27 страница11 января 2017, 14:55

28

Шадыкан күзгө жетсек эле көлгө кетебиз деп жүрүчү. Тоодо талап менен жашыруун сырды сактап, саргарып мен да ошол күздү күтүп жүргөм. Мына, ошол саргарып күткөн күз да жетти. Бирок не керек. Шадыкан ошол убадалуу күзүндө кайтып токтоп калды. Биздин ырысыбыз чорт кесилип, ала жаздай көксөп келген, тоодой талап бир күн өрт өчкөндөй болду.

— Азыр эл жаман деп угабыз... Көлгө барган кыргыздар ачарчылыктан кырылып, орус четинен бырчылдатып өлтүрүп жатат дейт. Аман болсок эл оңолгондон кийин барабыз,— деди Шадыкан бир күнү отуруп.

Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду. Ишенбеймин «андай болбосо керек» деп өзүмчө жакшылыкка жоруймун.

Мындан түңүлгөндөн кийин бир күнү талаада жалгыз өзүм музоо кайтарып жүрүп, ойлондум да кечинде келип:

— Биз көлгө кетебиз,— дедим күтпөгөн жерден. Мунум орой айтылды. Бирок мындан сыпайы сөздүн

кереги да жок эле. Менден бул сөз чыгат деп Шадыкандын мурун оюна да келбесе керек. Кабагынын алды менен инисин бир карап алды да ичип отурган аягын жерге коё коюп:

— Эмне дейсиң? — деди менин жанакы сөзүмдү укпай калган немедей.

— Көлгө кетебиз деймин,— дедим. Оттун жанында жаткан бир жарты тезекти ушалап жатып.

— Ким менен кетесиңер?

— Өзүбүз эле...

— Э, кокуй. Жолдо бирөө силерди серейте чаап кетпейби?

— Чапса кантели, көрөөрбүз!

— Кой, антип балалык кылба. Көлгө барган киши жыргап кете турган болсо биз деле көрүп турабыз. Азыр заман оюнчук эмес. Анын үстүнө жол билбеген жаш баласыңар. Мындай чыкканда бирөө жайлап кетсе, силердин тарпыңар кимге табылат? Ойлон...

Шадыкан «акыл-насаатты» көп айтты. Бирок канчалык кулагыма куйса да бир эм болгон жок. Мен «кетем» дегенден карыш жылбай көшөрүп туруп алдым. Бирок кеткенде абалыбыз эмне болот, жолду таап бара алабызбы, нече күндүк жер, жолду катар эл болуп отурабы, ач болобузбу, ток болобузбу, аман-эсен жетебизби — ушул жактары мага күңүрт эле.

Ушундан он чакты күн өтпөй багым ачылып, Кара-колдон келген бир орусту таппасмынбы. Муну мага билдирген Жапарбек деген казак бала болду. Бул экөөбүз мурун тааныш элек. Мен көлгө кетем деп жүргөнүмдү биле турган. Ушу бир күнү кезигип:

— Караколго бир орус кой айдап кеткени жатат. Ошону менен бирге кетпейсиңби? — деди. Ойго келбеген жерден мен кубанып кетип:

— Ырас айтасыңбы? — деп кадала түштүм.

— Ырас. Бу жерден үч жүз кой сатып алды. Өзү соодагер экен. Мен да ошого жалданып кой айдашып кеткени жатам. Дагы бир жигит алды. Бир жумадан бери камынып жаткам. Эми жумушу бүтүп кетүү гана калды. Эртең жөнөйбүз. Сен кетем десең сүйлөш,— деди.

Аярдаганым жок. Ушул кабарды угаар замат, өзүн ээрчитип караколдук киши турган үйгө  салып жетип бардым. Ал баягыда Кыргыз-Сайдын опекуну турган бир тунукелүү көк үйдө экен. Биз дарбазадан алактап кирип барсак, короодо бирөө соконун дөңгөлөгүн чыгарып алып араба жасап жатыптыр. Колунда балкасы бар.

— Жаңкы киши ушул,— деди Жапарбек акырын гана мага угузуп.

Адегенде мунун түспөлүн илгери Кутурган булакта почто тартып туруучу Метрей көпөскө окшоттум. Көзү көк таштай, мурду чочконун тумшугундай теңирейген чарчы бойлуу семиз адам. Башына кийгени өзүнүн теңирейген мурдуна ылайыкталып жасалгандай, кайкы тумшук кара шапке; бутунда саал эскириңкиреп калган жылтылдаган намеркан өтүк. Өзү соодагерликке жедеп бышкан, майлуу жердин жытын алыстан сезген, бир шум болсо керек деп ойлогудай. Сыягына караганда бир ачуулуу неме.

