25 страница10 января 2017, 08:43

26

Казак орустар үч күндөн бери тынбай көчүштү. Эртеден кечке Сайды бошотпой арабаларын калдыратып, карагайдын арасына барып жоголуп жатты. Байлар бирин-серин калган дүнүйөсүн алып, акыркы көчтөрү менен сандалып бүгүн кетип баратты. Большевик келет деп болжогон күн да бүгүн. Мына мында бирөө араба сынып артына чычаңдатып бир уюн байлап алып жакындап калган жоодон качып бараткандай ашыгып түшө калып бирдемелерин оңдоп коюп, жан талашып жогору карай тартып барат. Шаарда чанда бир эчтемеси жок томаяктар бирди-жарым кемпир-чалдар болбосо көп жан калып жарыткан жок. Шашканынан качкындар малынын көбүн таштап кетти. Мен кайтарчу музоолор күндөгүдөн анча бөксөрбөптүр. Закон боюнча судя качпайт экен деп укканбыз. Күндө кайнап жаткан Кыргыз-Сай бүгүн өлүктөй тунжурап, ээсиз үйлөрдө кыткылыктаган тооктордун, өрдөк-каздардын гана үнү чыгат. Эки күндөн бери чиркөөө да кагылган жок.

Күн бешимге таяп калган кез эле. Мен музоолорду тоодон түшүрүп келе жаткам. Жалгызмын. Ыракымбай үйүнө кетип калган. Асман ачык. Аба кечке жуук салкын тартып турду. Эгин баш алып калган кез.

Ушинтип кетип баратып бир убакта төмөн жакты караганымча болбой, Чарын жактан жердин бетин бербей кылкылдаган сансыз адам сап тартып, мелтиреген талаага салып, туура Кыргыз-Сайды карай беттеп келе жатканын көрдүм. Азыр алыс. Чарын менен Кыргыз-Сайдын аралыгы табактай чуңкуру жок мелтиреген түз. Ушу жерден караганда ой-чуңкуруна чейин алакандагыдай көрүнүп туруучу. Береги каптап келе жаткан сан-сыз аскер атам замандан берки арманына жетип жердин четинен баштап, бул дүйнөнү кыйратып адамзаттын жаңы өмүрүн жасап келе жаткандай калың туман болуп көтөрүлгөн коюу чаңды кийин таштап зыркырап айдап келет. Жоону бет алып кылычын жанып, мылтык октоп, найзасын сунуп келе жаткандай теңи жок жандуу коп аскерди көргөндө мага баятан бери сезиктенип келаткан коркунуч ордуна кубаныч өңдүү бир белгисиз түс кирди. Ушуларга бир аралашсам, эзелтен берки арманымды бир айтып калсам, ошолор менен бирге болуп, кандуу май-данга бирге кирсем — ошентип эзелтен капаста жаткан черимди бир чыгарсам дегендей бир белгисиз сезим пайда болду. Этим кызып, боюм дүркүрөп, жүрөгүм кабы-нан чыкчудай толкуп кетти. Мунун себебин өзүм да билбей калдым. Бир себепте найзанын учунда кетемби деп да ойлоп алдым.

Мындай да эмес. Ушул жерди жеткирип айта албай, жаман тил менен сомолоп гана койдум. Буга мен күнөөлүү!

Агымдап келе жаткан калың кол эми шаардын аягына жакындап калган. Мен Ыйвандын багынан өтүп ой-го түшкөн кезде көрүнбөй калды. Ошол убакта кайдан-жайдан экени маалымсыз: Сайды бет алдыра беш-алты ирет чуулдатып мылтык атылды. Айланамды карасам тырс эткен жан билинбейт. Ар кайсы жерлерде анда-санда бурк эткен мылтык түтүнү гана көрүнүп калат. Мен үйгө жетпей орто жолдо калдым. Кишиси көрүнбөгөн мылтыктар атылып, улам жакындап келет. Капилеттен ок жанып кетеби деп делбелектеп кетип бара жатып бир кырга чыга биргенимде так мени сыйпап өтүп жат-кандай тириде жок ачуу дабыштар менен дагы бир топ мылтык атылды. Эчтемеге түшүнбөйсүң... Ары жактан камырабай келсем да бул жерде шашып калдым. Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жер-де түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:

— Эй, жин урган неме. Жат былай! —-деп колун сермеп калды. Бир аз бүшүркөп, ушул немени тааный кет-тим! Баягы Ыйманкул экөөбүз тентип жүргөндө ышкынга жумшаган казак экен.

