22 страница25 октября 2016, 05:04

22


Кийинки жылы Мамирмазин коюн өз колуна кыш-татты. Күндө тоого жаям.

Ушу жылы күздөн тартып, эчкиге кара өпкө келген. Мамирмазин эчкилүү бай, койдон эчкиси көп. Эки, үч ай ичинде кара өпкөдөн бир тобу кырылып кетти. Быйылкы кара өпкөнүн тушунда мунун көбү эчки болуп калганы, менин таалайымдан болгондой көрүнөт. Ар бир эчкинин өлүмү жаныма ийне жанчкандай батат. Талаада жүрүп бирөө кекейип, оттобой туруп калса анын айыгып кетишин күйөрман кишимдей тилеймин. Кожоюндарым бул кырсыкты менин каражолтойлугумдан болгондой, менин ичимде бир ала курт бардай көрүшөт. Мамирмазин өзүнүн багына кирип мага күндө бир жаңы таяк кесип чыгат. Күндө таң эртең короодон чыгып баратканымда: «Капыр ушунун эмнеси бар» деп күмөн санагандай, ала көзү менен артымдан карап калат. Анын шектенип карап, акырайганынан атып жибергени жеңил өңдөнүп, эшиктин далдаасына киргиче беш саржан жер алыс көрүнүп, кыйпылдап отурам.

Бир күнү кожоюнумдун бир жакшы көргөн кара төбөл эчкиси талаадан ооруп калды. Эртең менен болучу. Бир кезде карасам, көзү өлүмкү тартып, чөп кыркпай кекирейип, койдун бир четинде туруп калыптыр. Эчкилеринен муну бөтөнчө жакшы көрүүчү.

— Эчкилердин көбү ушунун тукуму. Ак жолтой өзү,— деп катыны кеп салып отурар эле. Чөп жесе жазылып кетчүдөй, артынан дедектеп туруп калган жеринен улам козгоп айдап коём. Ал көңүлдөнбөй туруп, башын жерге жакын алып барат деле кайтып «жок, жүрөгүмө барбайт» деген немече бир тал чөп кыркпай, көзүн үргүлөтүп, кайра кекейип туруп алат. Кечке алек болдум.

Кечинде мен барганда Мамирмазин тышта туруптур. Алдынан чубап, кирип бараткан койго көзүн алактатып кыдыртып, өткөрүп жиберди да, кирпигин тез-тез кыйпылыктатып:

— Бүгүн аманбы? — деп сабырсыздык менен мага карады. Ошо замат жооп бере койбой басып баратып таягым менен тай туягымдын карын кың эттирип, кагып калып:

— Кара төбөл ооруп келди,— дедим кылмыштуу немедей болуп.

Мен койду короого камап, эшигин бекитип жатканым-да Мамирмазин үйүнө кирип кетип, катыны менен күң-күлдөшүп калды. Катуураак сүйлөгөндө сыртка угулуп туруучу. Катынынын жашы кырк чамасында. Чекеси, көзүнүн тегереги, эки жаагы калың бырыш. Бети жайык, эрди жука, көзү акылдуу адамдыкындай караган, тилдүү неме. Эрине караганда бул ойлонуп сүйлөгөндөй сөзү салмактуу. Көздөгөнүнө жеткирип айткан уу тили бар.

Эшикте жүрсөм, аш үйдөн бир кезде:

— Бул капыр кара жолтой болду го? — деп алып артынан — аркыны тамак ич деп кой? — деди катыны.

— Кимди? — деди кызы.

— Муканды.

Булар бизге өздөрүнчө ат коюп алган. Эшпайды — Эшан, Беккулду — Беки, мени — Мукан, Ашымканды — Ашы деп чакыруучу.

Кирип, эби жок колжойгон чокоюм менен эшиктин алдына, сары чылапчынга жакын барып отурдум. Башынан энчилеп койгондой менин ордум дайым ушул болучу. Мамирмазин, катыны, Мукбул, эки кызы, эркек баласы болуп төрт-беш киши бийиктиги карыш келген жапыс үстөлгө тегеректеп отуруп алып, жабырап, тамак ичип жатышкан экен. Беккул менен Ашымкан жок. Суукта, жылууга кирип ысык кесме колума тийгенге боюм чымырап, сүйүп барат. Кесме ортолоп калган кезде эки жаагымдан самсаалап тер кетти. Улам агып келе жатканда тонумдун этегин кайрып келип сүртүп коём. Тамак ичип жатышып, эшиктин алдында отурган мага катыны экөө кезектешип, анда-санда бир суроо берип коёт. Мага карышкыр көргөндөй карашат. Баарынын алдында байлаган койдой мен отурам.

