29 страница11 января 2017, 15:18

30

Кеген менен Каркыранын аралыгында бир мелтиреген жазыкта жүрүп келебиз. Жапарбек баягысындай зарлатып кезек-кезек жиберип коёт. Коңур күз. Биз келген жакты көздөй бирин-серин жолоочулар өтүп турат. Көбү дуңган менен кытай сыяктуу Баягы заманда Үрүмчү, Турпан, Кулжа дебей туш-туштан кыялап, Караколго келип, апийим айдап, артынып-тартынып алып, күзүндө кайтар эле. Мынабу өтүп жаткандарды көрүп, ошол эриксиз эсиме түшөт. Берегинде бирөө куржунун салпайтып, артынып алыптыр. Балким ушу неме да биз Көлдү көксөп бараткандай, Үрүмчү, Кулжага жетсем деп, эки көзү чачырап бараткан неме болор. Ар кимдин тилеги өзүнө чоң. Бирок береги бараткандар менен биз-дин айырма көп. Алар болсо бүтүн Кулжа, Турпанды чардап, дүнүйөнү көбөйтөм деп ач көзүн кадап жүргөн немелердир. Бирөөнүн канын ичип, маңдайына бүткөн дүнүйөсүн тартып алып, кетип бараткан бир жайылдын жогуна кимдин көзү жетет... Өмүрдө нелер болбойт? Ушулардын ичинде мындайлар болгон да чыгар.

Ал бизчи? Такыр андай эмеспиз. Биздин дартыбыз, жүз жыл уктаса булардын түшүнө кирбейт.

Түшкө жакын убакыт бир кырга чыга бергенибиз-де Каркыра көрүндү. Баягыда казак, кыргыздын байлары өзбек, ногойдун соодагерлери дуулап турган жармаңке ушул! Ушундан тартып, тааныш жердин чети көрүнө баштады. Көзүнө алда немедей жылуу көрүнүп, көңүлгө бир белгисиз кубаныч кирип, жүрөгүң булкат. Бирок ал кездегидей желекти желбиретип, асманга көтөрүп таш-тап, мал-жан дебей сансыз тараптан чоргодой куюлуп, быдылдап, жайнап  жатчу  жармаңке жок.  Бу күндө элинин баары чабылып шаарын өрттөп, жылас болгон курттай, жымжырт тартып, кур орду гана турат. Жалгыз кыдыр эткен жан жок.

Буга менин кабыргам кайышып отурган жок. Ал кездеги Каркыра жүз чабылганы бир тыйын. Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяк-тар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз. Ал заман жүз чабылсын! Жалгыз гана ошондогу көп эле өлүп, кырылып, жолдо калып отуруп, аягында биз эле калганбыз, көчтөн адашкан күчүктөй сербейип, береги бир жерде жалгыз экөөбүз келе жат-канга арман кылам...

Бир убакта Каркыранын суусуна келдик. Койлор суудан кечпей бир топ убараланды. Бир кайкы мүйүз, чоң эркеч бар эле. Ошону Жапарбек:

— Башта! — деп таш менен эки жолу атты. Эркеч сууга кирүүчүдөй болуп, жакшы эле качырып барат да кайра тартат.

Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү. Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Койлор аркы өйүзгө чыгып болгон кезде, биз шымыбызды жоон санга чейин түрүп салып, төмөн жактан сайроолоп кирдик. Беккул шымын чечип колуна кармап алды.

Биз Каркыранын өзүн баспай, батыш жагындагы бир адырды кыркып келебиз. Бир мезгилде алыстан бүлбүлдөп «Эки-Кошкон» деген дөбө көрүндү. Бул Каркырадан бир топ бери. Ушунун бери жагы менен кыйгап өттүк. Иңир кирип калган. Жер караңгылаган сайын Эки-Кошкон күңүрттөп кийин кала берди.

Түн кире Кутурган булакка келип, бир талаада кондук. Күздүн түнү суук. Ошондуктан жакын ченде бир топ чөмөлө чөптөрдөн ташып алып, таң аткыча кирпик какпай, от жагып чыктык. Таң атмагы бир азап болорбу. Беккул, Жапарбек, мен үчөөбүз кылчылдай баштадык. Киймибиз жука. Тегеректей тартып алып, отту улам бирибиз кезек менен жагып отурабыз. Айлана тыптынч. Мынабу жогору жактагы карарган, терең сайдан жылтылдап бир от чыгат. Бу жерде кыргыздын айылы кай-дан болсун деп ойлойсуң. Алда кандай бирөө караңгы түндү калтыратып, арманын айтып, акырын гана зың-кылдап, улам алыстап, узап бараткандай болот.

