19 страница23 октября 2016, 12:39

19

Бүгүн Чонжу деген бир ысык жерден жөнөдүк. Бет алганыбыз тээтиги көрүнүп турган кара тоонун алдын-дагы дүкүйгөн бак. Ал — Ак-Суу. Ары жер өр, ары чөл. Таш тилип чор болуп таманыбыз тартылбайт. Жолдон кезиккен жан болсо четибизден ыйлап жиберип, жалынып жардам сурачудай болуп, сурубуз качып, ар кай жерде бирден, экиден сенделип араң жүрүп келебиз. Бурмаке таягы менен бөкчөңдөп жүрүп келе жатып, адатындай кобурап кетет:

— Ушул күндөр да унут болоор бекен? Ай таң, унутула койбос...

Бир аз бара түшүп дагы:

— Балким... Адам чиркин курсагы тойсо бир эле күндө...— деп коёт.

Күн аркан бою калганда Байыңказак деген жерге жакындадык. Жолду ката ысыкта бир тамчы суу көргөнүбүз жок. Тил оозго батпай, жанталашып акылдап, өлүп бараткандай болобуз. Ошондо биздин тагдырыбызды эртеден бери бийиктен көрүп тургандай, калаанын четине жете бергенде, четки үйдөн бир таранчы жигит бир чака суу менен алдыбыздан чыкты. Чөмүчү бар экен. Жазга жуук чуңкурдагы сары сууну талашкан уйдай жабыла баш салып көзүбүз алайып, өлгөнчө шимирип жатабыз.

— Көп ичпегиле, ооруп каласыңар,— дейт таранчы жигит.

Сууга канып алгандан кийин, мындай чыга берип Бурмаке:

— Кудай өмүрүңдө жамандык көрсөтпөсүн, балам! Бечара карыптын сообу жетсин...— деп алкап коё берди.

Күн бата Ак-Суу шаарына жетип кондук.

Ак-Суу — чоң шаар. Жаркент үйөзүнө карайт экен. Ысык күндө кечке жол жүрүп, арып-ачып келгенге карабастан, Беккул экөөбүз шаарга салып барып, түн кир-генче бир топ жерин кыдырып кайттык. Шаарга кирген-де бөлүнүп кеткенбиз. Кайтканда болжошкондой кошулуп алдык. Сайга кире берген жерде, бир калың мүрзөнүн жанынан өтүп баратсам, Беккул арыктын боюнда, сууга нан чылап жеп отуруптур. Жанына барып:

— Үйгө алып барбай баарын эле жеп саласыңбы? — деп калдым эле:

— Мына кичине эле жедим,— деп менин бетимди карабай туруп сууга чыланган бир сынык нанын көрсөттү. Сайдагы таштарды чокоңдой басып, үйгө келдик. Эми мындан ары жүрө албасына көзү жеткен соң, баш кишилерибиз кеңешип туруп, бу жерге бир аз күн токтоп, жумуш кылып, оокаттанып алып жөнөйлү дешти. Эки түнөгөндөн кийин Ак-Суудан бирөөнү таап алдык. Бул ушул жердин дамылдасы болуп турган — Мамирмазин деген адам экен. Муну кечээ тиленип жүрүп, күтпөгөн жерден Эшпай таап келди.

— Мына бу шаардын четинде бир үйгө барсам «атаң-агаң болсо айт, бизде жумуш бар, келсин» деди,—деп келди.

Айткандай эле Бейшемби барып келгенден кийин биз көчүп бардык. Шаардын күн чыгыш четинде, кашаттын боюнда дардайган чоң дарбазалуу үй экен. Үйүнүн жанында бир тешеге жакын багы бар. Бизди чет жакта бир чоң коруктун ичиндеги жалгыз тамга алып барып кондурду. Бул Мамирмазиндин үйүнөн бир чакырымдай алыстыкта. Өзү сокмо там. Ичи-тышы шыбалбаган. Эшигинин каалгасы жок, күнсүз жагында шыкырайган, бир терезенин орду тургансыйт. Үйдүн ичинде ар кай жерде, алда качан какырап калган уйдун жампалары жатат. Төр жак төбөсүндө мамынын түбүндө жыгачка жаңсай салган бир чабалекейдин уясы бар. Үйдүн төбөсүнө, боорлоруна булайып чөп өсүп алган. Тегереги тизеден беде. Биздин там коруктун күн батыш жак четинде. Көчө жагында суу жүргүдөй кылып койгон тамдын бир кичине тешиги бар. Жерге отуруп караганда, көчөдөн ары-бери өткөн адамдын аягы бу жерден көрүнүп турчу.

