушул көрүнүш элестеди да турду.

Бара-бара көнүп кеттик. Адегенде бир чоң көчөнүн башынан түшүп, аягына чейин эч бир үйгө бурулбай, максатсыз адамдай кеңгиреп, жүрүп отурдук. Экинчи көчөгө түшкөндөн кийин бир короого кирсек, кожоюну жылаңбаш чыгып келип, эшигинин алдына чендетпей туруп, түксүйүп:

- Нан жок, айда! - деди. Барбайган чоң сакалы бар жапалдаш келген, күрсүйгөн жоон неме. Бая биз көрүп келе жаткан казак орустардыкындай шымынын эки жаны көк менен кыйылган. Ушул мезгилде сарайынан бир эки короз мелдешкендей жарыша чакырып турду.

Кайра бурулуп басканы жатып:

- Жумуш сурайбыз,- дедим мен.

- Жумуш! Кандай жумуш экен? - деди күлүм-сүрөп.

- Кандай болсо да...

- Силердин колдон эмне жумуш келет?

- Келишинче...

Уйкудан ойгонуп кетип, азыр эсин тааныган киши-дей көзүн кеңирээк ачып, бизге карап түсүн өзгөртүп:

- Айда,. жумуш жок! - деди.

Кеч кирди. Ыйманкул экөөбүз ал күнү шаардын четине чыгып, талаага түнөдүк. Эртеси дагы жолубуз бол-бой калды. Шаардын аягында гана бир кедейдин үйүнөн өзөк жалгап алдык. Жумуштан түңүлүп, кайыр сураганга кирдик. Бул кесипке мен Ыйманкулдан тажрыйбалуумун. Баягыда кытайдан кайтып келе жатып: Кал-жат, Жалгыз-Сай, Ачанокун, Дардамты, Кетмен, Добун деген жерлердин бирин койбой таптаган биз элек. Бирок, кайырчылыктын кандай адисине салган менен бу жердин элинен көп өнбөдү. Энесинен адашкан жетим козудай көчө тентип калдык. Бирде табылса, бирде жок.

Ушул калыпта жүрүп арадан үч-төрт күн өттү.

Дагы бир шор кайнап жүргөн күнү көчөдөн келе жатып, бир казак жигитке жолуктук. Эки бетинин сөөгү уркуйган, узун бойлуу неме. Колунда чала бутаган кайың таягы бар. Үстү башы самтыр-сумтур, кейпи: көп итке талатып азыр кутулуп чыккан адамдын өзү. Жай сураштык. Бу жер менен анча-мынча тааныш экен. Биз жайыбызды сүйлөп жан багууга кеңеш сурадык. Ал:

- Эндеше сендер булай кылыңдар,- деди бир кезде, жаныбыздан суу көтөрүп, өтүп бараткан бир казак орус катынын көз алдынан өткөрүп жиберип, ойлонуп калып. Ыйманкул экөөбүз ынтаабыз менен оозун тиктей калдык.

- Орустарга таудан ышкын терип келип берсеңдер нан береди...- деди.

- Ышкыны кайда болот?

Артына бурулуп таягы менен нускап:

- Сонау көрүнгөн бийик,- деди, бир карагайлуу тоону көрсөтүп.

- Канчалык бар?

- Азыр жөнөсөңдөр кечке жетесиңдер...

Сөз бүттү. Ыйманкул экөөбүз келечек тагдырыбызга ышкынды бел байлап, ач-өзөк буралган бойдон тетиги мелмилдеген көк жайыкты бет алып жүрүп кеттик. Биз ошол асман мелжип турган бийик тоого барабыз!

Бул кезде күн бешим болчу. Сайдын жолуна салдык. Кечке жүрүп, күүгүм кирген кезде бир жалпак чокуга келдик. Бирок ышкындуу жерге бүгүн жетпей калдык. Айыл жок, бир балкачынын үйү бар эле, кийин калды. Түн кирип бараткан соң, ышкынын эртең табарбыз деп, бир калың чөптүн арасына кирип, муздак балтыркандан тоё жеп алып, ошо жерге жата кеттик... Мындан башка кылар айлаң кайсы?