Музоолор эгин чөп дебей каптап төмөн кирип кеткен. Мен чалканга кирген кезде ары жактан дагы бирөө де-мин ала албай энтигип жүгүрүп келип:

— Ой бай ай, энди кайтемиз! — деп жанталашып биздин жаныбызга корголоду. Ал келип кошулгандан кийин үчөөбүз чалкандын арасы менен жөргөлөп жогору карай жүрдүк. Менин бети-башым билектерим тызылдап калды. Чалкандын чакканын да байкаганыбыз жок. Жөргөлөп баратканда бирөөнүн согончогу менин оозума тийип кеткендей болду. Чалкандын киши бою келген калың жерине барып жаттык. Капчыгайды жаңыртып мылтык үндөрү жазбай угулуп турат.

Арадан он беш мүнөттөй убакыт өткөндө кылыч мылтык асынган шыңкыйган сур кийимдүү карагер атчан бирөө так маңдайыбызда бир жондон чыга түшүп, биз жакты карап атын ойдолоктотуп токтой калды. Коркуп кеттик. Аңгыча болбой бир жайпак тебетей казак ошол атчандын жанынан өтүп, бизди карай далбактап жөнөп калды. Калың чалканда тыгылып жаткан бизге алактап жетип келип:

— Өй, жүрүңдөр! Бизге тиймейди экен. «Жай-жайың-да тынч жата бериңдер» — деди. Ане өзү карап тур,— деди. Өңүндө чочуган түс жок — камаарабайт. Биз чал-кандын арасынан туруп алып үйдү карай жүрдүк.

Шаңдуу, сүрдүү аскерлер биздин эки үйдүн жанын-дагы жол менен жогору карай тынбай дабырттап өтүп сайга кирип жоголуп жатты. Катын-калач дебей жабалактап тышка чыгып карап турушат. Бизди жалт-жалт карап коюп аттын бардык жүрүшүнө салып, жогору карай койгулап, өтүп бараткан аскерлерге карап:

— Я арбак!..

— Бечара карыпка кубат бер!..

— Я парбардыгер сактай көр!

— Оң жолуңдан...— деп коюшат беркилер. «Кудай билет» булар ушуну кимге арнап айтып жат-

канын өздөрү да билбесе керек деп ойлойм. Ушундай десе, чаап баратыга кай бирөө бизди карай колун жазган:

— Коркпогула, коркпогула! — деп коёт.

Ошол көптүн ичинде кетип баратып, энтиккен атын токтотуп экөө биздин айылга бурула калды. Жолдун боюндабыз. Экөө тең жаш жигит. Бири татар. Казак орустардын жөнүн сурашты.

Буларга жооп бере турган эркектер Ыракымбайдын атасы менен эле Шадыкан! Татар жигит беркилердин сөзүн жолдошуна улам орусчалап берет. Ал атынан өбөктөп алып бардык дити менен угуп турат.

— Казак орустар кайда кетти? — деди бир кезде. Бу жолу апалактап Шадыкан жооп берди:

— «Болыиевиктер Сары токойдон бери өтүп калыптыр» — деп мындан эки-үч күн мурун айтып жүрүшкөн. Үч күндөн бери көч тынган жок. Эң акыркы көчтөр бүгүн жөнөдү.

Баары тең ушундан ары карай капчыгайга кирип жоголуп жатты. Малдарынын көбү мындан...