Күн эртең менен намаздан кайтып баратып, Мамирмазин биздикине кирди. Кирпидей тикирейген узун кашы бар, кабагы терең, чокчо сакал, кипкичине чүңүрөйгөн кара киши экен. Элүү чамасында бардыр. Көзү кандай болсо, сөзү да, кыймылы да ошондой чапчаң, жеңил, бир мүнөт тынчтык таппаган адам сыяктуу. Ары жагында куулук сактап тургандай капкара болгон ишенимсиз көзү үркөнчөөк аттай жалт берип турат. Кирип келип жаандын артынан жаңы тирилген кумурскадай, ар кай жерде кыймылдап жаткан үйдүн ичиндегилерге заматда көз жүгүртүп алды да, бизге керек боло койбогон жерден:

— Биз угуп жатабыз жерине барган кыргыздарды орус четинен өлтүрүп жатат дейт,— деп калды уйгурча тил менен.

Бир аз ойлонуп калып артынан буларга ушундай айтсам түшүнүктүү болот деген кишиче чала-була казакчалат.

— Азыр барган мен мына балаларыңа балбай...— деп, жооп күткөндөй Бейшембиге карады. Бейшемби:

— Азыр биз деле кете койбойбуз. Көптөн бери жол жүрүп, өзүбүз азып калдык. Бу жерге бир аз токтоп, сиздер өңдөнгөн агайындардын аркасы менен оокаттанып алып, анан жөнөбөсөк, азыр кете турган ой жок. Абалы жерибизден кабар алалы дейбиз. Орус чегине болсо жетип калдык. Эми шашылыш жок,— деди.

Базарга түшкөн малды сынап жаткандай менин баш-аягыма айландырып карап алып, ийинимден жогору көтөрүп, тартып коюп:

— Кетмен чабышка али жарабапсың,— деди Мамирмазин.

Өзүнүн үч уулу бар экен. Экөө катын-балалуу болуп эбак бөлүнүп кетиптир. Азыр Мукбул деген кенже баласы колунда экен. Мунусу бойдок. Жашы жыйырма бирлерде бар. Көзү чоң, тартайган бойлуу неме. Ортончусу Бакырдин — атасы түспөлдүү. Бирок мүчө курулушу андай эмес, эткээл, мойну кыска томурайган чымыр жигит. Мүчөсү туташ бүткөн немедей кишиге караганда тула бою менен бурулат. Мунусу көбүнчө соодагерлик кылат экен. Быйыл Жусуп болуш деген кайнатасы менен шериктешип беш тешеге жакын апийим айдаптыр. Апийим алып Кулжага жылына барат экен.

Кечикпей Беккул, Эшпай мен үчөөбүз энчиге тараткан малдай бөлүнүп кеттик. Беккулду Мамирмазин, Эшпайды улуу баласы Шерпеден, мени ортончусу Бакырдин алып кетти. Алар уй кайтарып калды, мен апийимдин отоосуна: шаардын башына чыгып кеттим. Бу жерди «өстөн» дешет. Чегиртке болбогон жылы элинин дыйканчылыгы көбүнчө ушул арада болот экен.

Өстөнгө барсам он чакты киши жабалактап апийим отоп жаткан экен. Бакырдин мени базарга салчудай колумдан жетелеп отуруп, түгөйү жок бир сары жигиттин жанына алып барып токтоп, менин калпагымды алып, кайра кийгизип коюп:

— Мына сага шерик,— деди.

Жигит мага таңыркагандай аңырайып оозун ачып, тула боюман чоло калтырбай карап алды да, артынан какшыктап жымыйып:

— Аа! Абдан тапылыпты! Өзүм үргөтүп аламан. Кел,— деди, колундагы чанжы менен солду көрсөтүп.

Жигитке караганда мен чабалдык кылдым: солдун орто ченине барганда, ал өз жагын отоп, менин алдымды таштап, кете берди. Алыс калдым. Кезек-кезек:

— О, жүрле! — деп үнүн көтөрүп кыйкырып коюп, кайтып:

— Нан йемсээң!—деп коёт. Мени тамашалап оюнчук кылып алды.

Бара түшүп чалкалап, күндү карап коюп, калпагын ошол жакка баса кийип, чанжыны кыйкаңдатып, бир-эки шилтеп алат да:

— Ойнада-а-а! — деп созуп ырдап кетет.

Күн бешимге кулаган кезде нан жейбиз деп баары чогулду. Дандырга жабылган беш-алты калдайган жука нан келди. Ортолоп келген кезде, менин оң жагымда отурган сары жигит, калган нанды сындырып, эң үстүнө бир чоң сыныгын калтырып, кадырлуу коноктун алды-нан өтүнгөндөй, кичи пейилдик менен колун ийкеңдетип, мага:

— Ал! — деди.