Анча болбогондо мен булардан калып калмак экен-мин. Эртең жүрөрү бышык болуп чыкты. Мен өлүмдөн алып кала турган бир зарыл жумушка барган немедей, жумуш кылып жаткан кишинин алдына басып барып, ийилип тура калдым да:

— Кожоюн, менин бир иним экөөбүз сиздин коюңузду Караколго чейин айдашып бирге барсак болоор бекен? Тамак өзүбүздөн,— деп калдым.

Баятан жанына келип турган менин адам экенимди же айбан экенимди айырбай турган адам, мен жаңкыдай дегенден кийин эңкейип иш кылып жаткан боюнча, мага жат көзү менен бурулуп туурасынан оңурая калды да:

— Жарайт,— деп коюп, кайра иши менен боло берди.

Ар нерсе өз тушунда кымбат! «Жарайт» деген жалгыз ооз сөзгө кубанганымдан жүрөгүм атып кетти. Ошондонбу же башкаданбы айтор, жүрөгүмдүн толкуну басыла электе дагы:

— Каракол нече күндүк жер? — деп керексиз жерден сурап койдум. Бул убакта мен кетүүгө ыңтайланып, бир бутумду кайра тартып калган элем. Кожоюн ошо замат жооп бере койбоду. Мен бир бутумду аттаган боюнча жооп күтүп тура калдым. Жаңкы бир топтон кийин башын көтөрүп, менин кете элегимди эми көргөн кишиче мага карап алып, кайтып ишине кетип:

— Бир жумада жетебиз,— деди.

Мындан мурун кетүү жөнүндө алда кандай болот деп, сары-санаа болуп жүрчү элем. Эми чындап ишке киришмек болдум. Иш чукул. Бул  кабарды кечикпей үйдөгүлөргө жеткиздим. Атам тааныбаган бирөөнү эш кылып, жерге тийбей сүйүнүп жүрөм, Шадыкандар эми бизди кетиштен калды деп жүргөн окшойт, аларга бул кабар жайсыз тийип, эми чындап кетериме көздөрү жеткендей болду.

Ошондо кетсе жолдо өлүп калат деп чыны менен бизди аядыбы же кызматыбызга кызыктыбы Шаадыкан — дагы баягыдай асылды, бузду, көлдү жамандады, жолдун жан чыдагыс коркунучун айтты, кокус бир жаза тайым болуп, ач талаада жайрап кала турганыбызды да эскертип өттү. Койчу эми, токсон алакет жорук. Мен жедеп көнбөй турганыма көзү жеткен соң:

— Эмесе Беккулду таштап өзүң кет. Аны бөөдө өл-түрүп аласың дегенге токтоду.

Бу жерге келгенде да мен:

— Кетсек экөөбүз тең кетебиз. Өзүм кетпеймин,— деп кесип айттым.

Эртеси болду. Жүрөк алып учуп жүрөт. Соодагер турган короого эки жолу салып барып келдим. Мындай чыкканда кандай күнгө түшөрүм ойдо жок — ушу жерден эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм. Өмүрлүк тагдырым жалгыз ушул сапар менен чечилчүдөй көрүнөт.

Акыркы барганымда үч жүз ирикти короого камап, санап соконун дөңгөлөгүнөн жасаган кичине арабасын жабдып, жолго чыга тургандай камынып жатышкан экен. Жалданган эки казак бала, бир жактан бөлкө ташып келип, капка салып жатышат. Бөлкө көтөрүп менин жанымдан өтүп бара жатып Жапарбек:

— Азыр жөнөгөн жатабыз,— деп кетти.

Иштин чукул калганына көзүм жетип, ошо жерден кайра Беккулду көздөй жөнөйүн дегенимче болбой, жаңкы кожоюнубуз мени да бөлкө ташыганга жумшады. Жөнүмдү айттым эле:

— Анан барасың,— дегендей кылды.

Бөлкөгө кетип бара жатып: «Беккул менен сенин жумушуң жок ээ» деп ойлоп алдым. Барып кайтканымча кокус үлгүрбөй каламбы деп кыпылдап жүрөм. Чукул жерден жөнөп калса, сен иниңди алып келгиче тура турайын деп ошол мени күтүп турмак беле!

