1 страница10 октября 2015, 19:24

1

Биздики элден обочо, жалгыз тамдын түбүндогу жалгыз кара үй эле. Шашке кез. Биз төшөктон жаңы туруп жатканбыз. Бир кезде Алмакан эжем ойдо жок жорукту баштап, эпкиндеп чыркырап барып, төшөктү тартып жатканы көп болгон.
Энем да кундөгудөй эмес, көздөрү коркунучтуу, чарасынан чыгып, көкүрөгү кырылдап, билер-билбес дем алып, улам жоошуп кетип баратат. Өлүп бараткан адамды биринчи көргөнүм ушул. Ошондо мен он бирдемин.
Баарыбыз үрпүйө түшүп, энемди тегеректеп үйүлө калдык. Эжем тура түшүп, элирген немедей бардык үнү менен өкүрүп, тышка чыкты да, бир кезде кайра кирип келип, энемди дагы басып жыгылды. Биздин үй элден обочо болсо да, эжемдин чаңырган дабышы менен бирин-серин эл жыйналып калды. Ошол убакта мен эмнегедир алданып чыгып кеткем. Аңгыча болбой бир кезде "чур" дей түштү. Чуркураган чаржыйт үндөр уламдан-улам күчөй берип, жаман үйдү көтөрүп кетти.
Ошентип, алты чөбүрө жетим калдык. Эң улуубуз Алмакан эжем, анан мен, менден кийин Беккул, анан Эшбай, андан кийин Ашымкан деген кыз. Эң кенжебиз Бекдайыр. Баарыбыздын арабыз эки жаштан. Өлөр алдында жана бир кыз төрөп, аны багып ал деп бирөөгө берген. Бул, он айга жетпей өлүп калды.
Энем деги койдой чубуртуп, көп төрөгөн адам: төрт эркек, алты кыз болуп онду тапкан. Үч кызын эрге берген. Ушулардан азыр үйдөгүбүз алтоо.
Энем өлгөн соң, анын ордун басып, жетимдерге көз болууга Бурмаке кемпир келди. Бул атамдын агасы - Элебестин зайыбы. Алтымышка келип калган. Бүкчүйгөн гана кичине кемпир. Булардан башка карашарыбыз жок. Элебес эзелден томаяк адам. Ошондуктан, Кызыл-Кыя деген жерге жолчу болуп, биротоло көчүп кеткен. Кедей жан багышка бул жер бир аз ылайык эле. Мында көчүп келгенине быйыл уч жыл.
Эми багыбызга туш келгендей быйылкы жыл да өтө кыйын болду. Мезгили жетсе да жакында көк чыкпай, күн сурданып, кезек-кезек кара бороон буркурап, элдин көзүн ачырбай жутатып туруп алды. Былтыр эгин болбой калган. Анын үстүнө биздин элдин көбү жарытып эгин экпейт. Мыктаганы эки тешеге жетпеген жер айдачу. Элде быйыл ачарчылык. Ошондуктан, бирин-сериндеп, кап бөктөрүнүп алып орус посёлколоруна чубап калган.
Биздин бир табак буудайдын акыры кечээ бүткөн. Бүгүн эртеден бери наар алганыбыз жок. Бурмаке кемпир мени төмөн жакта бир үйдөн бир жармалык буудай суратып жиберди. Ал жампайган бир кара үй эле. Бардым. Мурду барбайган, чоң кара кемпир коломтодо күйүп бүткөн тезек чогун жайып коюп, отко кактанып отуруптур. Анын колтугунда жамгырдан ыккан кулундай корголоп, бир кичине кыз отурат.
Мен барып:
— Бурмаке энем бир чөөчөк буудай берсин дейт, — дедим кемпирге бет бакпай, четке карап туруп. Буйдалган жок, чыгдан жагын бир карап алды да, кемпир:
— Жок, — деп күңк этти.
Кайра келдим. Бурмаке энем жаңкыдан бөлөк акыл үйрөтүп, жана жиберди.
— Айт, өлбөсөк бир чөөчөк буудайыңын кунуна чыгарбыз...
Берген жок, жана кур бардым. Ошондо Бурмаке:
— Эми жокту жерден чукуйбузбу! Силер да таалайыңардан көргүлө, багы жокторум, — деди баарыбыздын көрөр күнүбүз бүткөндөй каран түшүп.