— Бул эмне, күндө бири ооруп келет? — деди бир кезде Мамирмазин мага карап кабагын түйүп.

— Мен кайдан билейин. Малга келген бир кырсык да...

— Өлүп отуруп бүтө турган болду го! Бу сенин эмнең бар? — дейт катыны.

— Эчтекем жок...

Мага билдирбей өздөрүнчө кобурашып кетип артынан:

— Сен бирөөгө кошуп кайтардың беле? Айтчы ошону! — деди Мамирмазин.

— Эч бир койго кошкон эмесмин.

Биз ушинтип отурган кезде короодон бир эчки бакырып калды. Тамак ичпей таш ичкендей болуп, колумдагы ашымды таштап жиберип тура жөнөдүм. Баягы кара башыл эчки! Мен жеткенде дагы бир бакырып, буттарын бир-эки ирет серпип алды. Артымдан Мамирмазин жете келип:

— Эмне болуптур? — деди көзү бакырайып. Ага бер-чү жооптун ордуна, өлүп жаткан эчкини көрсөттүм...

Ошондон кайтып үйгө келгеним жок. Өлгөн эчкини жайлаштыргандан кийин бардым да баягы Бейшемби өлгөн тамга кирип, караңгыда түйшөлүп барып жата кеттим.

Эртеси Мамирмазин мени багына ээрчитип барып, өрүктүн жыгачынан бир таяк кесип берди. Таяк бутактуу кадимки дубаналардын аса-мусасынын өзү! Аны берип жатып:

— Сага кандай таяк түтпөйт кысталак! Ме мына муну бысмылда деп тутуп, сындырбай алып жүр. Мындан бөлөк таяк алба! — деди.

Койду жайып кете бердим.

Мен мынабу кырдан аша бергенде, тээтиги маңдай-да алыста жыбырап кой жайылып жаткан бадалдуу бийиктен бирөө заңгырап сайды көтөрүп коё берди. Тааныймын — Жоломан. Бул өзөндө мындай обон салган койчу жок. Кандай алыста, кайсы кырда жүрсөм да мунун үнү белгилүү — баягы экен дейсиң.

Бул Элакун деген байдын койчусу эле, өзү казак. Кайтарган кою миңге жакын. Жоломан бир топ менден улуу да, чоң да, мага караганда көптү көргөн, көөнөргөн немедей. Бирок ал мени баласынтпайт, мамилебиз теңтуш кишилердей. Экөөбүз кошулган жерде көптөн тааныш немече бири-бирибизден кенедей сыр жашырып калбай сүйлөшөбүз. Кээде койду токтотуп жайып таш-тап кезек менен жомок айтабыз. Жоломан ошондой, ал канчалык айтып жатса дагы бир түгөнбөй улам ары жагынан табылып тургандай болот. Өзү болук кызыл жүздүү келген бети топтоголок, көзү кыраандай жайнаган эр көңүлдүү неме.

Анан чиркиндин обону! Чынымды айтайын, мен андай обонду экинчи бирөөдөн укканым жок. Мунуку өзгөлөрдөй жалгыз гана адамды жашытып, ичке муң түшүргөн кайгылуу карандай арман эмес. Кайта көңүлдү көтөрүп кайгыдан алып кайрат бергендей эркин эле. Үнү алда-кайдан таанымал. Бадалдуу бетке миң койду жайып таштап, өзү тоонун кылда башынан таягын таянып эңиштеп туруп алып, теңи жок бийик уккулуктуу коңур үнү менен сайды жаңыртып бирде көтөрүп, бирде калтыратып барып, салып кеткенде дүйнөдөгүнүн баары мырс этпей, жалгыз ошону тыңшап тургандай болуучу.

Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алда-кайда көтөрүп сергитип таштачу. Атам замандан берки армандын күнү бүтүп, эми алдан бир белгисиз эркиндик элестеп тургандай болуучу.