Омуроосу көбүктөнүп турган атынын тизгинин тар-тып кетүүгө ыңтайланып жатып орус жигит бирдеме деп калгандан кийин татар:

— Эми силер коркпогула. Эч ким тийбейт. Шаардын ичине барып чогулуп алгыла...— деп жүрүп кетти.

Жогору карай тынбай дабырттап, чаап өтүп жаткан аскерлерди көрүп, менин көңүлүм толкуп турду.

Абал ушинтип жаткан тушта, Кыргыз-Сайдагы бирин-серин катын-калач малайлар кеч кирип, бир жерге чогулуп алды 9. Баары төрт-беш түтүн. Эки түтүн бадачы да ушундабыз. Үйлөрдү жайына таштап, кийизмийиз өңдөнгөн гана бирдемелерди көтөрө келгенбиз. Жыйналган жерибиз бада чогулчу көпүрөнүн артындагы жалгыз үйдүн жаны. Үй ээси качып кеткен. Короосу жымжырт турат. Биз отурган жердин түштүк жагы менен кыйгап агып жаткан Кыргыз-Сайдын суусу бар. Көк шибер чөп...

Түн кирди. Эл эчтемеге түшүнбөгөндөй бири-бирине сөз катпаң ар кай жерде жалдырап гана карап отурат. Ошол кезде бир солдат жолдон бурулуп бизди карай тартты. Алдында куйругун чолок кырккан карагер ат. Баарыбыз карап турабыз. Бая кечинде бизди бу жерге жыйнап кеткен солдат го дел ойлодук. Ошол болуу керек... Жаныбызга бастырып келип оң колу менен кылы-чын кармап атынан түштү да четте турган бирөөнө карматып койду. Түрү жаман! Келе салып элди койдой ийрип отургузуп салып, аралап эмне бар деп ар кайсы жерде томпоюп жаткан буюмдарды кылычы менен бир сыйра сайгылап өттү.

Ошентти да кечикпей ишке киришти. Өзү бир четке туруп алып, жалдырап карап отурган элди, четинен бир-ден чакырып алып, коюн-кончун тинте баштады. Бар болгону «Отур, тур» — деген гана сөздөрдү билет. Катарга туруп кезек менен барып, каралып жатабыз. Тинткен кишилерин башкаларга кошпой, бир бөлөк отургузуп жатат. Биз ошентип жаткан кезде, эртең мененки Чарындан чыккан аскерлер кууган жоонун артына түшүп, дабырттап өтүп Сайга кирип мылтык аткылап караңгы түндүн тынчын алып жаткандай болуп турду. Алар антип жатканда, биздин солдат коюн-кончубузду тинтип, балдырап сөгүп өз иши менен болуп жатты. Кай биринин жанынан бирдемелер таап алып, караңгыда будалап чөнтөгүн көздөй уруп жатат.

Бир кезде кезек мага келди. Мен отурган жеримден ошо замат тура койбой бир аз кидирип калдым эле ал ордунан атылып туруп:

— Тур! Ах ты...— деп сөгүп жиберди.

Ошондо менин жанымда жарым тыйынга татырлык буюм жок. Үстүмдө тамтыгы кеткен жалгыз чапаным бар. Бутум жыңайлак. Солдат чөгөлөп туруп, колтойгон жоон колу сыйпалап келип денеме тийгенде бүткөн боюм дүркүрөй түштү. Оболу балтырымдан жогору карай бир сыйра кайсалап өтүп, анан чапанымдын ичи-тышын айландырып карай баштады. Чапандын кээ бир жеринде чогулуп калган жүндүн бөлтөктөрүнө көбүрөөк токтолуп, кенедей жерин калтырбай карады. Башымдагы жаман калпагымды алып, ичин карап кайра берди. Мени болгондон кийин экинчи топко кошуп койду. Менден кийин Шадыкан эле. Аны тинтип жатканда чапанынын эки жак өңүрүн эки колу менен далдайтып өзү кармап турду. Бир убакта анын бешмантынын чөнтөгүнөн бирдеме таап алып жанына салгандай болду.