Түн караңгы. Тоонун аркыраган суугу бир кезде үшүтөйүн деди. Экөөбүз тең тизебизди бүрүштүрүп, бири-бирибизге ыктай беребиз. Айлана жымжырт. Мемиреген коюу караңгы түн алда кандай бир нерсеге түшүнө ал-бай жаткандай бирдемени тыңшап тургандай болот. Батыш жакта бир сайда өмүрдөн бөлөк жаралгандай жар-кылдап турган жалгыз от ченден бир ит үрөт. Алыс... Биздин маңдайыбызда түнөргөн калың карагайдын ичин-де, ушул караңгы түнгө ылайыкталып бүткөндөй, бир куштун күркүлдөгөн коркунучтуу дабышы чыгат. Терең Сайдагы чоң өзөн алыстан создугуп, кайгылуу бир адам баласынын арманын обонго салып жаткандай, бир калыптан жазбай озондоп турат. Тоо ылдый соккон желаргы менен теректер дирилдеп, чөптөрдүн башы шуудурап акырын гана чайпалат...

Табияттын ушундай кубулуштарын байкап жатып, көңүлүм белгисиз бирдемеге козголгондой, мен көпкө чейин уктай албадым. Ыйманкул эбак корулдап кеткен.

Бир кезде таң агарды. Ыйманкулду ойготтум. Ал ордунан турбай жатып, оболу жаагына куюлуп калган шилекейин алаканы менен жанып алып, «Бул жерге кайдан жүрүп келгенбиз» деп таң калган немедей, чылпактуу көзү менен алактап эки жагына карады.

Түнөгөн жерибизден бир аз ары жүргөндөн кийин, бир бийик борчуктардын арасындагы калың ышкынга кезиктик. Күн тоодон кылайып калган. Шүүдүрүм кете элек. Чөп белден. Тык-тык эткен кекиликтердин үнү угулат.

Күн түшкө кулаган кезде, экөөбүз эки кучак ышкын менен тоодон түшүп келдик. Сайдын оозунда кардончунун жанынан өттүк. Кыргыз-Сайга кирип ышкыныбызды кыдыртып жүрөбүз. Алар биздин бечара колубуздан тан-дап туруп керегинче алышат. Биз алардын бергенин алабыз. Ошентсе да кечээтен бери эмгек кылып, ач талаага түнөп терип келген ышкыныбыз бир көчөнүн аягына жеткен жок. Бардыгерин төрт үйгө саттык. Бир, эки тутамдай ышкыныбыз бирдемесинен айыпталып өтпөй калды.

Анткен менен бүгүндүк каражат таап алдык. Түш оой берген мезгилде мындай чыгып чиркөөнүн арт жагында бир арыктын жээгине келип, тапкан наныбызды сууга чылап жей баштадык. Туура жагыбызда капталдап кеткен жалгыз аяк жол менен бир-эки казак орус баласы бизди тамашалап ышкырып өтүп барат. Артындагы бирөө бизге таш ыргытат. Аларды көрмөксөн болуп олтура бердик. «Байдын эрке балдары болсо керек» деп ойлойбуз. Экөө тең тентек.

Жаныбызга дагы бир жегендей нан алып калдык.

Ушинтип багып жүрүп арадан бир топ күн өткөндөн кийин, ушул жерде бир түтүн кашкарлыктан жумуш табылды. Калаанын аягында апийим бар экен, экинчи отоосу жүрүп жатыптыр. Күндө эртең эрте кетип иңирде кайтабыз. «Ырас болду» деп кубанып калды.

Бирок бул бакыт узакка барган жок: үч төрт күндөн кийин жумуш бүтүп, биз дагы сенделип көчөдө калдык. Баягы кесипке кайра түштүк...

Эмне себептен экени эсте жок. Бир күнү Ыйманкул экөөбүз бөлүнүп кетип эртеси табыштык. Ал бүгүн кечке мени издептир. Шаардын чет жагында бир көпүрөдөн,

кечке жуук кезигиштик. Ыйманкул ач окшойт көрүнүп турат: эки жаагы сорулуп, көздөрү чүңүрөйүп, керээли кечке шамалда жүргөн койчудай ээрди кеберсип кургап турат. Кечетен бери ачыкканын, эчтеме таппаганын, кай-да жүргөнүн айтты. Экөөбүз тең көпүрөнүн жыгачына жөлөнүп, сууга карап өбөктөп турабыз. Ансыз өткөргөн тарыхымды мен да сүйлөп бердим.

Ошентип турсак эле күтпөгөн жерден бир кезде:

- Эми мен кантемин? - деп Ыйманкул жашыл кетсе болобу!..