Жоломан күңдө ушул. Кээде күнгөй-тескей болуп койду бет маңдай жайып таштайбыз. Койлор табылгынын арасында тескейдин карын тээп, айлана жымжырт тартып мыдыр этпей токтоп калган кез болот. Ошол кез-де Жоломан акең заңгилдин башына туруп алып бир коё берет дейсиң! Ошо мүнөт талааны безеп турган таасирдүү бийик үнүндө бир түрдүү сыр бардай. Мени сагыныч жайлап, көңүлүм толкуп алда кандай бир белги-сиз талапка талпынгандай боломун. Экинчи чыкпачудай мунарып батып бараткан күн ого бетер таасирленип алда кайдагы өткөн күндөр эске түшүп, дүйнө бир пулдук көрүнүп, өмүрүм түштөй элестеп, алдымда бирдемелер каршы туруп алгандай болор эле.

Бир күнү Жоломан экөөбүздүн козубуз кошулуп кетти. Мен койдун алдына жаңы жетип, бөлүп таштайын деп жатсам ал:

— Бара берсин, кечинде бөлүп аларбыз,— деп койду. Койлорду жогору каптатып жиберип өзүбүз сайдын аягында калдык. Бекер турганча көр-жердин башын чатып, аңгеме козголду. Экөөбүз тең таягыбызга өбөктөп бет маңдай турабыз.

— Сага кожайының калай карайды? Тамакты үсөн деп берем? — дейт Жоломан.

— Жарытпайт. Бир жез тырмак келини бар. Менин күнүм ушунун колунда. Кишинин ачка жүргөнү менен жумушу жок. Былтыр кичине түзүк эле. Быйыл эгини болбой калгандан бери ого бетер куну кетип калды. Той-соң да, тойбосоң да бир чыны кесме. Эчкисине кара өпкө келе баштагандан бери мындан бетер куну кетти. Сеникичи? — дедим мен жогору карай өрдөп бараткан койду карап коюп кайтып анын бетине карап.

— Меники эртели-кеч эки убак тамагын тойгуза береди. Тамагы кеңири. Азыкты гана аз алам...

— Анда жакшы экен.

— Сен, усу Мамирмазинде дагы эки-үш инилерим бар деп эң кой. Оларыңдын күнү не болуп жатыр? — деди Жоломан, бир аз үнсүздүктөн кийин.

— Аларды мен анда-санда гана бир көрөм. Кечинде барып жатып калам. Эртең менен өзүң өңдөнүп таң заарынан чыгып кетем. Кээде тамак ичпей кетсем да унчугушпайт.

Көзүн ирмебей бир азга бутун тиктеп ойлонгонсуп туруп:

— Сага солоруң кыйын экен гой! — деди.

— Ооба, баарынан ошолордуку кыйын...

— Эч нерсе эмес...

Ушул шаарда Ахмед деген дагы бир койчу бар эле. Өзү отуз бештерден ашып калган. Алыстан караганда байкалбаган, берекесиз сакалы бар, жапалдаш сары жигит. Жаңыдан бир асыл буюм таап алып кубанып турундай кыбыңдаган көзү дайым күлүп туруучу. Ак-Сууда бул малай жүрбөгөн уйгур аз. Койчулардын арасында биз муну көптү көргөн бир карыядай көрөбүз. Койду кандай жерге жайса токтоорун, асманга карап алып күндүн ачылаарын, бороон болорун, карышкырдын кай мезгилде түлөөрүн — баарын беш колдой билет. Колу май-да-барат иштерге чебер. Жанынан ийне үзгөн жан эмес. Кементайын, шымынын жыртык-тешигин талаада отуруп өзү жамап алат. Качан да болсо кементайынын ичиндеги жеңи чолок жамаачылуу кара күрмөсүнүн бир чөнтөгүндө ар түрдүү курак жип, кийимдин өөндөрү жүрүүчү. Кээде кементайын чечип, күрмөсүн, шымынын алаасын, кашаттарын көрсөтүп:

— Мине, осыларды өзүм жамап алдым. Катыным болмаган соң кайтесин? — деп жылмайып күлүп коёр эле. Ишмекер катындардыкынан мунуку түк айырмасы жок. Жамаачыларби менен кыйышып тигиштери жымылдап турат.

Жоломан экөөбүз турсак, бул күндөгү адатындай:

— И, турган экенсиңдер,— деп тетигиндейден күлүп жаңкы жерде бизге басып келди.