Ушундан он күн өтпөй бир Бурмакеден башкабыз текши кыйрай жыгылып ооруп калдык. Ар кай жерде чачылып, ыңкыстап жаткан адам. Бурмаке бөкчөңдөп, калтыраган кары колу менен кыдырып ооруларга суу берип жүрөт. Баягыда бир тамырчы келип мага он беш күнчө суу бер деп кеткен. Ансыз да суудан бөлөк ичерибиз жок. Мынабу чачы жүндөй уйпаланып, эсмас болуп жаткан эжем. Анын бери жагында, коломтого жакын жерде, алсыз ыңкыстап Беккул жатат. Капшыра кармап койсо сынып кетчүдой илмейген билегинин тарамыштары көгөрүп, санадып турат. Тырп этер ал жок. Анын ыңкыстаганына карай:
— Э, Беккул, эмне кагылайын? — дейт Бурмаке. Ал түк да билбейт. Зорго демин алып жаткандай көрүнөт.
Атам болсо, көптөн бери жетимдердин карды үчүн кайгырып, алда кайда бир жакка кап бөктөрүнүп, бирдеме издеп кеткен. Күндө келер бекен деп күтөбүз, жок. Бир үйдө четинен кыйрап жаткан ооруларга баш-көз болуп турган — жалгыз Бурмаке. Өзү түн баласында жаратып уйку да көрбөйт. Түндө зарыгып отуруп, талыкшып кеткенде кезек-кезек көзү илинип, кайра селт ойгонуп кетип, коркунучтуу, калың токойго келген эмедей, тегерекке кулак түрүп, көпкө тынып тыңшап калат. Беккул чыдабай жаткан түнү таң аткыча кирпик какпай чыкты. Эсимде: түн ортосу кез, карарып өчүп бараткан чокту улан көсөп жайып коюп, мазардай жалгыз өзү коломто жанында отурат. Чок акырын карарып, күңүрттөп өчүп бараткан. Кээде каалгып кетип, башы шылк эте түшөт. Үй караңгы, жымжырт. Анда-санда гана Беккулдун алсыз дабышы угулат...
Ушул түндө Бурмаке өмүрдө көргөнүп түгөлдөп, ойлоп отуруп, чарчап кеткендей болуп көрүнүп турду.
Мен төшөктөн бир ай чамасында турсам керек. Баарыбыз келте менен жыгылганбыз. Айыккандан кийин, чачым таздын башындай жыдып түшүп калганын бир гана билдим. Менден бир аз күндөн кийин Беккул турду. Анда да чач жок. Биз төшөктөн туруп, тамтаң басууга жараган кезде, Беккул экөөбүзгө Бурмаке таяк жасап берди.
— Көп бассаңар муунуңар кирет. Үйдү айланып басып келгиле, — дейт. Биз жолду катар тынып отуруп, үйдү зорго бир айланып чыгабыз. Бирок мен басам эле көңүлүм айланып, көзүм тунарып кетет. Жер астын-үстүн болуп, өлө мас кишидей көзүмө эчтеме көрүнбөй кетет.
Молодой жалгыз үй. Анын үстүнө биз четинен кыйрап, жыгылгандан бери бизге каттаган жан болгон жок. Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым: үйдү айландыра салган купкуу там, анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргоол ойноп казган чуңкурлар... Ал чуңкурдун четки бирине топурак толуп бүтөйүн деп калыптыр. Береги күрөндүдө кечээтен бери таарынган немедей букуюп ала мойнок ит жатат. Көптөн бери көрбөгөнгө сагынып калгандай мага куйругун булгалап, көзүн жалдыратып эркелеп коёт.
Арадан көп күн өттү... Бирок, тамактын тартышынан оңой менен муунубуз кирбей койду.
— Атаганат, тамак болсо бат эле тыңып кеткен турасыңар. Кантейин эми? Кудай бечара-карыптарга боору ачыбайбы! — дейт Бурмаке кемпир, Тар дүйнөдө бир табак талкан бар. Аны үнөмдөп, анда-санда гана чаңыттап, жарма жасап, кары колу менен дарыгердей өлчөп, топ ооруга бөлүп берет. Бул жумурубузга жук болбойт.

1 страница10 октября 2015, 19:24

Комментарии