Бөлкөнү тез ташышып жиберип, буйдалбай кайра Беккулду карай зымырадым. Ал шаардын четинде музоо кайтарып жүргөн. Жакын болучу. Өзү да алыс кетпептир. Эртең менен үйдөн чыгып бара жатканда алыс кетпе деп айтып койгом. Музоолорду бир аңызга таштап коюп, көйнөгүн алдына жайып салып ырсыйып, битин карап отуруптур. Куураган маяны шуудуратып жетип барып ашыгып мен:

— Жүр, кетмек болдук! — деп ээрчитип алып, үйдү карай жүрдүм. Үй болучу, эгин алынып болгондон кийин шаардын аягына келип конгонбуз. Биз барганда Жапаркулдан башканын баары үйдө экен. Бара сала мен:

— Тигилер жөнөп жатат. Биз эми кетели,— дедим. Эми бир жаңсыл боло турганыбызга  көздөрү жет-

кендей болду. Шадыкан:

— Айткан тилге көнбөй балалык кылдыңар. Жол тартып бара жатып, кийин жаза тайым бирдеме болуп калсаңар «атаңдын көрү баякынын айтканы келди» деп, бир өкүнөрсүңөр. Жаныңарда жалгыз тыйын каражат жок. Кетсеңер ана, бир аяктай буудай куурутуп койдум. Ошону азык кылып, эптеп кетерсиңер. Андан башка берели десек колубузда жок,— деди да катынына карап: — Жаңкыны алып бер,— деди.

Жийдекан ордунан туруп, чыгдан жактан куудурап, катып калган бир кичине жаман чаначты алып, мага берип жатып:

— Ээленип алган немелерди эмне кыласың? Тим кой, бара берсин. Өз убалы өзүнө...— деп коюп, кайра басып челектен жарма куйду. Чаначтын түбүндө бөлтөйгөн бирдеме жүрөт. Оозу бир кара шоона менен буулган. Биздин азык ушул болсо керек!

Жийдекан жарма куюп бизге сунганы жатканда Шадыкан:

— Талкан чалып бер. Бир жолу тоюп алышсын. Мындан кеткен соң эми буларга ким берер дейсиң,— деди.

Акыркы жарманы ичип, эми туруп бара жатканыбызда:

— Бутуңарга да бирдеме илип албай кеттиңер. Жыңайлак, ташыркайсыңар го. Баргыла эми бечаралар. Жолуңар болсун...— деди Шадыкан, биздин тула боюбузду түгөл карап алып.

— Эчтеме эмес. Жетербиз. Кошкула! —дедим да, мен Беккулду ээрчитип жүрүп кеттим.

Жаңкылар жөнөп калган экен, чаң буркурап калды. Биз кошулуп, эки казак бала — төртөөбүз каптаган көп кой менен батышты карай сапырылып жүрүп бердик. Жалгыз атын кичине арабасына кошуп алып, кожоюн өзү илгери кетиптир. Алардын азык-түлүгү арабада. Көп койдун туягы менен чаң көтөрүлүп кетти.

Бир кезде шаардын четине чыгып,  жазылган сары талаага түштүк. Батыш жак өрттөй кызарып, күн кыл-кылдап батып бараткан. Те береги маңдайда алыстан булдураган кара тоонун чокусунда чокмороктоп турган топ ак булутка күндүн нуру чагылышып, жер-дүйнө мемиреп, алда кандай бир белгисиз жорук таасирлентип турду. Асман жарык. Акырын гана бир калыпта сыйпап өтүп турган сүйкүмдүү жел бар. Тура түшүп, жаңкы кара тоонун алдынан дүкүйгөн бир чоң кара бак көрүндү. Күндөгү көргөнүңдөй эмес! Мага баары кошул-ташыл болуп келип, таасирлентип, жүрөгүмдү козгоп жиберди. Ошондо мен нечен жылдар чиритип жаткан туткундук-тан жаңы бошоп, алдымда бир зор кубаныч тургандай, карыпчылыкта кетип баратканымды унутуп жиберип, сайран талаада бардык үнүмө салып, озондоп коё берип-мин. Эх! Чиркин өмүр...

Бүгүн түнү менен жүрүп, эл жатар убакта Чочоной деген бир жерге келдик. Кожоюнубуз мурун келип, атын отко коюп салып, бизди күтүп турган экен. Биз жакындай берген кезде, алдыбыздан утурлап келип:

— Ушул жерге токтоткула! — деди.

Койлорду туш-тушунан чыгып, ийрип жибердик. Ушунда түнөй турган. Койлор жуушап калган кезде, Беккул экөөбүз бери жакта калып, кожоюн эки малайын ээрчитип алып, арабасын көздөй кетти. Араба бизден обочо болучу. Бир убакта колдоруна бир-бир кесим нанын кармап алып, экөө тең кайра келди. Түн караңгы. Анда-санда бирдемелерди күңкүлдөшүп коюп, төртөөбүз бир жерде отурабыз. Жаныбызда мемиреп жаткан койлордон бөлөк айланабыздан эчтеме билинбейт. Тегерек тынч. Караңгыда келип, бу жердин кандай экенин да байкабадык. Бизге жакын жерден шылдырап бир арык агып жаткандай болот. Түнөргөн тоолор, терең кашаттар...