Баары колундагысын жеп болуп, эми жерден ала турган ирээти келип турса да, тигинин өтүнгөнү боюнча бири кол суңбай мени күтүп тура калышты. Алдым. Четинен тиштеп бир-эки чайнай электе, топурак аралашкан бир таш барып тишиме кычырай түштү. Ошол замат оозумдан алып кайра таштадым. Эл дуу күлүп жиберишти...

Апийим отоосунда мен он чакты күн жүрүп калдым. Жакында бүтөр эмес. Башкалары күндө кечинде топ-топ болуп, чогулуп, ырдап, күүлдөп алып, шаарга кирип кетишет. Бирлери нашаа чегип, кызып алат. Жапан талаа-да жалгыз алачыкты багып, бир уйгур малай экөөбүз калабыз. Карамагыбызда үч ат калат. Аны кайтарабыз, ар кайсы жерге жаңылап аркандап, мезгили менен сугарып турабыз.

Бир күнү түшкү тамактан кийин эл эс алып жаткан кезде, мен алачыктын артында бир кумурсканын уясы-нан өтүп барып, жалаң этиме кийген бешмантымды жайып коюп, жыңалач болуп, битин карап отурат элем. Ошол убакта менин жанымдан бирөө басып баратып:

— Дадаң кычкырып йатупту,— деп кетти.

— Эмнеге?

— Таң.

Муну Бакырдинге барып айттым эле:

— Барып тез кел! — деди, басып баратып үңүрөйгөн терең көзү менен мага бурулуп карап.

Үй баягы корукта. Барып, ойдо жок жерден Бурма-кенин өлүгүнүн үстүнөн чыктым. Мен кирип барсам, Бейшемби «мына, көрдүңбү? Сени биз ушуга чакырганбыз» деген кишидей мага бир карап алды да, кайтып Бурмакенин өлүгүнө карады. Жыгылганына бир жумача болуптур. Муну мен азыр билип отурам. Бетине бир ак немени жаап, сундуйтуп мындай алып коюптур. Ашууда жүк көтөрүп келе жатып, тыныккан немедей Бейшемби менен Элебес, эки жерде сумсайып, жымжырт тартып отурат. Тамдын бурчунда, Бурмакенин ийрип бүтпөй калтырган жип-шууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан отурат. Анын бери жагында бүрүшүп, Ашымкан, Жума-бек отурат. Эшпай келиптир. Беккул менен Бечел жок. Өлүккө жыйналып турган бар эл ушул. Бирок кадимки жорук-жосундай үн чыгарып, ыйлаган бир да бири жок. Жымжырт тартып, адамды куса кылып ич бышырган жалгыз там. Опураган эчтеме жок. Эшиктин алдында, очоктун жанында бир колтуктай бактын куураганы жатат. Баягында көкөйүмдү тешип, Көк-Теректен көтөрүп келген жаргылчак жатат. Үйдүн көчө жагында, бир чуңкурда алда качан тозугу жетип, бирөөдөн калган жалгыз кепичтин тарпы жатат.

Үйдүн ичинде жайындагы чабалекейдин бир уясы али бар экен. Балапандары чыйпылдап жетилип алыптыр. Каалгасы жок эшиктен энеси шып этип учуп кирип, балдарына жем берип жатат. Ушул уяны баягыда балдардын бирөө бузам дегенде:

— Кой, убал болот. Бу да бир күн көрөйүн деген макулук,— деп Бурмаке тийгизбей койгон. Азыр уяны көрүп, ошол эсиме түштү.

Өлүктү көмүшүп коюп, мен өстөнгө кайра чыгып кеттим. Жолдо баратып, Бурмакенин өлө элегинде «атаганат, эч болбосо Көлгө жетип өлсөк арманыбыз болбос эле» дегени оюма түштү. Менин алдымда, жыйырма саржандай жерде эки бутун салактатып, эшек минген бирөө кетип бара жатты. Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт. Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды. Бир казак артынан жөө кубалап алыптыр. Бул жаңкы ат чыгып кеткен дарбазага жаңы жете бергенде, бир уйгур жигит, дарбазаны шарт жаап жиберип:

— Наге барсе? Нимишка? — деп аны жибербей тосуп калдык.

— Ойбай аке, сенин «нимишкең» бүткөнше ол кетип калды гой! — деди берки, коё бер деп жулкунуп. Булардын натыйжасын көрбөй калдым.

Эки айдан кийин Токмолдо менен Элебес өлдү. Бу жолу мен Мамирмазиндин бир күйөөсүнүкүндө болучумун. Үйү Байын казакта.

19 страница23 октября 2016, 12:39

Комментарии