- Ой, сага эмне болду? - дедим мен.

- Же жумуш жок, же жатар жерибиз жок...- деди жеңи менен жашын сүртүп жатып.

Ыйлаган баласын сооротуп жаткан кишидей, үнүмдү каадалуу салмак менен чыгарып:

- Жумуш табылат. Ушунча журттун ичинде жүрүп өлүп калмак белек. Кой, ыйлаба. Ой жолуң болгур! Анча-мынчаны көрбөй да киши болобу? Мамирмазинде деле чыдап жүрбөдүкпү? - дедим мен кайраттанып.

- Анда эч курбаса жатар жерибиз бар эле го... Ыйманкул колдураган колу менен көзүнүн жашын

эки-үч ирет сүртүп алды.

- Кой! Ыйлаганды кой, болду. Мындай жерде кайрат керек,- деп ээрчитип алып ары карай басып кеттим.

Ушундан көп узабай мен ушул жерде Кыргыз-Сайдын малын багып турган бир кыргызды таап алдым. Күңгөйлүк саяк экен. Аты Шадыкан. Үркүндө Кулжага барып кайтышыптыр. Бул жерде кыргыз бар деп менин оюма да келген эмес. Көптөн бери «кыргыз» деген ат эсимден да чыгып кеткен сыяктуу эле.

Бул кыргызды мен бир казак жигиттен уктум. Ал бир күнү мага көчөдөн жолугуп:

- «Ушул шаарда бир кара тоголок кыргыз бала тентип жүрөт дейт. Көргөнүңөр болсо мени айтып койгула» - деп бир мал баккан кыргыз сени сурап жүрөт,- деди мага.

- Үйү кайда экен! - дегенимде:

- Мынабу калаанын башына чыксаң, эки боз үй көрүнөт. Ошонун бирөө,- деген.

Буга сүйлөшкөндүн эртеси кыргызды таап бардым. Үйү баягыда биз ышкынга баратып көргөн Сайдын оозун дагы эки боз үй экен. Ошондо жолдон кирбей өткөнгө азыр өкүнөм. Бир үйү казак. Кыргыз-Сайдын малын ушул эки үй багып турат экен.

Шадыкан чепейген арыкчырай гана сары киши. Сербейген сары сакалы бар. Эки жаагы менен ээгинин са

калынын узундугу бирдей. Жашы кырктардан ашык эмес. Үстүндө жеңи кырылган кызыл чапаны бар. Ар бир сөзүн кылдаттап ойлоп сүйлөйт. Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Тасырайган көзүнүн үстүндө коюу кара кашы бар. Бул Шады-кандын зайыбы болуу керек деп жоромолдодум. Мындан башка дагы бир аял жүрөт. Бул тигинден жашыраак. Сөөк-саагы ичке. Жөө жыландай сүйрөлгөн, узун бойлуу, кара тору неме. Үлдүрөп сүйлөгөн сөзүнө, кыймылына караганда жүүнү бош неме болсо керек. Бул Шадыкандын келини болуп чыкты.

Баары төрт баш жан экен. Экөөндө тең бала жок. Иниси уй кайтарып кетиптир. Кечинде көрдүм. Жашы жыйырма бештер чамасында, алаңдаган чоң көзү бар ак куба жигит. Аты - Жапаркул экен. Кечинде кирип келип, отурбай жатып:

- И, мунуңар ким? - деп жат көзү менен алактап мага карады.

- Талаадан таап алдык,- деди Шадыкандын аялы тамашалап. Жапаркул менин жайыма түшүнгөндөн кийин:

- Кыргыз дейсиңерби? Адам, кыргыз көзгө сонун көрүнүп калыптыр,- деди мага шектүү көзү менен карап.

Тамак ичүүнүн алдында, Шадыкан менин келечектеги милдетимди түшүндүрүп отурду.

Эки үйүбүз ушул шаардын уюн багабыз. Музоо-сун багуу да биздин моюнубузда. Күзүндө музоо башына бирдемеден эгин берет. Ырас болду. Өзүбүз да сендей бир баланы таппай жүрдүк эле. Катын-калачтар кайтара албай эгинге түшүрүп жиберет. Сен эми жакшылап кай-тар. Алар өздөрүнүн оокатын кылсын. Тиги үйдүн да бир баласы бар. Ошол экөөңөр кайтарасыңар, билдиңби...

23 страница10 января 2017, 08:37

Комментарии