Эл ортолоп келген кезде тоо жактан төмөн карай өтүп бараткан бир-эки солдат бизди көрүп бери бурулду. Аларды көрүп биздин солдат ишти токтото коюп, алдынан утур чыгып, биздин көңүлүбүздү жайлап коркунуч-тан коргоп турган кишинин сыпатын бергендей алар менен жаяктап сүйлөшө кетти. Тили жок айбандай кама-лып биз отурабыз. Алардын тили орусча. Бирок кебетесине караганда жаңкы неме бизге жаны ачып, бир жерге чогултуп акыл-насаат айтып, түшүндүрүп биздей шордууларды коркунучтан коргоп турган бир камкорчу болуп жаткандай көрүндү!

Ошентип караңгыда кобурашып туруп ал экөө бир кезде бастырып кетти. Алардын карааны жоголоор менен берки кайра ишке киришти. Калгандарын тизип коюп, бирден чакырып баягыдай тинте баштады.

Жалгыз арман бүгүн ушунун өң-түсүн жакшы тааныбай калгандык! Бая бир ширеңке тартып, бопоросун жандырганда гана бир чала-була байкап калдык. Орто бойлуу, тикийген сары муруту бар, кабагы бийик, көзү жаман, ырайымсыз бир ченден чыккан митаамдын сыягы. Солдатча кийигени болбосо жүрүш-турушун, кейпин, ырайымын — баягы Кызыл-Кыядагы Чоңколго окшоттум. Так ошонун өзү!

Түндүн далайы болуп калган. Караңгы. Солдат бир кезде баарыбызды тинтип бүтүп, олжого карык болуп алгандан кийин, өзү мындай бир четке чыгып тыныгып бопорос тартып алды. Бара-бара дандады! Бопоросун тартып болгон соң камчысын үйүрүп, боктоп, элди койдой ийрип, башыбызга үзүктү чүмкөп келип:

— Жаткыла!—деп буйрук этип баарыбызды жаткыра баштады.

Менин оң жагымда бирөөнүн башы кылтыйып калды эле:

— Башыңды чыгарба! — дегендей кылып сөгүп келип, камчы менен бир салды. Ою менен болуп жатабыз. Өткүндөн коргологон немедей жалпы көмөрөбүздөн түшүп үзүктү чүмкөнүп калдык. Солдат текши көрүнбөй жатты бекен деп аралап көрүп жүрөт.

Бир кезде биздин маңдайыбызда жаткан топтун ичинен:

— Ой бай, Жаке! — деп чаңырган бир аялдын ачуу дабышы чыкты.

Ошенткенде мен чүмкөнүп жаткан үзүктүн четин кичине жылчык кылып карасам, солдат бир аялды жаткан жерине тур деп жетелеп жатат. Тааныдым, Ыракымбайдын жеңеси. Он тогуз жаштарда сулууча келген бир ак жуумал келин эле. Жаңкы жаман үндөн кийин солдат билектен алып, дагы жүр дегенде келин тарткынчыктай берди эле, бешмантчан чыпыйып турган немени жондон ары чып эттирип тартып жиберди. Келин жаңкыдан бетер бакырып барып, үзүктүн алдында жаткан кайын ата-сынын жанына барып корголой түштү. Элдин көбү шыкаалап окуяны көрүп турат... Солдат тарсылдатып сабап кирди. Аңгыча болбой:

— Ой бай, карагым ай! Кайтейин, баарымыз кырыламызбы энди?—деди бирөө. Кайнатасынын үнү. Ошент-кенде келин табышын чыгарбай калды да солдаттын коштоосуна эрип жүрүп берди. Артынан карап турабыз... Бизден бир аз мындай узап бактын ичине барып токтошту. Бак жаныбызда. Алар отургандан кийин, караңгыда чөптүн башы кыймылдагансып эми келиндин агарган жоолугу гана көрүнүп калды...