Үчөөбүз кошулгандан кийин, койдун артынан басып жогору карай жүрдүк. Сайдын орто жерине барганда кайра кыялап, жонго чыктык. Ахмед кобурап барат. Бир кезде көзүн шыкшыйтып чыгыш жакты карап алып:

— Бүгүн боран болар мекен а? — деп койду.

— Жонго чыгып бир чоң кара таштын түбүнө кобурашып, бир аз отургандан кийин, ордумдан тура калып:

— Үшүп кеттик го — деп жибердим эле:

— Эндеше нан жесек жылынар бекенбиз? — деди Ахмед өзү да баятан бери менин абалымда турган немедей.

Ахмеддин жүзаарчысын жайып коюп белге түйгөн бирден наныбызды чечип алып үч жактап туурап кирдик. Наныбыз бири-бирибиздикинен оодук кыйдыгы көп эмес. Ахмеддин наны саал жукараак экен. Анын үстүнө четинен кетип жеп коюптур. Жоломандыкы калыңыраак, айтор эмнеси болсо да баары тең ортого түшүп кетти. Эми мындан аркысын темпке карай ар ким өз багыбыз-дан көрмөкпүз... Кеч кирип келе жаткан кезде Жоломан экөөбүз коюбузду бөлүп алып жон ылдый жөнөп бердик. Ахмед өз жагына кетти. Мен алдыга түштүм. Жер алай-дүлөй түшүп, кардуу бороон дүйнөнү бийлеп турган. Бети-башыбызды тумчулап араң жүрүп келебиз.

Ошентип келе жатып, бир кезде мен артыма бурулуп карай бергенимде, бир үч карышкыр булак этип жонго чыга түшүп, так Жоломандын коюнун тушунан качырып сала берди. Мен көрө коюп чыйылдаган жапыс үнүм менен кыйкырып калдым эле бирөө жалт кайра тартты. Жоломан көз алдында болуп жаткан окуяны ошого чейин көрбөйт. Ал кулак мурдунан чолоо жер калтырбай тумчуланып, тебетейин көзүнө баса кийип алыптыр. Жерди карап келет.

Аңгыча эки карышкыр эки-үч койдун куйругуи жутуп жиберип, бирден койду бөлүп алып сайды карай зыркыратты. Жоломан ошондо гана көрүп, узап кеткен карышкырдын артынан айкырып эми жөнөдү. Карыш-кырлар алактап анда-санда жалп этип артын карай коюп, алдындагы койдун куйругун кызыл-ала кылып кыйратып кетип баратат. Артынан кыйкырып кууп кетип бараткан койчуну тоотушпайт. Жоломан сайга кирип жакындап калганда гана карышкырлар койду таштап жиберип, аркы бетке аткып чыга беришти. Шашпайт. Кайта кылчактап карап коёт. Кар кызыл жаян болуп калды. Үч койду жаралап кетти. Бир койдун куйругу шеңирейип жартысынан азы гана калыптыр...

Эртеси келсем Жоломандын кабагы бүркөө. Бүгүн күндөгүдөй эрмектешип, сайда көтөрүп обон салган жок. Мага да көңүлсүз болду. Ал да унчукпайт. Кыязы кечээ кожоюну урган белем! Бети көгала, мойнунда бир айрык бар.

Кечке жүрүп бар айткан сөзү:

— Кечээ көрөр замат неге айгайламадың? — деди мага, кабагын бүркөп туруп.

— Айгайладым гой! Өзүң бөркүңдү көзүңө баса кийип алып эшитмедиң. Каскыр авелде үшев еди, ман айгайлап жиберген соң бири кайра тарткан. Оның үстүнө боранда давысым катты эстилмей жатты...— дедим мен казакчалап.

Ушу күнү кечинде менин коюма четтен бир жолбун кой кошулуп келди. Жоломандыкы эмес, бөтөн. Аны катыны менен кеңешип туруп, шарыяттан бирдемесине жөлөп коюп Мамирмазин түн ичинде союп алды. Бул күнү Мукбул үйдө жок болучу. Чоң шамшарын курчутуп жатып:
Бар жетелеп кел, кудай өзү кечирет...— деди мага Мамирмазин. Мен койго баратып: «Ушунча малы туруп молдо башы менен ушундай кылат экен ээ» дедим ичимден. «Эгер эчкиси кырылбаса мындай кылбас беле?» деп жана оюма кетти.

22 страница25 октября 2016, 05:04

Комментарии