Менин кезегимде от жагып отуруп, үргүлөп кетсем керек, маңдайымда кактанып отурган кожоюнубуз бир кезде:

— Ач көзүңдү, доңуз! — дегенди айтып, баркылдап, сөгүп келип менин колумдагы көсөөнү жулуп алып, өзүмдү башка бир салды. Муну көрүп, беркилердин көзү чайыттай ачыла түштү. Жаман түштөн чочуп ойгонгондой болдум. Ичимден тандап туруп жаман сөздөрдөн каргыш айттым да, милдетимди аткарууга камын-дым...

Атасынын көрү, ушинтип отуруп, бу түндү да баш-тан кечирдик.

Эртеси бу жерден жайыраак жөнөп, күн шашкеге көтөрүлгөн кезде Түптүн суусуна жеттик. Мына, Кызыл-Кыя жакын. Ой чуңкурунан өйдө текши көрүнүп турат. Мынабу эки жолдун айрылышы бири Караколго кетет да, экинчиси Түптүн суусун бойлоп Сарытологой, Кең-Суу, Чоң-Ташты карай кетет. Эми Беккул экөөбүз ушул соңку жолго түшөбүз. Жапарбек менен өмүрлүк коштошуп кала турган жерге да келдик, кожоюн илгери кетип калган.

Баягы Түптүн көпүрөсүнө келе бергенде:

— Эми биз ушу жерден бөлүнүп кетебиз. Кош, эмесе! — дедим мен Жапарбекке жакын барып.

Ал биздин айрылышыбызды кыйбай, ичи ооруп тургандай муңайып туруп, кол кармашып:

— Баргыла. Багыңар ачылсын!..— деди да, койдун артынан токтобой жүгүрүп кетти. Биз өз жолубузга салдык.

Ушу жерге келгенде нелер эске түшпөдү! Баягы үр-күндө күлүн асманга чыгарып өрттөп кеткен Василий, Башариндин үйлөрү кайра туруп калыптыр. Бирок көзгө басар жалгыз боз үй жок. Түшүңдөгүдөй! «Илгери бир заманда элин түгөл чаап алып, журтун жылас кылып кетиптир...» деген жомоктун өзү!..

Бир аз төмөн жүргөн соң, Василийдин үйүнүн жаны-нан бир боз үй көрүндү. Не болсо да бара кетелик дедик. Жолубуз да ушул жакта. Буралган апыз.

Бир кезде жаңкы боз үйгө келдик. Тышта киши көрүнгөн жок. Кирип барсак бир-эки катын отурат. Эркек адам жок. Бири кырктарда деп айтарлык, бетине калың бырыш кирип калган, сүйрү жаак, кара сур катын. Экинчиси мындан жаш, көзү тостойгон бирдеме. Он бир, он эки жаштарда дагы бир кичине кыз жүрөт. Бая биз кирип барганда булардын эч кимиси лам деп ооз ачпайт, таң калган немедей бир топко чейин бизди тиктеп, аңырайып калышты. Жашыраагы чыгдан жакта бирдеме кылып жүрүп, биз барганда коё койду. Беркиниси жүктүн бурчунда бир эскини жамап отуруптур. Сол колу менен жыртыкка туташтырып, жамаачысын кыйып кармаган бойдон али биз келгени бир ийне сайган жок. Алдында бир кендир ычкыры бар, жүндүү, тери шым жатат. Отурдук. Көрүүчүлөр бизден бир эли көзүн албайт. Өмүрүндө биздей бүрөөнү көрбөгөнсүп, мынча эмне таңыркашат?

Сөздүн чети чыккандан кийин, эки катын баятан талып калып жаңы эсине келген немедей, бизди ортого алып, жөнүбүздү эми сурай баштады. Колдо бар өнөрдүн эмнесин аяйын, бу жолу да баягы Кегендеги казактын үйүндө отургандай кылып, кайгылуу тарыхымды сайрап кирдим. Ошо жерде менин сөзүм бүтпөй, эки катын шолоктоп коё берди. Валбаалаган кең жеңи менен жашын сүртүп алып, картаңы:

— Ошонум өлбөй, тирүү болсо да ушулар өңдөнүп бир күнү таап келбейт беле! — деп, биз аркалуу бирдемесин эске түшүрүп, ого бетер киңкилдеди. Буга карап мен «кытай жеринде өлүп калган бирдемеси болсо керек» деп ойлодум.

Бир аздан кийин дагы:

— Э, айланайындар, ошондон бери кантип таап келдиңер? — деди, солкулдап ыйлап жатып.

Жаңкы кичине кызда биздин кайгыбызга орток болуп отургандай, жүзү муңайыңкы.