Кайра келгенден кийин, солдат эми эчтеме калган жокко» дегендей аттанып алды да төмөн карай салып кирип кетти. Келин элден уялгансып, бакта калып, ал кеткен сиң бир топтон кийин келди. Жаңкынын артынан наалат айтып биз калдык...

Эгер ушул түндү айтып калтырбасам, бул менин мойнумда кечилгис карыз болуп калаар эле. Муну менден бөлөк эч ким айтпайт да. Экинчиден мен муну так ошол түнкүдөй так ошол жерде болуп өмүрдү кайта көрбөймүн да. Бу жерде жалгыз сөз артык айтканым да жок. Кайта жетпегени көп...

Эртеси бирөө барып түндө болгон окуяны Большевиктердин бир чоңуна жеткириптир. Биздин арабызда илгери малай жүрүп, орусча тил билген бир кыргыз бар эле. Ошол айтыптыр. Алардын башчысы солдаттын түндөгү жоругун угуп алып тишин кайрап ачуусу келип: «Ошону таанысаңар көрсөткүлө, азыр атып таштаймын!» деп-тир. Командирдин бул сөзү чын ниети менен айтылганына көзү жеткен соң, жаңкы барып даттанган киши «мынабу» деп көрсөтө берген экен, көптүн алдында ошол эле

жерден тапанча менен басып  жибериптир. Баракелде!

Ошол солдат эсиме түшкөн сайын наалат айтып коём.

Шашке ченде Большевиктер көп казак орусту тоодон айдап түшүрүп келди. Баары тең атчан. Көбү жаман кийинип кейпин бузуп алган. Тандап алып келгендей жалаң Кыргыз-Сайдын баягы жоондору. Бирок баары эмес. Көбү качып, кутулуп кетиптир. Буларды шаардын кылда башындагы бир чоң көчөгө ийрип алып ортосунда бир кара аргымакчан жаш жигит бардыгеринче шакылдап сүйлөп казак орустарды жекирип сөгүп турат. Биз карап турабыз. Эч кимден айбыкпайбыз, үйүр болуп аралашып эле басып калдык. Большевиктердин башчысы жаңкы жигит болсо керек деп ойлодук. Өзү жалындаган кайраттуу көзү бар, шыңкыйган арыкчырай узун бойлуу, келбеттүү келген ак куба сулуу жигит. Алдында кулагын карышкырдай тикийткен сулуу кара аргымак ооздугун кемирип туйлап турат. Жыйналган туткундар айыбы мойнуна коюлуп кесилген күнөкөрлөрдөй үн да, сөз да жок жерди карап тунжурап калган. Буларды ушинтип жекирип турду да бир убакта он чакты кишини бошотуп жиберип, калганын айдап алып, ары карай кирип кетишти.

Бешим ченде Кыргыз-Сайдын аяк жагынан бирдеме тыртыр этип көпкө басылбай атылып жатты. Өмүрдө биз угуп көргөн дабыш эмес. Ушул убакта күн бүркөлүп кичине дыбырттап турган.

— Пулемет менен атып жатат!..— деди бирөө.

Бул дабыш басыла түшкөн кезде, так ошол тырылдап жаткан жерден тоону карай күрсүлдөп замбирек атыла баштады. Замбирек үнүн мен баягыда Музарттын суусунда таанып калгамын. Ойдон туруп атып жаткан замбирек огу асман менен зуулдап, күңгүрөнүп кетип калың карагайлуу тоонун ичине барып күрс-күрс түшүп жатты.

Кечке жуук. Жапаркул менен Ыракымбайдын агасын мал союп бер деп Большевиктер алып кетиптир. Алардын кошу шаардын аяк ченинде болчу. Булардын кеткенин угуп артынан мен да жөнөдүм. Мен барганда экөө бир уйду жыгып салып, терисин сыйрып жаткан экен, Мен кошко жакындай бергенде, көрүп калып Жапаркул:

— Кет ары! — деп колун шилтеди.