Алдыбызда тигилердин нан жеп жатканын көрүп, эликтегендей бир убакта мен чаначымдын оозун чечип, буудайдан Беккулга бир уучтап берип, өзүм да өлчөгөндөй кылып, ошонун көптүгүндө уучтап алдым да, чаначты такымыма кысып койдум. Ошол убакта «булар бая-тан бизди беришет деп турган го» деп ойлогон немедей, Жапарбектин жанындагы жигит бизге карай:

— Өздериң көрүп турсыңдар гой. Сендерге берейик десек өзимиз аш калгалы турмыз. Бизге бергени мына,— деп колунда күңүрттөгөн бирдемени көрсөттү.

Анын өлчөмү канча экенин караңгыда ажырата албай калдым.

— Кыргызың бир неңке берген жокпу? — деди жаңкынын артынан.

— Колунда жок болсо эмне кылсын? Бир аяк буудай кууруп берди.

Токочун чайнап кетип, унчукпай калып, бир аздан кийин дагы:

— Эгер жериңе барган кыргыздарды али өлтүрүп жатса кайтесиндер? — деди.

— Бизди эмне кылдың деп өлтүрөт?

— Сүйтсе да аныгын билмей чыккансындар гой,— деди бизге өзү бир камсыз болуп бара жаткан кишидей.

Бул сөз мени бир ойго калтырып салгандай болду. Ошентсе да:

— Мейли, бара көрөрбүз! — деп кенебеген киши болуп койдум.

Биз ушинтип отурсак, бир убакта жогору жактан өзү көрүнбөй кожоюнубуздун үнү чыгат. Бирдеме деп, бапылдап, сөгүп жүрөбү.

Бизди чакырат. Карасак аты бошонуп алып, карматпай жүрүптүр. Жабыла жүгүрүп, туш-тушунан чыктык. Бир сапар камап алып, кармай турган болуп келгенде ортобузду жарып, чыгып кетти. Ушул ат качып кетсе бүгүн акыр заман орночудай жаныбыз калбай безилдеп кууп жүрөбүз. Мен бир жерге жүгүрүп бара жатып, арыкка бутумду салып алдым.

Ошентип жүрүп, аны көптөн кийин кармабадыкпы... Кожоюн аттын тизгинин силкип, сөгүп, арабасына алып кетти. Биз өз жайыбызга кайттык.

Төртөөбүз тең каршы-терши болуп, баягыдай отурабыз. Бир-бирибизге лам деп сөз катышпай, жымжырттык жайлап алды.

Коркунучтуу түш көрүп жаткандай кара түндө отуруп, мен бир кезде терең ойго кеттим. «Ийе, ал күндөр алыс калды. Бир заманда алты канат үйдү каптаган 14 бүлө бар элек. Алар бу күндө кайда? Арып, азып кырыла турган болгондо жан айласы үчүн жалгыз уйга сатылып, Кулжада бир кызайдын колунда Чүкөй эжем калды. Алда кайда бир дуңгандын жеринде томпоюп, Бекдайырдын жалгыз молосу калды. Элебес, Бейшемби, Токмолдо, Бурмакелер өлдү. Алардан калгандан кийин, жалгыз баласын колтуктап алып, төркүнүн издеп, Жанымжан кетти. Кайда кеткени дайынсыз болуп Бечел жоголду. Ырайымсыз бирөөнүн колунда туткун болуп, тирүүлей көзүн жалдыратып Эшбай менен Ашымкан калды. Мына ошончо каптаган бүлөдөн өлгөнү — өлүп, тирүүсү тирүүлөй калып отуруп, бүгүн шодоюп Беккул экөөбүз гана кайтып барабыз. Бечара кыргыз не көрбөдү! Өлүгү көрүнгөн жерде көмүлбөй, ит менен кушка той болду. А шум дүйнө! Залим падыша болбосо биз ушуну көрөт белек...»

Ушинтип элсиз талаа, кара түндө жалгыз оңшуюп отуруп алып, калың ой термеп көпкө бошотпой жатты. Жолдошторум уктап калыптыр... Мен да чарчагам, уйкуга кеттим...

Бир кезде:

— Тургула, жөнөп жатабыз — деген бир үн чыкты. Көзүмдү ачсам али таң белгиси жок. Чыйрыгып калыпмын. Кожоюнубуз арабасын чегип койгон. Мен шашып Беккулду ойготтум. Ал кардуу бороондо келип тыгылган күчүктөй, эки колун бир-биринин чыканагына чейин жиберип, түйүнчөктөй болуп, менин жаныма бүрүшүп калыптыр. Түнү бою дирилдеп чыкса керек.

Биз койду айдап эки чакырымдай жол басканда таң атты. Көптөн кийин бир куба жолдон ашып Сайга кирдик.

27 страница11 января 2017, 14:55

Комментарии