Ушинтип, кайгы-казыретти ортого салып отурганча бир топ убакыт болду. Биздин кардыбызды көптөн кийин эске түшүрүп, бир аяктан айран берди. Көзүбүз ачылып, эс ала түштүк. Алардан мен эми Көлдүн жайын сурай баштадым. Билишет экен: өлгөн-житкенден өйдө баарын терип-тепчип калтырбады. Мындан бир жыл мурун кытайдан азып-тозуп келген качкын кыргыздар мында келип, андан бетер адам айткыс жокчулукка кабылып, ачарчылыктан кырылганын, орустун жоондорунун колунан өлгөнүн айтышты. Мамыр, Чүрк, Сатымбай дегендерди көз көрүнөө баса калып, саман менен өрттөп өлтүргөнүн уктук. Өлүктө сан жок. Укмуштарды угуп отурсаң жүрөгүң титирейт!

Жаңкы картаңы бир кезде:

— Силер эми бара бергиле. Эл баштакыдай болбой, карды тоюп, бир аз оңолуп калган. Баягыдай көз көрүнөө баса калып, өлтүрүп жибергендер көп жок. Силердин элдин жарым-жартысы Сарытологойдо, калганы Чоң-Таш, Жылуу-Булакта. Элдин көбү жан айласынан ушул биз өңдөнүп, биротоло үй-бүлөсү менен малай болуп, орустарга кире качып кеткен. Эл четине бүгүн жетесиңер...— деди.

Баягы бойдон экөө тең жашын төгүп отурат.

Эми кетели деп, ордубуздан турдук. Алар жолдун дайнын айтып беришти. Эшикке чыккандан кийин, Башариндикине бара кетелиби деп алар менен акыл салып көрдүм эле:

— Кокуй, барбагыла, силерди өлтүрүп коёт! Ал жакка жолобой мынабу жак менен Түптү бойлоп кеткиле!— деп, безилдеп коё беришти. Барбаганыбыз оң болуптур — жайлап салмак экен. Бул кийин билинди.

Түптүн суусун бойлоп кеткен жалгыз аяк жол менен нечен түрдүү таш кыяларды басып, бүжүрөңдөп жүрүп келебиз. Кеч жакын. Биз да шашып барабыз. Жолду катар адам түгүл как эткен карга көрүнбөйт. Бир жагыбыз асмандаган карагайлуу бийик тоо, экинчи жак иттин мурду өткүс калың токой. Токой аралап ийрелеңдеп агып жаткан Түптүн суусу. Мынабу кара ташка далпайып келип бир жору конду. Анын үстүндө шыкылыктап бир сагызган ойноп жүрөт. Кызыл-Кыядан чыккандан бери көрүнгөн жандыктар ушул. Илгери кыргыз кытайды карай тартканда күңгөй тескейине батпай шыгырап, камалышып өткөн жер ушул эмеспи!

Кеч бешимде Орто-Токойдон өттүк. Али эч нерсенин дайыны билинбейт. Ушу жерге келгенде, менин артымда келе жаткан Беккул катарлаша түшүп:

— Түнгө калабыз го? — деп менин түсүмдөн бирде-ме издегендей бетиме карады.

Анын оюн таба коюп, максатына жетүүгө жакындаган кишидей кайратыма келип, түсүмдөн сыр алдырбай туруп мен:

— Бүгүн жетебиз! — дедим, арышымды калыбынан арбыта түшүп. Жүрүп келебиз.

Күн бата Сарытологой жонуна чыктык. «Бу жерде да эл жок болгонбу» деп ойлоп келе жатып, бир убакта берки бетке эңкейсек, сол кол жагыбызда бир кабактан жалгыз түтүн чыкты. Не болсо да бир байкай кетели де-ген ой менен, түтүн чыккан жакты карай бурулдум. Алыс эмес. Бара түшкөндө бери жагынан дагы бир кырман көрүндү. Жолубузда. Ушуга келип үч-төрт саржандай жер калганда эле бирөө:

— Айланайын абакебайлар ээй!!!—деп күрөгүн таянган бойдон талып калган немедей бизге жалдырап туруп калыптыр. Мен тааный койдум: Сарбагыш деген биздин бир туугандарыбыз, баарыбызды бир Эрке Сары дейт.

Бизди ээрчитип үйгө кийиргенден кийин, эки-үч катын чогулуп калды. Катындардын бышакташын көрсөң эми көр: Кантыке деген бир аял биз келгени көзүнүн жашын тыйбады. Булар бизди эбак өлдү деп, түңүлүп коюшкан экен.

Ушинтип жаткан убакта тыштан сакалы барсайган бир орус кирди. Жаңкы кырмандын ээси болсо керек. Кирип келип ар кайсы жерде бышактап ыйлап отурган катындардын себебине түшүнгөндөй үңүлүп карап калды эле, Сарбагыш:

— Биздики тууган. Ушул экөө кытайдан жөө келди,— деди. Орус унчукпай башын чайкады.

Эртеси мындан чыгып, Чоң-Ташты карай жол тарттык.

Биринчи китептин аягы. 10

Фрунзе, 1934—35-жылдар.

29 страница11 января 2017, 15:18

Комментарии