Муну кандай ой менен айтты деп ойлоп кайра баса тургандай токтоп калдым эле, алардын ары жагында бирдемени кайтарып ары-бери басып турган сур кийим-чен солдат, Жапаркулга бирдеме деп колун шилтеп койду. Ал жөн болду. Солдаттын мунусу мени  «Тим кой» дегени экен. Бардым. Союп жаткан уйдун бутун мага тарттырып коюшту. Аны союп болгондон кийин мен кемегелерде асылуу турган жети-сегиз казанга толтура суу куйдум. От жактым.

Ушундай бир топ майда барат жумуштарды бүтүргөндөн кийин бир кезде Жапаркулдун буйругу боюнча кетейин деп жатсам:

— Эй баранчик! — деп бир солдат мага колун булгап калды. Бая мен күйпөңдөп бирдемелерди кылып жүргөн кезде бул солдат ары жакта бирөөнүн жанына барып, мени колу менен көрсөтүп, бирдеме деп сүйлөшүп жаткан. Алардын кыймылын алыстан көрүп көзүм чалып турган. Жанына бардым. Мага бир чоң кескен бөлкө менен бир эски көйнөк карматты.

Ошондо кубанганымды сөз менен айтып болбойт: талмадан жазылган адамдай кур оозумду ачып ырсая берипмин. Өмүрдө кишиден мындай сыйлык көрбөгөндөй болдум. Ошол кезде менин көйнөгүмдүн жыртыгынан кардым чердейип туруучу.

Муну алып кайра тартып калганда, Жапаркул мени жолдон чакырып алып, ичеги-карын болуп бир топ немелерди ороп берип үйгө алып кет деди. Анда Ыракымбайдын агасы:

— Эй коя турсаңшы, аналар бирдеңке деп жүрмесин,— деп башын көтөрүп, жаңкы мага көйнөк берген солдат жакка карады.

— Өздөрү «алгыла» дебедиби? — деди Жапаркул. Толгон олжону көтөрүп алып мен үйгө кайттым. Мен-

ден кийин тигилер да көп олжо менен келген экен. «Бечарага мындай кайрымдуу болорбу» — деп үйдөгүлөр кубанып жүрөт.

Большевиктер ушу күнү кечинде Кыргыз-Сайдагы казак-кыргыз малайларын жыйнап алып сөз сүйлөп-түр.

«Большевик-бузук! Большевик көрүнгөндү атып, асып, кыйратып отурат» — деп душмандар ушак тарат-кан. Большевик — көрүнгөнүн атпайт! Анын ата турган душмандары бар. Большевик силер өңдөнгөн бейбечарага, карыптар үчүн жаралган. Адам баласынын арманына бүткөн! Ал силер үчүн кашык канын аябайт. Биз жер үстүндөгү эзүүчүлөр менен байлар, помещиктер менен бүткөнчө күрөшүп эмгекчилердин жыргал өмүрүн жасайбыз. Адамзат жаралгандан берки арманыңарга жеткиребиз. Биз ошол үчүн жаралганбыз. Коркпогула! Өмүр бою силерди кулдукта кармап келгендер менен тартынбай күрөшүп, турмушуңарды түзөгүлө! Большевиктер алып берген энчиңерди жегизбей, теңдигиңерди алгыла. Мына, большевиктердин силерге бере турган сыйлыгы...— дегендей жалындуу, жандуу сөздөрдү сүйлөгөн.

Ал жерде отургандар жабыла көтөрүлүп үн салып: — Ой  айланайын!  Эрдигиңе  баракелде!! Арман

жок!..— деп күүлөнүп жерди күңгүрөтүп  казып тарашыптыр.

Эртеси карасак — көчө-көчөнүн баарында сайылып калган кызыл желек! Биз бада чогултчу көпүрөгө да желбиретип бирди сайып кеткен. Кыргыз-Сайдан тандап туруп кырк беш кишини атыптыр. Ошолор менен бирге опекун, атаман судьялар атылып кетти...

Ошентип большевиктер шашке ченде Ак-Сууну карай дүркүрөп берди.

25 страница10 января 2017, 08:43

Комментарии